WeChat      Избранное

Эльдар Таджибаев: “Акыркы жылдары кытай компаниялары менен тыгыз иш алып баруудабыз”

12/04/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Эльдар Таджибаев: “Акыркы жылдары кытай компаниялары менен тыгыз иш алып баруудабыз”

Иш үстүндө.

Учурда, Кыргызстанга сырттан келген инвесторлорго өзгөчө көңүл бурулуп, аларга биздин жерде өз ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү маселеси мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүп жатат. Чет элдик ишкерлер үчүн коюлган талаптар жеңилдетилип, бир канча мамлекеттик мекемелер дагы инвесторлорго жардам көрсөтүү жоопкерчилиги алдында иштерди алып барууда. 

Кыргыз Республикасынын Тоо-кен металлургия кесиптик бирлигинин Борбордук Комитети дагы ушул багытта иштерди жүргүзүп, жумушчулар менен инвесторлор ортосундагы социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу менен бирге эки тарапка тең жардамчы болуп, өз көмөгүн көрсөтүп келет. 

Ошондуктан, бүгүн биз КРнын Тоо-кен металлургия кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин Төрагасы Эльдар Таджибаев менен Борбордук Комитеттин жүргүзгөн ишмердүүлүгү тууралуу маек курдук. 

- Эльдар Абдухалилович, алгач Тоо-кен металлургия бирлигинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат бере кетсеңиз? Аталган бирлик биздин жергеде качантан бери иштеп келе жатат?

-Биздин жергеде эң биринчи профсоюздар 1905-жылы Кызыл-Кыя, Таш-Көмүр шахталарында пайда болгон. Ал эми, Тоо-кен металлургия кесиптик бирлиги 1984-жылы тармак катары уюштурулган. Азыркы тапта болсо, Кыргыз Республикасынын Тоо-кен металлургия кесиптик бирлигинин Борбордук комитети аталышында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.

КРнын Тоо-кен металлургия кесиптик бирлиги, учурда, 60 уюмдун башын бириктирип турат. Негизинен, Кыргызстандын бардык аймактарында тоо-кен уюмдары жайгашкан. Кесиптик бирликтин жалпы мүчөлөрүнүн саны 27 миң адамды түзөт. Бул жакка өндүрүшчүлөр, кызматкерлер жана тейлөө уюмдары кирет. 

Кыргыз Республикасынын Тоо-кен металлургия кесиптик бирлигинин негизги иш жүргүзүү багыты бул-тоо-кен тармагын өнүктүрүү, ушул багытта иш алып барган уюмдарга, компанияларга колдоо көрсөтүү, аларга мамлекеттик мекемелер менен байланышууга, кандайдыр бир уруксат кагаздарын алууга, документтерин бүткөрүүгө жардам берүү жана ошондой эле жергиликтүү калк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү болуп эсептелет. Мындан сырткары, социалдык-эмгек мамилелерин, жетекчилик менен катардагы жумушчулар ортосундагы алаканы жөнгө салуу дагы биздин башкы максаттарыбыздын бири. Башкача айтканда, жетекчилик менен жумушчунун ортосундагы укуктар жана милдеттер чектен ашпай, бир калыпта сакталып, мыйзамдын негизинде иштердин аткарылуусуна көзөмөл кылып турабыз. 

Эльдар Таджибаев: “Акыркы жылдары кытай компаниялары менен тыгыз иш алып баруудабыз”

Эльдар Таджибаев.

Эгерде, уюмда профсоюз болбосо, анда эч кандай тартип сакталбайт. Ар түрдүү мүчүлүштүктөр, түшүнбөстүктөр ортого чыгып, эки тарапка тең жагымсыз окуялар болуп кетиши толук мүмкүн. Ал эми, профсоюз жумушчулар менен компаниянын ортосунда ортомчу болуп, кандайдыр бир деңгээлде элчилик милдетти дагы аткарат. Ушундай жол менен социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салууга жардамчы болот. Бул профсоюздун башкы милдеттеринин бири. 

Мындан сырткары, албетте, жумушчулардын эмгек шарттарын жакшыртуу, кызмат ордундагы коопсуздук, техникалык коопсуздук маселелелерин көзөмөлгө алуу, санитардык-гигиеналык шарттарынын, эмгекти коргоо талаптарынын аткарылышы жаатында дагы иштерди аткарып келет. 

Тоо-кен ишканалары негизинен, нөөмөт ыкмасы менен иштешет. Мисалы, айдын 15 күнү иштесе, 15 күнү эс алышат. Мына ошол, 15 күн иштөө учурунда, жумушчуларга иштөөгө, жашоого ыңгайлуу шарттары, тамак-ашы, медициналык жардам кызматы талапка ылайык болуусун карап туруу дагы биздин уюмдун милдеттеринин бири. 

Жалпылап айтканда, социалдык-экономикалык, техникалык уюштуруу, дарылоо жана башка иш-чараларды ичине камтып турган, иш убактысында жумушчулардын өмүрү менен саламаттыгын сактоо боюнча аткарылчу чаралардын ишке ашуусуна көмөктөшөбүз. 

Компаниянын ишинин ийгиликтүү болуусунун бирден-бир ачкычы бул-жумушчулар. Жумушчулардын канчалык деңгээлде эмгек потенциалы күчтүү болуп, алардын иштөөсүнө мыкты кам көрүлсө, татыктуу айлык-акысы болсо, ошондо гана ишкананын иши илгерилеп, жумушчулар дагы так иштеп, жакшы жыйынтыктарды көрсөтө алышат деп ишенем. Мына, дал ушул талаптарды, шарттарды ишке ашыруу менен биздин бирлик алектенет. 

-Сырттан келген компанияларга дагы кандай колдоо көрсөтүп келесиздер?

-Биз, өзүбүздүн өнөктөштөр болгон ишканалардын жетекчилери менен жолугушууда, биринчи кезекте коопсуздук маселесине токтолобуз. Бул маселеге ар дайым дыкаттык менен менен көңүл бурулуусу шарт. Мындан сырткары, компанияларга иш күн тартиби, кызматкерлердин функционалдык милдеттери, эмгекти коргоо сыяктуу ички документтерин мыйзамга ылайык тартипке келтирүүгө дагы жардамчы болуп келебиз. 

Тоо-кен металлургия кесиптик бирлиги адистерди даярдоо багытында дагы иштерди алып барат. Мисалга алсак, ЖЧК“Алтынкен” компаниясынын кытай адистери үчүн биз атайын эмгекти коргоо багытындагы семинарларды өткөрдүк. Мындан сырткары, маданий-массалык иш-чараларды, спорттук оюндарды, ар түрдүү сынактарды, сулуулук конкурсун дагы уюштуруп жүрөбүз. Жумушчулардын ден соолугуна кам көрүү максатында, санаторийлерге путевкалар менен дагы камсыз кылып келебиз. Кызматкерлерибизге акчалай жардам көрсөтүү пункттары дагы каралган. 

Ушуну менен катар, мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн үстүнөн дагы иштейбиз. Анткени, кээде, компанияга толук кандуу ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн кандайдыр бир мыйзамдар тоскоол болуп калган учурлар кездешет. Ошондой кездерде биз, Өкмөткө, Жогорку Кеңешке кайрылуу жасап, өз мыйзам долбоорубузду сунуштайбыз. 

Бул аткарылган иштердин негизги максаты Кыргызстанга инвесторлорду тартуу, аларга өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп кетүүсүнө көмөк көрсөтүү болуп эсептелет. 

Эльдар Таджибаев: “Акыркы жылдары кытай компаниялары менен тыгыз иш алып баруудабыз”

ЖЧК “Алтынкен” компаниясынын иш баштоо күнүнөн бир көз ирмем.

-Бирликтин жүргүзгөн ишмердүүлүгүнүн негизинде, инвестицияларды тартуу багытында дагы бир нече иштер аткарылды деп калдыңыз, ушул өңүттө кеп салып берсеңиз? 

-Мурунку кезде, тоо-кен тармагы бир нече мамлекеттик органдардын башкаруусунда болуп, кыйла эле тоскоолдуктарга учурап келген. Башында турган органдар көп болгондуктан, компаниялар үчүн ар тараптуу кыйынчылыктар жаралган. 

Ошондуктан, биз бул кырдаалды изилдеп чыккан соң, Өкмөткө, депутаттарга калыптанган структураны өзгөртүү, Мамлекеттик геология агенттигин министрликтин статусуна чейин көтөрүү сунушу менен кайрылганбыз. Мына, ушундай иш жүргүзүүнүн негизинде, үч жыл мурун, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети түзүлүп, өз ишмердүүлүгүн баштаган. Ошондон баштап, тоо-кен тармагын башкаруу ыйгарым укуктары толугу менен Комитетке өткөрүлүп берилген. Бул тармакта иштерди жүргүзүү дагы бир топ жеңилдеди. Биз дагы Комитет менен абдан тыгыз кызматташтыкта иш жүргүзүп келебиз. Муну аткарган иштерибиздин алгачкы жетишкендиктеринин бири деп койсок болот. 

Андан соң, жалпы эле кен казуу, иштетүү багытындагы мыйзам долбоорлоруна киргизген өзгөртүүлөр, кошумчаларыбызды айтсак болот. Мисалы, лицензияларды берүүдө. Мурун лицензиялар ишкерлерге толугу менен бекер берилип, компания лицензиянын бланк кагазы үчүн гана 300 сом төлөп келген. Ушундан улам, миңдеген компаниялар кен байлыктарды иштетүү укугуна ээ болуп калышкан. 

Бирок, ал ишканаларда кен казуу үчүн эч кандай акчалай каражат, техникалык жабдыктар да болгон эмес. Алар жөн гана, лицензияларды алып коюп, бир канча убакыт өткөн соң кымбат баага сатууну максат кылышкан. Андан соң, кен байлыктарды иштетүү системасындагы мыйзам долбоорлордун реформасынан кийин, бул багытта дагы бир топ өзгөрүүлөр болду. 

Эми, лицензиялар конкурс, аукцион жана түздөн-түз сүйлөшүү жолдору аркылуу гана компанияларга берилет. Конкурска дагы каалаган эле компаниялар катыша албайт. Катышуу үчүн сөзсүз түрдө акча-каражаты бар, кен казууда тажрыйбалуу, бардык тараптан камсыз болгон ишканалар гана катыша алат. Башкача айтканда, конкурстан жеңип чыккан компания иш баштайт деген гарантия бар.

Мында сырткары, кандайдыр бир себептерден улам, лицензияны иштетпесе, анда жаза катары чоң суммадагы акчаны бюджетке төлөө чечими каралган. Бул дагы белгилүү бир деңгээлде аткарган ишибиздин жыйынтыктарынын бири. 

Ал эми, үчүнчүсү бул жергиликтүү калк менен сүйлөшүү иштерин жүргүзүү десек болот. Бардыгыбыз билгендей, 2010-2012-жж. жергиликтүү калк менен инвесторлордун ортосундагы түшүнбөөчүлүктөр, чыр-чатактар абдан көп болгон. Жол тосуу, ишкерлерди сабоо, компаниялардын техникалык жабдыктарын тартып алууга чейин барган окуяларды угуп жүрөбүз. Ал эми, мамлекеттик Комитеттин түзүлүшү менен, жергиликтүү калк менен иштешүүгө, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө дагы көп мүмкүнчүлүктөр пайда болду.

Муну менен бирге биз дагы ушул багытты активдештирип, өзгөчө басым жасап иштей баштадык. Ушундай түшүнбөөчүлүктөр жаралганда, жер-жерлердеги биздин уюмдун өкүлдөрү дагы жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет. 

Эльдар Таджибаев: “Акыркы жылдары кытай компаниялары менен тыгыз иш алып баруудабыз”

“Биздин уюм ичинде ар түрдүү спорттук мелдештер уюштурулуп турат”.

“Сырттан келген инвестор так жана таза иштөөсү зарыл” 

-Жергиликтүү калк менен инвесторлордун ортосундагы түшүнбөөчүлүктөрдүн келип чыгуусунун башкы себептери жана аларды чечүүнүн жолдору кандай деп ойлойсуз?

-Эң башкы себептердин бири бул жергиликтүү калктын жаратылышка, экологияга болгон кам саноосу. Кен казуу иштери, табияттын бузулушуна алып келет деген ишеним. Бул дагы болсо, маалыматтын жетишсиздиги десек болот. Эл арасында түшүндүрүү иштеринин жүргүзүлбөгөндүгүнөн ушундай кырдаалдар келип чыгууда. 

Ошондуктан, компания, мамлекеттик мекемелер калк менен жолугушууларды өткөрүп, атайын презентацияларды даярдап, маалыматты толук кандуу жеткирүүсү абзел. Презентация жалпак тил менен жазылып, кен казуу процесси кандай ыкма менен ишке аша тургандыгын элге жеткиликтүү түшүндүрүү керек. Бул биринчи себеп, экинчиси болсо, ошол ишкананын ишмердүүлүгүнүн арты менен калкка кандай пайда келээри тууралуу дагы маалыматтын аздыгы. 

Чындыгында, инвестиция келген аймакта жашаган эл үчүн анын пайдалуу жактары абдан көп; жумушчу орундардын түзүлүшү, бюджетке түшкөн салыктын көбөйүшү, жергиликтүү инфраструктуранын өнүгүшү ж.б.у.с. Ал эми, үчүнчү себеп бул элде маалыматтын аз болгондугунан, элдин ишениминен, намыскөйлүгүнөн пайдаланып, өз кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, кош саясат жүргүзгөн кээ бир жарандарыбыздын болушу. 

Мындан сырткары, кээ бир учурларда сырттан келген инвесторлордун дагы иштеринде кемчиликтер болот. Мисалы, чет элдик жумушчулардын саны келишимдин негизинде аз болуусу керек болсо, иш жүзүндө санынын арбын болуусу сыяктуу маселелердин жаралышы. Мына, ушундай себептерден улам, сырттан келген инвестор менен жергиликтүү калктын ортосунда түшүнбөөчүлүктөр пайда болуп келүүдө. 

Ушундай жагымсыз кырдаалдар болбоосу үчүн, инвестор так жана таза иштөөсү, мыйзамды сыйлоосу керек. Жергиликтүү аймакта тартиптин сакталышы зарыл. Бизге сырттан келген инвесторлор коопсуздугунан эч кам санабашы керек. 

 Эң негизгиси, сырттан келген ишкерлердин кыргыздын менталитети, каада-салты, маданияты тууралуу маалыматы болушу абзел. Биз дагы өзүбүз тараптан ар дайым ишкерлерге кеп-кеңешибизди берип, маалыматтарды таркатып, жардамыбызды көрсөтүп келебиз. 

Эльдар Таджибаев: “Акыркы жылдары кытай компаниялары менен тыгыз иш алып баруудабыз”

“Окутуу иштери дагы өткөрүлүп турат” 

-Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы байланыш кызматташтыгы тууралуу оюңузду билдире кетсеңиз?

-Кытай Эл Республикасы жеке гана бай мамлекет болбостон, ал экономикасынын динамикалуу өөрчүүсү, технологиянын, өндүрүш иштеринин өнүгүүсү, илим жаатындагы жетишкендиктеринин арты менен дүйнөдөгү алдыңкы державалардын катарын толуктап келет.

Ошондуктан, коңшу эл менен кызматташтык алакабызды бекемдеп, алардын тажрыйбасын үйрөнүп, бардык тармактарда алакабызды бекемдөө зарыл. Акыркы жылдары биз кытай компаниялары менен абдан тыгыз иш алып баруудабыз. Тоо-кен тармагынын алтын өндүрүү багытында жалпы 300дөн ашуун лицензиялар ишкерлерге берилген. Булардын басымдуу бөлүгү кытай компанияларына таандык. Биз сырттан инвестициялардын келүүсүн ар дайым колдойбуз. Эң негизгиси, таза жана так иштеген компаниялар болуусу шарт. 

Бизде, тилекке каршы, ички инвестициялар жетишсиз. Ошондуктан, сырттан инвестицияларды тартуу заман талабы. Ал эми, Кытай коңшу мамлекет, экономикасы күчтүү өлкө катары бизге инвестор болуусу бул жакшы нерсе. Ал кошуна мамлекет катары биздин жерде дагы стабилдүүлүк, тынчтык болуусун каалайт. 

Бардыгыбыз билгендей, Кытай жергесинде дагы этникалык кыргыздар жашайт. Ал жакта, кыргыздардын маданияты жогору бааланып, “Манас” изилдөө борбору дагы өз ишмердүүлүгүн ийгиликтүү жүргүзүп жаткандыгын көрүп жүрөбүз. Биздин канчалаган жаштарыбыз Кытайдын жогорку окуу жайларында билим алып жатышат. Бардык тармактарда кызматташуу жүрүп жатат. Бул алакалар эки тарапка тең пайдалуу. 

Биз Кытай менен иштешүүгө кандай кызыкдар болсок, кытай тарап дагы биз менен кызматташууга ошондой эле кызыкдар. Себеби, инвестиция кылуу үчүн жаңы аймак, жаңы рынок дегендей. Кыргызда “Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык” деп коет эмеспи, ошондуктан, тынчтыкта, экономикалык, саясий стабилдүүлүктө жашаган кошуна ар дайым ишенимдүү өнөктөш болуп эсептелет. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)