WeChat      Избранное

Жаңы стратегия: Кыргызстан менен АӨБдүн кызматташтык алакасындагы жаңы этап

19/04/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Жаңы стратегия: Кыргызстан менен АӨБдүн кызматташтык алакасындагы жаңы этап

 Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Чжан Вэньцай Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда.

2018-жылдын март айында Кыргызстанга 2 күндүк иш сапары менен Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) вице-президенти Чжан Вэньцай келип кетти. Чжан мырза бул иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болду.

Бул жолугушууда кызматташуунун багыттары белгиленип, айыл-чарба, транспорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо, энергетика ж.б. тармактардагы алакалар тууралуу пикир алмашылды.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков, КРнын Каржы министри Адылбек Касымалиев, КРнын Экономика министри Артем Новиков жана кызматташтык байланышты өнүктүрүү багытында Өкмөттүн негизги өнөктөштөрү менен дагы жолугушуулар болду. 

27-март күнү Чжан мырза Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жаңы офисинин салтанаттуу ачылышына күбө болду. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын жогорку даражадагы кызмат адамдары менен биргеликте, өнөктөштүктү өнүктүрүү жана аткаруучу агенттиктердин өкүлдөрү, АӨБдүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Кэндис МакДэйган жана АӨБдүн кызматкерлери катышышты. 

Азия өнүктүрүү банкы жакынкы беш жыл аралыгында, 2018-жылдан 2023-жылга чейин кызматташуунун жаңы стратегиясын даярдап чыгууну пландаштырууда. Ошондуктан, АӨБдүн вице-президенти Чжан Вэнцайдын Кыргызстанга болгон бул иш сапарынын башкы максаты дагы ушул, жаңы өнөктөштүк стратегиясынын ийгиликтүү ишке ашуусу үчүн мамлекеттин жетекчилиги, министрлер менен биргеликте кеңешип, талкуулоо болуп саналды. 

Бул тууралуу толук маалымат Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн Тышкы байланыштар боюнча координаторлугу тарабынан берилди. 

Жаңы стратегия: Кыргызстан менен АӨБдүн кызматташтык алакасындагы жаңы этап

Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жаңы офисинин ачылыш аземинен бир көз ирмем. (сүрөттө солдон оңго карай: АӨБдүн вице-президенти Чжан Вэньцай, КРнын вице премьер-министри Санжар Муканбетов жана КРнын Каржы министри Адылбек Касымалиев)

АӨБ Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууда бардык жагынан жардам берүүгө даяр  

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 26-мартта Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Чжан Вэньцайды кабыл алды.

Жолугушууда Президент Сооронбай Жээнбеков негизги финансылык институттардын бири АӨБгө өлкөнүн экономикасын жана анын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруудагы жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен АӨБдүн 20 жылдык кызматташтыгынын жакшы тажрыйбасын белгиледи.

Чжан Вэньцай Азия өнүктүрүү банкы жакынкы беш жылга кызматташуу стратегиясын иштеп чыгып жатканын жана биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу максатында кыргыз тарап менен өнөктөштүктүн келечегин талкуулоо керектигин белгиледи. Ал АӨБ Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууда бардык жагынан жардам берүүгө даярдыгын ачыктады.

Мамлекет башчысы жакын арада 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоору кабыл алынаарын эске салды.

Ал АӨБ демилгелерди колдоо процессинде активдүү катыша турганына жана өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөр менен катар жардам көрсөтөөрүнө ишенимин билдирди.

Сооронбай Жээнбеков 2018-жыл Президенттин Жарлыгы менен “Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыяланганын жана анын алкагында дагы өлкөнү өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу багыттар аныкталганын, анын ичинде аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн, инфраструктураны, транспорт жолдорун, ирригациялык тармактарды жакшыртуу жана аймак тургундарын ичүүчү суу менен камсыздоо маселелери коюлганын эске салды.

Жаңы стратегия: Кыргызстан менен АӨБдүн кызматташтык алакасындагы жаңы этап

 Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Чжан Вэньцай Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков менен жолугушуу учурунда.

Өкмөттөн “Жаңы доорго кырк кадам” 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 26-мартта, Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Чжан Вэньцай менен жолукту.

Өкмөт башчы АӨБ Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу жардамын көрсөтүп, өлкөнүн маанилүү өнөктөшү болуп эсептелээрин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен кызматташуунун пландарын жана келечегин талкуулашты.

Премьер-министр “Жаңы доорго кырк кадам” Өкмөттүк программанын негизги багыттары жана аткаруудагы болуп жаткан жыйынтыктары тууралуу айта кетти. Сапар Исаковдун айтымында аны ишке ашыруу, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтык жүрүп жатат.

Премьер-министр салык процедураларын фискалдаштыруу жана өлкөнүн региондорун жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуу боюнча Өкмөттүн пландары тууралуу айтып берди. Аны менен катар Өкмөт башчы Премьер-министрдик кызматындагы приоритеттүү маселелеринин бири катары өлкөнүн “Таза Коом” долбоорунун алкагында санариптик экономикага өтүүсү болуп саналат деп өзгөчө белгиледи.

Мындан тышкары Премьер-министр Ош шаарын таза суу менен камсыз кылуу боюнча АӨБ долбоору техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу ишке ашпай калгандыгын белгиледи. Сапар Исаковдун айтымында бүгүнкү күндө тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан Ош шаарын таза суу менен камсыз кылуу боюнча жаңыланган долбоор даярдалып, буга байланыштуу ал АӨБ жетекчилигине бул маселени тез арада чечүү мүмкүнчүлүгү тууралуу кайрыла кетти.

Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Чжан Вэньцай бүгүнкү күндө банк тарабынан Кыргыз Республикасы менен жакынкы 5 жылга кызматташуунун планы иштелип жаткандыгын маалымдап, буга байланыштуу ал белгиленген мезгилге өз ара кызматташуунун приориттеттүү багыттарын аныктап алуунун маанилүүлүгүн белгилеп кетти.

Чжан Вэньцай АӨБ кыргыз өкмөтү менен энергетикалык тармак жана инфраструктура, суу менен камсыздоо тутумдарын жакшыртуу, билим берүү жана медицина боюнча кызматташтыкты улантууга даяр экендигин айтты.

Мындан тышкары, АӨБ жеке секторду өнүктүрүү, санариптик экономиканы кийирүү, экология жана жаратылыш кырсыктарынын натыйжаларын жумшартуу боюнча көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

КРнын Каржы министри А. Касымалиев АӨБгө ыраазычылык билдирди 

26-мартта Кыргыз Республикасынын Каржы министри Адылбек Касымалиев Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Чжан Вэньцай менен жолукту. 

Бул жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен АӨБдүн кызматташтык алакасы тууралуу сөз козголуп, айыл-чарбасын ирригациялоо жана суу менен камсыз кылуу маселерине басым жасалды. 

Каржы министри өз сөзүндө АӨБдүн делегациясына Кыргыз Республикасына социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүүдө көрсөткөн колдоосу жана жардамы үчүн КРнын Каржы министрлигинин атынан ыраазычылык билдирип өттү. 

“КРнын Өкмөтү 2040-жылга чейинки узак мөөнөттүү стратегиялык өнүктүрүү долбоорунун үстүнөн иштөөнү баштады. Жакынкы күндөрү бул документ Улуттук Кеңештин туруктуу өнүктүрүү багытындагы отурумунда дагы талкууланмакчы. Кыргыз Республикасы үчүн, дагы да болсо, башкы маселе катары: маалымат-коммуникациондук технологияларды өнүктүрүү, таза суу менен жер-жерлерди камсыз кылуу жана ирригациондук тармактарды жакшыртуу багыттары каралып келет”-деп, Каржы министри баса белгилеп өттү. 

Ал эми, АӨБдүн вице-президенти Чжан Вэньцай: “Кыргыз Республикасы менен АӨБдүн кызматташтык алакасы 24 жылдан бери жемиштүү болуп келе жатат. Учурда, АӨБ 2030-жылга чейин Өнөктөштүктү өнүктүрүү стратегиялык долбоорун даярдоодо. Ушул долбоордун алкагында Борбордук-Азия аймагында, муну менен катар Кыргыз Республикасында дагы жакырчылыкты жоюу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү багытындагы долбоорлорду көбөйтүү жана жаңы багыттарды ичине камтыган, биргеликте иш алып барган кызматташуулар тармагындагы байланыштарга колдоо көрсөтө бермекчи”-деген оюн билдирди. 

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)