WeChat      Избранное

Студенттерге кытай тилин тереңдеп үйрөтүү үчүн ташталган мыкты кадам

19/04/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Студенттерге кытай тилин тереңдеп үйрөтүү үчүн ташталган мыкты кадам

Учурда, кытай тилин үйрөнүп жаткан жаштарыбыздан саны күн санап өсүүдө. Дүйнөдөгү бирден-бир оор тилдердин катарына кирген бул тилди өздөштүрүү жеңил эмес экендиги баарыбызга маалым. Ошондуктан, кытай тилин үйрөтүп жаткан билим берүү мекемелери студенттерине аны тереңдеп үйрөтүү үчүн бардык жактан кам көрүп, өз жардамын берип келет. 

Булардын катарында, Кыргыз-Түрк “Манас” университети дагы бар. Билим берүүгө ар дайым өзгөчө көңүл буруп, студенттерине сапаттуу билим берүү системасы менен айырмаланган “Манас” университети, бул жолу дагы кытай тилин өздөштүрүп жаткан студенттери үчүн мыкты шарт түзүп берди. Университеттин Студенттик сайтында апрель айынан баштап кытай тилинде дагы жаңылыктарды окууга, маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. 

Мына ушул, жагымдуу жаңылык тууралуу биз менен КТУ “Манас” университетинин Кытай тили жана адабияты бөлүмүнүн алдыңкы студенттери ой бөлүштү. Алар жаңылыктарды кытай тилине которуу иштери менен дагы алектенээрин кеп кылышты.

Токтобай кызы Жылдыз, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Кытай тили жана адабияты бөлүмүнүн 4-курсунун студенти: 

“Сайт аркылуу кытай студенттери жана мугалимдери окуу жайыбызда болуп жаткан ар бир жаңылыктан кабардар боло алышат” 

- Биздин сүйүктүү окуу жайыбызда студенттер сайтынын кытай тилинде дагы жарык көрүп жатканын эң жакшы саамалык деп эсептейм. Бул кадам, кытай тилин үйрөнүп жаткан студенттер үчүн, тилди тереңдеп үйрөнүүгө, өнүктүрүүгө жаңы жолдорду ачты десем жаңылышпайм. Анткени, кытай тилин өздөштүрүп жаткан студенттер кабарларды кытай тилине которуу менен бирге, бул багытта дагы билимин бекемдей алышат. Муну менен катар, университетте окуган кытай студенттери жана мугалимдери окуу жайыбызда болуп жаткан ар бир жаңылыктан кабардар болуп тура алышат.

Ал эми, котормо иштерине келсек, иш башында, кыйынчылыктар болду. Кытай тилинде мааниси жагынан бир-бирине окшош сөздөр көп, ар бир сөздүн өзүнүн синоними, өзүнө тиешелүү этиш сөздөрү болгондуктан, албетте, кыйынчылыктар жаралды. Бирок, кытай тилинен берген мугалимдерибиздин жардамы аркылуу кыйынчылыктар күндөн-күнгө азайууда. 

Учурдан пайдаланып, окуу жайыбыздан кытай тили жана адабияты бөлүмүнүн мугалимдери Ван Дунян, Р. Турсун эжейлерибизге, Сунь Лицзюнь жана Канат Абдыжапар уулу агайларыбызга терең ыраазычылык билдирип кетмекчимин, алардын жардамы менен ишибиздин аягына ийгиликтүү чыга алдык. 

Кайсы гана тил болбосун, ал тилди үйрөнүүдө, практиканын мааниси өзгөчө орунду ээлейт. Биздин университеттин студенттер сайтынын кытай тилинде да жарыяланып жатканы, бул кытай тилин өздөштүрүп жаткан студенттер үчүн чоң белек деп айтаар элем. Анткени, биздин сайтта күн сайын кабарлар жаңыланып турат, эгер биз бир күндө, жок эле дегенде, бирден жаңылык окуп турсак, анда бул биз үчүн чоң жетишкендик. Ал жаңылыкты кыргыз тилинде кытай тилинде окуп, эки тилди салыштырып үйрөнгөнгө чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт. 

Бизге ушундай мыкты шартты түзүп берген, Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын мүдүрү Кыял Турдакунова эжеге терең ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин.

Студенттерге кытай тилин тереңдеп үйрөтүү үчүн ташталган мыкты кадам

Райхона Дадаханова, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Кытай тили жана адабияты бөлүмүнүн 2-курсунун студенти: 

“Кытай тилин үйрөнүүгө кызыккан студенттер үчүн эӊ жакшы жаӊылык”

- Менин кытай тилин үйрөнүп жатканыма, быйыл үч жыл болду. Бала кезимден чет тилдерди үйрөнүүгө абдан кызыкчумун. Ошондуктан, Кытай тили жана адабияты бөлүмүн тандап алгам. Кытай тилин үйрөнүү абдан оор деп айта албайм, тескерисинче, мен үчүн абдан кызыктуу болду. Айрыкча, мага иероглифтердин келип чыгышын изилдөө жагат. Анткени, алардын жазылышы жана маанисинин ортосунда көптөгөн окшоштуктар бар. Иероглифтердин тарыхын үйрөнүү, аларды эстеп калууну жеӊилдетет. 

Кытай тилинде төрт тон бар. Ушул тондорду өздөштүрүүдө, бир аз кыйынчылыктар болду. Жаӊы тондорду үйрөнүп жатканда эжекебиз: “Силер сүйлөгөндө бардык сөзүӊөр биринчи тон болуп чыгат”- деп тамашалайт болчу. Бирок мугалимдердин жардамы жана үзгүлтүксүз практиканын негизинде, кытай тилин жакшы өздөштүрүп алдык десем жаңылышпайм. 

Университетибиздин students.manas.edu.kg сайтында күн сайын окуу жайыбызда болуп жаткан жаӊылыктар, төрт тилде, кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде жарыяланып турат. Үстүбүздөгү жылдын, 2-апрелинен тартып бул тилдерге кытай тили да кошулуп, кабарлар кытайча да жарыяланып баштады. Бул кытай тилин үйрөнүүгө кызыккан студенттер үчүн эӊ жакшы жаӊылык болду. Ал жерден, окуу жайыбызда болуп жаткан маданий, коомдук, социалдык иш-чаралар жөнүндөгү жаӊылыктарды кытай тилинде окууга болот. Бул белгилүү бир деӊгээлде, кытай тилин үйрөнүп жаткан студенттерге чоң жардамчы болууда.

Мындан сырткары, Кытай Эл Республикасынан келген студенттерибиз, мугалимдерибиз дагы өткөрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө толук маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. 

Жаӊылыктар негизинен төрт студент тарабынан которулат. Окуу жайыбызда күн сайын ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлөт, ошондуктан, кабар которбогон күндөрүбүз саналуу гана. Которгон маалыматтарыбызды мугалимдерибиз текшерип беришет. Башында көп ката кетирээр элем, бирок алардын саны күндөн-күнгө азайууда. Жаӊылыктарды которуу менен бирге, жаӊы сөздөрдү үйрөнүп, аларды эске сактап калуу да кыйла жеӊил болот экен. Бул которуу иштери келечекте котормочу болуп иштөөгө да жардам берет деп ойлойм. Анткени, чет тилин үйрөнүп жатып, алган билимди практикада колдонуу абдан маанилүү. 

Сөзүмдүн аягында, бизге ушундай мыкты мүмкүнчүлүктү жаратып берген Студенттик Кеӊешке, которуу иштеринде жардам берип жаткан бардык мугалимдериме жана досторума тереӊ ыраазычылык билдиремин.

Нурайым Абдимажитова, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Кытай тили жана адабияты бөлүмүнүн 2-курсунун студенти: 

“Келечекте, кыргыз-кытай кызматташтык алакасына өз салымымды кошкум келет” 

- Негизи эле ар бир адамдын бир нерсеге шыгы , жөндөмдүүлүгү болот эмеспи. Ошонун сыңарындай, мен чет тилдерин үйрөнүүнү жакшы көрөм. Кытай тили дагы алардын катарында. Келечекте, кыргыз-кытай кызматташтык алакасына өз салымымды кошкум келет. Мындан сырткары, учурда, Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кытай тили окутула баштады. Буюрса, Кытайдан дагы татыктуу билим алып келип, мугалим болуу ниетим бар. 

Биздин университет көп тилдүү жана көп улуттуу болгонуна байланыштуу, бизде кытай мугалимдери жана башка мамлекеттерден кытай тилин үйрөнүүгө келген студенттер да бар. Алардын маалымат менен камсыз болуусу жана публицистикалык жанрда өз билимин өркүндөтүүсү үчүн бул студенттик сайттын жардамы чоң деп ойлойм. Мындан сырткары кытай тилин окуп жаткан студенттер да публицистикалык стилде жазылган кабарларды окуп, которуп тажрыйба ала алышат.Ошондой эле, бул кадам кытай тилин дагы өнүктүрүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүк болуп эсептелет.

Жаңылыктарды которуу учурунда, сөзсүз түрдө, оорчулуктар болуп турат. Кээ бир сөздөрдүн маанисин так которо албай, башкача жазып койгон учурларыбыз да болду. Албетте, мугалимдердин текшерүүсүнөн кийин гана, кабарлар сайтка жарыяланат. Мен колумдан келишинче аракет кылып жатам, буюрса жакшы жыйынтык берет деген ишеничтемин.

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)