WeChat      Избранное

Махабат Жунусова: “Кытай жергесинде туристтерди тейлөө кызматы жогору өнүккөн”

26/04/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Махабат Жунусова: “Кытай жергесинде туристтерди тейлөө кызматы жогору өнүккөн”

“Кытай маданияты менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк болду”.

Ар бир адам саякаттоону, дүйнө кезүүнү сүйүп, китептен окуп же интернет баракчаларынан көрүп-угуп жүргөн жерлерди, өз көзү менен көрүүгө куштар болсо керек. Саякаттоо жан дүйнөңдү гана эс алдырбастан, дүйнө таанымыңды кеңейтип, жашоого болгон көз карашыңды дагы өзгөртүүгө чоң түрткү берет. 

Бүгүнкү биздин, мейманыбыз көп жылдар бою туризм тармагында иштеп, өзү дагы саякаттоону жакшы көргөн Махабат Жунусова. Ал, Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көл аймагындагы мейманканалардын биринде администратор болуп иштеп келет. 

Махабат, биз менен бул сапар Кытай Эл Республикасынын Хайнань аралына болгон сапары тууралуу ой бөлүштү. 

-Махабат, алгач окурмандарга өзүң тууралуу маалымат бере кетсең? 

-Нарын облусунун Ат-Башы районунан болом. Он жылдан бери туризм тармагында иштеп келем. Алган билимим бул тармакка тиешелүү болбосо дагы, туристтер менен иштешүү, жаңы адамдар менен баарлашуу, муну менен бирге эле жаңы маданият, бир-бирине эч окшобогон көз караштар, түшүнүктөр менен таанышуу менин көңүлүмө туура келди окшойт. 

Ошондуктан, ушул тармакта өз ишмердүүлүгүмдү жүргүзүп келем. Алдыда, дагы жеке ишимди ачып, Кыргызстандын туризм жаатына өз салымымды кошуу башкы максатым болуп эсептелет. 

-Өзүң айткандай, көп жылдан бери Кыргызстандын туризм тармагында иштеп келе жатасың, учурда биздин туризм тармагынын абалына кандай баа берет элең?

-Чындыгын айтканда, Кыргызстандын туризм тармагынын потенциалы абдан күчтүү. Өлкөбүздө жети дубаныбыз болсо, жетөөндө тең чет элдик туристтерди өзүнө тарта ала турган ажайып жерлери мол. Кыргызстандын жаратылышы, таза абасы, туптунук суусу, табиятынын сулуулугу, булардын бардыгы биз үчүн берилген белек десек да болот. Бирок, жаратылыштын бул тартуусун баалап-барктап алуу өзүбүздүн гана колубузда. 

Ал эми, менин жеке пикиримде Кыргызстанда, учурда, туризм тармагынын абалы жогорку деңгээлде эмес. Сырттан келген туристтерди тейлөө кызматтары начар. Оболу, ушул тейлөө кызматтарын жөнгө салып алсак, жергебизге келген меймандарыбыздын дагы саны арбын болот эле деп ойлойм. 

Туризм тармагын өнүктүрүү үчүн бир эле ишкердин же мамлекеттин бир структурасынын ишмердүүлүгү жетиштүү эмес. Буга биз, жергиликтүү эл дагы, бардыгыбыз чогуу иш алып барсак, жакшы жыйынтык берет деп ойлойм. Бардыгыбыз билгендей, туристтер үчүн коопсуздук маселеси дагы биринчи орунда, мына, ушул багытта дагы иш алып баруубуз зарыл.

Махабат Жунусова: “Кытай жергесинде туристтерди тейлөө кызматы жогору өнүккөн”

 “Санья шаары мага өзгөчө меймандостугу менен эсте калды”.

-Жакында эле Кытайдын дүйнө жүзүнө белгилүү туристтик аймагы болуп саналган, Хайнань жергесине барып келдиң, ушул сапарың тууралуу айтып берсең?

-Ооба, ушул жылдын февраль айында, Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясында жана Хайнань аймагында эс алууда болуп келдим. Бул коңшу мамлекетке болгон алгачкы сапарым болду. Кыргызда “миң уккандан-бир көргөн” деп айтылат го. Анын сыңарындай, Кытай жергесине барган сапарым мага өзгөчө таасир калтырды. 

Чындыгында, Кытай Эл Республикасы абдан өнүгүптүр, заңгыраган жолдорунан баштап, көз мелжиткен имараттары, муну менен эле катар салттуу кытай архитектуралык курулуштары дагы эски менен жаңыны айкалыштырып, сырттан келген кишиге абдан башкача таасир калтырат экен. Биз коңшу мамлекеттин деңгээлине жетүүбүз үчүн абдан көп эмгек кылуубуз керек экендигин түшүндүм.

Менин бул эс алуума өзгөчө маанай тартуулаган дагы бир себеп, бул-кытай жаңы жылы болду. Себеби, мен баргандан көп өтпөй кытай жаңы жылы кирип келди. Бул майрамдын кытай элинде мааниси абдан зор экен. Үй-бүлөлүк майрам болгон үчүн, улуу-кичүү дебей ата-энесинин үйлөрүнө чогулушуп, бирге тосуу салты бар экен. Майрамдан кийин кытай эли эки жума эс алууда болушту. Мына, ушул убакыт аралыгында, мен кытай жаштарынын саякаттап жүргөнүнө күбө болдум. 

Мени эң таң калтырган нерсе бул-кошуна мамлекеттин жолдорунун, трассаларынын салынышы болду. Канчалаган киши, автоунаалар көп болсо дагы, бардыгы тартип менен, өзгөчө тыгын жаратпай жүрүшкөнү жакты. 

Махабат Жунусова: “Кытай жергесинде туристтерди тейлөө кызматы жогору өнүккөн”

“Күн 27-30 градуска чейин ысып жатты”.

-Хайнань сага кандай таасир калтырды?

-Хайнань туристтик жер болуп эсептелет. Биз февралда барганда, аба-ырайы 27-30 градус ысык болуп турду. Деңизге түштүк, абдан туздуу экен. Кооздугу эми, сөз жеткис. Бак-дарактардын, гүлдөрдүн түрлөрү өсөт экен. Аба-ырайы нымдуу келгендиги үчүн, мага абдан жагымдуу сезим калтырды. 

Мындан сырткары, Хайнандын Хайкоу аттуу борбор шаарында болдум. Жана дагы дүйнөгө белгилүү Санья туристтик шаарында эс алуумду уланттым. Шаар тууралуу айта турган болсом, ал жакта чет элдик туристтерди кадам сайын жолуктуруп жаттым. Туристтик шаар болгондугу үчүн, сырттан келген меймандарга бардык шарттар түзүлүптүр. Тамак-аш жагынан дагы кыйналган жокпуз. Себеби, Саньяда жеке гана кытай ашканасы эмес, башка улуттардын дагы кафе-ресторандары көп экен. Тандап, табитиңе жараша тамактанууга толук мүмкүнчүлүк бар. 

Чындыгында, Кытай жергеси мага абдан жакшы таасир калтырды. Алдыда, дагы коңшу мамлекеттин башка шаарларын кыдырып чыгууну пландап жатам. 

Махабат Жунусова: “Кытай жергесинде туристтерди тейлөө кызматы жогору өнүккөн”

Фото 4: “Айнек көпүрө-ары кызыктуу, ары коркунучтуу сезим”.

-Кытайдын туристтик тармагы менен аз да болсо таанышып калдың, кандай өзгөчөлүктөрдү байкадың, туристтерди тейлөө кызматы тууралуу кеп салып берсең?

-Туристтерди тейлөө кызматы Кытай жергесинде жогорку деңгээлде өнүгүптүр. Биздин бул жаатта, коңшу мамлекеттен үйрөнчү, үлгү алчу учурларыбыз абдан көп экендигине көзүм жетти. Тактап айтканда, менин эң биринчи көңүлүмө жакканы бул-гиддердин иштөөсү болду. Кандай гана жерлерге барбайлы, гид кызматын көрсөткөндөр абдан берилүү менен, ушунчалык кызыктуу кылып, ошол жер тууралуу баяндап берип жатышты. Болгон суроолорубузга жооп берип жатышты. Ал эми, мейманкана, ресторандарындагы тейлөө иштерине дагы мыкты баа бермекчимин. 

-Кытайга болгон сапарыңда кызыктуу учурлар болдубу?

-Мен үчүн өзгөчө таасир калтырган бул эки тоонун башын бириктирген айнек көпүрө болду. Басып бара жаткан жериң айнек болуп, ал жактан жер кипкичинекей болуп көрүнсө өзгөчө таасир болот экен. Анын үстүнө биз өтүп бара жатканда шамал дагы болуп, мен үчүн бир жагынан коркунучтуу болсо, бир жагынан өтө кызыктуу экен. Ошол убакыттагы сезимдерим абдан башкача болду. Бул көрүнүш эң эсте калаарлык учур болду десем жаңылышпайм. 

-Азыркы учурда, кытай туристтерин дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери өзүнө тартуу боюнча ат салышып келишет. Кытай туристтерин Кыргызстанга тартуу үчүн кандай сунуштарды киргизет элең? 

-Кытай туристтерин биздин жерге тартуу үчүн эң биринчи, аларга Кыргызстан тууралуу маалымат берүүбүз керек деп эсептейм. Менин байкоомо караганда, кытай эли жаратылыштын сулуулугуна өзгөчө баа беришет. Ошондуктан, биздин жердин тазалыгы, кол тийбеген сулуугу аларды, сөзсүз бизге мейманчылап келүүгө тарта алса керек. 

Анан албетте, тил маселелеси, кытай тилин билген, туризм жаатында тажрыйбасы бар жашытарыбыздын көп болуусу дагы заман талабы. 

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)