WeChat      Избранное

Каниет Курманбек уулу: “Ийгиликтин ачкычы бул-билим экендигин кытай эли билет”

19/04/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Каниет Курманбек уулу: “Ийгиликтин ачкычы бул-билим экендигин кытай эли билет”

Курманбек уулу Каниет, кытай студенттерине сабак өтүп жаткан учуру.

Бүгүнкү биздин дүйнө тааным рубрикасынын коногу Каниет Курманбек уулу. Ал өзү Кытай жергесинде 12 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап, кытай студенттерине англис тилин үйрөтүп келет. Каниет агай бизге, Кытай жөнүндө, коңшу мамлекеттин билим берүү системасындагы өзгөчөлүктөр жана жергиликтүү калктын кулк-мүнөзү тууралуу кызыктуу маек куруп берди. 

-Каниет агай, алгач өзүңүз тууралуу маалымат берип кетсеңиз? 

-Мен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылынан болом. 9-класска чейин айылда билим алып, андан соң Каракол шаарында жаңы ачылган Токтогул лицейинен окуумду уланткам. Студенттик күндөрүм Бишкек гуманитардык университетинде өткөн. Өз кесибим боюнча англис тилчимин. 

Азыркы учурда, Кытай Эл Республикасынын Нанкин Технологиялык институтунда эмгектенип келем. Бул жакта 2014-жылдан бери иштеп келе жатам. Келинчегим, дагы билим берүү компанияларынын биринде иштейт. Үч балабыз бар. Эки кыз, бир уул. Улуу кызыбыз азыркы тапта, Италияда билим алууда. Ал эми, кичинекейлерибиз өзүбүз менен бирге. 

-Эмне себептен Кытай Эл Республикасында иштөөнү чечтиңиз эле, кандайча ал жакка барып калдыңыз?

-Эми, бул чындыгында абдан кызык. Жогорку окуу жайын аяктаган соң, эл аралык уюмдарда иштеп калдым. Университетте окуп жүргөндө деле “Кытайда иштеп калам”-деген ой үч уктасам түшүмө кирген эмес. 

Мен Баткен облусунда, Германиянын бөлгөн каражатынын негизинде аткарылып жаткан долбоордун үстүнөн иштеп жүргөн кезимде, жетекчим менен дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктар, акыркы тенденциялар тууралуу көп маектерди кураар элек. Ошондой маектердин биринде, ал киши Кытай тууралуу дагы абдан жакшы оюн билдирип, ал жакта өзү дагы бир жарым жылдай иштеп кеткендигин айткан эле. Анан тил боюнча, Кытайдын экономикалык өсүшү тууралуу сөздөр болду. Мен тил жагынан билим алсам дагы, окууну бүткөндөн кийин экономиканы өнүктүрүү жаатында көбүрөөк иштеп калдым. Анан жетекчимден Кытай тууралуу уккандан кийин, бул мамлекетке болгон кызыгуум пайда болду.

Мындан сырткары, 2005-жылы Кыргызстанга бажам келип калды. Ал ошол учурда Кытайда иштейт эле. Ошондо, ал “Эгерде кызыгууң болсо, Кытайга келип жарым жылдай иштеп кет, эч болбосо Кытайды кыдырып, эл-жерин таанып кетесиң” деген оюн айтып калды. 

Ошентип, бажам аркылуу, ал иштеген компания менен байланыштым. Алгач, алар менден интернет аркылуу маектешүү өткөрүштү. Ошонун жыйынтыгы менен, алгачкы жолу Кытай жергесине билим берүү тармагына иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул 2006-жылдын декабрь айы болчу, андан бери 12 жыл өттү. Чындыгында, башында келгенде мен, эң көп десе бир жыл же бир жарым жыл турабыз деп ойлогом. Кыздарыбыз дагы мектеп жашында болгондуктан кытай тилин өздөштүрүүгө дагы мыкты мүмкүнчүлүк деп келгенбиз.

Мындан сырткары, ошол учурда, Америкага дагы окууга өткөм. Окуунун 30 проценттик каржысын өзүм төлөшүм керек болуп, акча жаатынан да бираз кыйналып жаткам. Мына ушул себептен дагы, окуумду бир канча убакытка жылдырып, бираз акча топтоп алып, Кытайдан Америкага кетүү планым бар болчу. 

Бирок, 1-1,5 жылда кытай тилин үйрөнүп чыгуу балдарыбыз үчүн жетишсиз болду. Андан соң, Америкага окууга кетүү планымды алмаштырдым. Анткени, балдарыбыздын татыктуу билим алуусу биринчи орунда турат эле. Мына, эми азыр, балдарыбыз өз эне тилинде дагы, кытай, англис тилдеринде дагы эркин сүйлөй алышат. Кошумча башка тилдерди дагы өздөштүрүп келишет. 

Каниет Курманбек уулу: “Ийгиликтин ачкычы бул-билим экендигин кытай эли билет”

“Кытай жергеси апама дагы абдан жакты”.

-Кытай жергесиндеги эмгек жолуңуз, ишмердүүлүгүңүз тууралуу кенен маалымат бере кетсеңиз?

-Эң биринчи Кытайдын Хубэй провинциясына келгенбиз. Ал жакта, билим берүү багытында адистешкен компанияда англис тил курстарында сабак берип иштедим. Ал компаниянын карамагында башталгыч 1-6-класстар, орто 7-9-класстар жана бүтүрүүчү 10-11-класстар бар эле. Англис тил курстары кечкисин гана каалоочуларга берилчү. Кийин мен мектепке окуучуларга сабак бере баштадым. Чындыгын айтканда, Кытайдын билим берүү системасынын бардык баскычтарын басып өттүм десем болот. Бул, албетте, мен үчүн чоң тажрыйба болду.

Кийин, улуу кызым “Нанкин шаарында орто мектепти окуйм”-деп өзү демилге көтөрүп, ушул шаарга кетти. Бир жылдан кийин, биз дагы кызымдын жанына, азыркы жашап жаткан аймакка көчүп келдик. Топтогон тажрыйбам, алган билимимдин арты менен Нанкиндеги Аудит университетинде иштөөгө мүмкүнчүлүк алдым. Ал жакта 2012-2014-жылдары иштедим. Бул аралыкта башка университеттерде, Нанкин университетинде дагы кыска мөөнөттүү курстарды өтүп жүрдүм. 

2014-жылдан берди, жогоруда айтып өткөндөй Нанкин технологиялык институтунда окутуучумун. Чет элдик мугалимдер арасында координаторлук кызматты дагы аркалайм. Иштеген жерим жашаган жерибизге, балдарыбыздын мектебине дагы жакын. Ошондуктан, ушул институтта эмгек жолумду улантуудамын. 

“Мени, кытай элинин маданиятында, тарыхында абдан бекемделип, калыптанып калган мугалимге болгон өзгөчө сый-урмат абдан кубандырат” (подзаголовок)

-Өзүңүз дагы билим берүү тармагында көп жылдан бери иштеп жүрөсүз, Кытайдын билим берүү системасы, андагы өзгөчөлүктөр тууралуу айтып бересизби?

-Мен алгач, келгенде Кытай Эл Республикасынын билим берүү системасындагы кээ бир элементтер советтик билим берүү системасына окшош экендигин байкагам. Ал эми, ушул 12 жылдын аралыгында билим берүү тармагында реформалар абдан көп жүрүп жатат. Ушунча көп сандуу калк арасында, чындыгында, реформа жүргүзүү абдан оор. Бирок ошого карабастан, өзгөрүүлөр, өнүгүүлөр билим берүүнүн бардык тармактарында өтө тездик менен ийгиликтүү жүрүп жатат. 

Кытай жергесинде окууга өзгөчө көңүл бурулат. Окуучулар кайсы учур болбосун китеп окуу, билим алуу менен алек. Кытай элинин абдан эмгекчилдиги, өзгөчө билим берүү жаатындагы окуучулардын тырышчаактыгы, талыкпастан билим алгандыгы мени абдан таң калтырат. 

Билим алууга болгон умтулуунун арты менен, алар коомдогу кандайдыр бир терс көрүнүштөрдөн оолак болушат. Себеби, жаш муун жалгыз гана билим менен алаксып, эртеден кечке китептен башын көтөрбөй окушат. Ошондуктан, терс жолдорго барууга, жаман сапаттарга ээ болууга убактылары дагы жок. Сабак менен гана алектенишет. Бул эң жакшы көрүнүш деп ойлойм. 

Дагы өзгөчөлүктөрү тууралуу айта турган болсом, жогорку окуу жайына чейинки билим берүү системасында милдеттүү түрдө бала билим алуусу керек деген шарт бар, бирок ошол эле учурда ар бир баланын аркасынан кууп, “оку”-деп чуркаган, контролдогон система жок. Себеби, коом, ата-эне баланын келечектеги ийгилиги, жетишкендиктери алган билимине жараша болорлугун жакшы түшүнүшөт. Ошондуктан, колдон келишинче татыктуу билим алууга бардыгы аракет кылышат.

Студенттер арасында дагы ушундай эле көрүнүш, убактысын текке кетирген студенттерди дээрлик көрбөйсүң. 

Кытай Эл Республикасындагы жалпы билим алып жаткан окуучулардын, студенттердин негизинен математикалык жөндөмдүүлүктөрү абдан жогору өнүккөн. Себеби, бала бакчадан баштап эле ушул так илимдер жаатына өзгөчө көңүл бурулат. 

Мени, кытай элинин маданиятында, тарыхында абдан бекемделип, калыптанып калган-мугалимге болгон өзгөчө сый-урмат абдан кубандырат. Бул жакта, коомдун, элдин мугалимге болгон көз карашы абдан жогору. Кытайдын бардык жагында билим берип, ушул кесипти аркалаган адамдар кадыр-барктуу, нарк-насилдүү. 

Балким, менин дагы ушул жерде 12 жылдан бери эч жакка кетпестен, эмгектенип келе жаткандыгымдын себеби да ушул сый-урмат, кытай элинин эмгекти барктай билүүсү болсо керек. 

-Кытайдын кайсы шаарларында болдуңуз эле, аймактарынын айырмачылыктары тууралуу окурмандарга кеп салып берсеңиз? 

-Чындыгын айтсам, ушул Кытай жергесинде иштеген 12 жыл аралыгында, саякатка чыгып же башка шаарларына эс алууга барган учурларым анчалык көп болгон жок. Эми, башкы аймактарынын басымдуу бөлүгүндө болуп келгем. 

Менин байкоомдо, түндүк менен түштүктүн айырмасы кадимкидей билинет. Элдин жашоо образы, жада калса тулку-келбетинин түзүлүшүнө чейин өзгөчөлөнүп турат. Канчалык түндүк жакка жакындаган сайын, бул аймактардын элдери олбурлуу келишет экен. Ушул жактын элдеринде кытайдын нукура салттары, сапаттары сакталып калгандай таасир калтырат. Себеби, бул жакка сырттан келгендер аз болгон, башка элдер менен көп аралашкан эмес.

Жер-жерлердеги элдердин тилиндеги, сүйлөөсүндөгү айырмачылыктар дагы кескин байкалат. Жада калса, ар башка провинцияда жашаган кытай эли өздөрү дагы бир-бирин толук түшүнүшпөйт. Бирок, ошентсе да бардыгы “путунхуа” тилинде билим алып, окушат. Ушул адабий тилде иштеп, бир-бири менен эркин баарлаша алышат. Шаарлары аябагандай чоң. Ар бир жердин өзүнө гана тиешелүү өзгөчөлүктөрү бар.

Каниет Курманбек уулу: “Ийгиликтин ачкычы бул-билим экендигин кытай эли билет”

Шанхай шаарынан бир көз ирмем. 

 Ошол эле тамак-аш жаатындагы айырмачылыктарды айта кетсек болот. Бир эле провинцияда жайгашкан эки шаардын каада-салттары, жөрөлгөлөрү дагы окшош эмес болушу мүмкүн. Бардыгыбыз билгендей Кытай Эл Республикасында 56 улуттун өкүлдөрү жашайт. Ошондуктан, Кытайдын ар бир шаары өзгөчө таасир калтыра алат. 

Бир гана аймакты жакшы билүү, бул Кытайды толук билүү дегенди түшүндүрбөйт. Чындыгында, анын ар бир аймагынан жаңы бир жөрөлгөнү, каада-салтты, кээде таң калтырган, кээде кызыктырган көнүмүш адаттарды да жолуктурууга болот.

Мисалы, Шанхайдын жашоочуларын, элин Кытайдын ичинде абдан бой көтөргөн, текеберсинген эл катары айтып калышат. Ал жактын жашоочулары Шанхайлык болгондугуна абдан сыймыктанышат. “Сырттан келгендерди анчалык жактыра беришпейт”-деп жергиликтүү эл өздөрү дагы мойнуна алышат. Чындыгында, Шанхай дүйнөгө аты чыккан, тарыхта аты бар белгилүү аймак. Мүмкүн ошондуктанбы, эли сырттан келгендерге бираз салкын мамиле кылышат. 

Анан, албетте, байыркы кытайдын тарыхый архитектурасына тиешелүү элементтер бардык жерде кездешет. Кытайдын маданиятын, тарыхын, эски менен жаңынын айкалышып, биригүүсүн кошуна элдин бардык аймактарынан көрүүгө болот. 

-Кытай элинен, студенттеринен баалаган сапатыңыз?

-Кытай студенттеринде болобу, элинде болобу мен баалаган эң башкы сапаттар булар-жөнөкөйлүк жана толеранттуулук. Себеби, ушунча жыл Кытайда жүрүп, адамдар ортосундагы пикир келишпестикти, конфликтти өтө бир кескин ыкмалар менен чечкен учурларын байкаган жокмун. Аларда кечиримдүүлүк сапаты дагы мыкты өнүккөн. 

Кандай гана жетишкендиктерди көрсөтүп, ийгиликтерди багынтса дагы кытай эли, абдан жөнөкөй болушат. Бул эми, менин айлана-тегерегимдеги адамдардан улам байкап, өз көзүм менен көрүп чыгарган чечимимдин жыйынтыгы десем болот. 

Мындан сырткары, азыркы учурда, кытай элинде, коомунда аялзатына болгон сый-урмат өзгөчө. Кытай студенттери абдан окууга дилгир, эмгекчил келишет. Бош болгон күндөрүн дагы китепканада өткөрүшөт. Ушул сапаттарын абдан баалайм. 

Мен дагы өзүбүздүн кыргыз жаштарга, студенттерибизге дагы айтаар элем, иштермандык, эмгекчилдик, тырышчаактык сапаттардын арты менен чоң-чоң ийгиликтерди жаратууга болот. Эң негизгиси, татыктуу билим алып, көздөгөн максатка аздан болсо да умтула берүү керек. 

-“Бир алкак-бир жол” долбоору тууралуу сиздин оюңуз?

-Чындыгында, бул долбоордун мааниси абдан зор. Анын түпкү маңызы бул Евразия, Азия чөлкөмдөрүнүн экономикалык карым-катнашын күчөтүү болуп эсептелинет. Бул Байыркы Улуу Жибек жолунун доктринасына кошумчаланган, жалпылап бириктирилген долбоор десек да болот. 

Эгерде менин коңшумда бардыгы жакшы болсо, менде дагы жакшы болот, ал эми, анда абал начар болуп турса, анын терс таасири дагы мага тийбей койбойт эмеспи. Ошондуктан, бул демилге бардыгыбызга пайдалуу. Ал жалпы коомчулукка белгилүү болгондон бери өз нугунда ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Мамлекеттер аралык экономикалык карым-катнашты бекемдөө менен бирге, коопсуздук тармагына дагы терең көңүл бөлүнүп келет. 

Кыргызстан үчүн пайдалуу жактары көп. Эки тараптуу кызматташууну күчөтүүгө дагы өбөлгө болот деп ишенем. Эң биринчи иретте, экономикалык багытта бизге пайда көп болот эле. Айыл-чарба тармагын, майда ишкердикти өнүктүрүүдө дагы өз салымын кошмокчу. 

Мен бул жерден туризмди өзгөчө баса белгилеп айтып кетет элем. Себеби, Кыргызстандын жети облусунда тең туризм тармагын өнүктүрүп, иштетүүгө мүмкүнчүлүктөр кенен. Ушул себептен, “Бир алкак-бир жол” долбоорунун негизинде, ушул багытта иш-чараларды өткөрүп, аны туура пайдалана алсак, биздин экономикабыз үчүн дагы бир пайда алып келет деп ишенем. 

Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы ортосунда ар тараптуу кызматташууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар, жол ачык. Жөн гана туура максат коюп, мыйзам чегинде, эки тараптуу кызматташуунун негизинде иш алып баруубуз керек. 

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)