WeChat      Избранное

Адыл Жунус уулу, КРнын ЖКнин депутаты: “Кытай Өкмөтүнүн “Манасты” баалап-барктаганы - кыргыз элине көрсөткөн сый-урматы”

26/04/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Адыл Жунус уулу, КРнын ЖКнин депутаты: “Кытай Өкмөтүнүн “Манасты” баалап-барктаганы - кыргыз элине көрсөткөн сый-урматы”

“Ар дайым кыргыз-кытай алакасынын өсүп-өнүгүшү үчүн кызмат кылып келем”.

Кыргыз элинде ата-мекенге болгон сүйүү, эл-жерине ак кызмат өтөө сезими ар дайым жогору бааланып, баркталып келген. Ушундай мекенчилдик сапатка ээ болгон, эл-жери үчүн өз кызматын аябаган уул-кыздарынан кыргыз элинин уучу куру эмес. Алардын бири, атанын татыктуу уулу, кытайлык кыргыздардын өкүлү, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Адыл Жунус уулу. 

Бүгүн, биз Адыл Жунус уулу менен анын ишмердүүлүгү, кыргыз-кытай алакасы жана Жусуп Мамайдын 100 жылдык мааракесине карата аткарылып жаткан иштер тууралуу маек курдук. 

-Адыл Жунусович, алгач, өзүңүз тууралуу окурмандарга маалымат бере кетсеңиз? 

-Мен 1963-жылы Кытай Эл Республикасынын Кулжа шаарында төрөлгөм. Ошол жакта мектепти аяктап, Синьцзян университетинин география факультетин бүтүргөм. Алгачкы эмгек жолум Кытай Улуттук академиясынын СУАРдагы география-экология институтунда башталган. 

Кыргызстанга, биринчи жолу, 1991-жылы келинчегим экөөбүз келгенбиз. Ата-мекенге болгон сезим баары бир өзгөчө болот экен, өз жеримдин тузун татып, суусун ичкен соң, кийин, биротоло үй-бүлөм менен көчүп келип, жашап калдык. Кыргызстанга келгенде адегенде БГУнун кытай тили факультетинде мугалим болуп иштедим. Анан жеке ишкерлик менен дагы алектенип жүрдүм. 

2010-жылдан бери шайлоого катышып жүрөм. 2015-жылы, буйрук экен “Республика-Ата-Журт” партиясынын атынан шайлоого катышып, депутаттык мандатка ээ болдум. Жалпысынан, бул жакта жыйырма жылдан ашык ишкерлер чөйрөсүндө жүрдүм. Азыркы тапта депутат катары, элиме кызмат кылуудамын.

Чындыгында, Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенге чейин деле, Кыргызстан-Кытай ортосундагы достук, экономикалык байланыштарды бекемдөө максатында, өз ишмердүүлүгүмдү жүргүзүп келдим десем жаңылышпайм. Жеке ишкерлик менен алектенүү менен бирге, Кыргызстанга кытай ишкерлерин тартуу, Кыргызстанды жакындан таанытуу багытында өз аракетимди жасап келгем. Ал эми, азыркы тапта болсо, ошол баштаган ишимди улантып, эки элдин, эки мамлекеттин экономика, маданият жана башка тармактардагы кызматташтык алакасын чыңдоонун үстүндө иштеп жүрөм. 

-Кыргыз-кытай алакасын бекемдөөдө, негизинен кайсы тармакка басым жасоо керек деп ойлойсуз?

-Чындыгында, кыргыз-кытай мамилеси байыртан эле болуп келген. Учурда, экономика, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият ж.б. тармактардын бардыгынан эле бул карым-катнашты көрсөк болот. 

Мен негизинен, Кыргызстан-Кытай Эл Республикасы ортосундагы экономикалык тармагын бекемдөө багытында иш жүргүзүп келем. Ачыгын айтканда, Кыргызстан тууралуу Ички Кытайда маалымат аз. Эки мамлекеттин байланышын чыңдоонун бирден-бир ачкычы бул маалымат. Ошондуктан, кытай ишкерлерине Кыргызстанды жакындан таанытуу боюнча иштерди аткарып, “Кыргызстанда мүмкүнчүлүк көп, инвестициялык климаты жакшы, келсеңер Өкмөт, бийлик колдойт”,-деп экономика багытында инвестиция тартканга болгон күч-аракетимди кылуудамын. Кыргызстанда эмгек күчү арзан, мындан башка дагы пайдалуу жактары бар. Мына, ушунун артынан инвестиция кылгандар бар, алдыда дагы “Кыргызстанда иш баштайбыз”,-деп макулдугун берген кытай ишкерлери дагы көп. 

Учурда, Кыргызстанда акча-каражаты жагынан мүмкүнчүлүк аз болуп жаткандан кийин, сырттан инвестиция тартууга болгон күч-аракетибизди жумшообуз зарыл. Биз эле эмес, азыркы тапта, бүтүндөй дүйнөдөгү мамлекеттер инвесторлорду тартуунун үстүнөн жапа тырмак иштеп жатышат. Булардын катарында, ошол эле биз билген Америка Кошмо штаты, Англия, Франция сыяктуу бай мамлекеттер дагы бар. Демек, сырттагы инвесторлор менен иштешүү заман талабы. 

Эң негизгиси, бул кызматташуулар мыйзам чегинде ишке ашып, экологиябызды коргогон шарт менен, фабрика-заводдорду курган инвесторлор менен иштешип, келишим түзүүбүз абзел.

Өткөндө, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Кецян жумушчу иш сапары менен Кыргызстанда болгондо, ал: "Биз силердин айыл-чарба продукцияларыңарга кызыгабыз. Азык-түлүктөрдүн экологиялык жактан таза болушу абдан маанилүү" деген оюн билдирди. Кошунабыздын, чоң бир бай мамлекеттин премьери келип ушундай сөз сүйлөшү абдан жакшы жышаан, мыкты мүмкүнчүлүк. Кытай рыногуна чыгуу бул Кыргызстандын экономикасын тездик менен өнүктүрүү дегенди түшүндүрөт. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо керек. 

Кытай жергесинде экологиялык жактан таза продукциялар абдан жогорку деңгээлде бааланат. Муну мен ишенимдүү түрдө айта алам. Картошка, кызыл кызылча, төө буурчак, эт жана башка продукцияларыбызды Кытайга экспортко чыгарып алсак, бул биздин дыйкандар, карапайым элибиз үчүн дагы, мамлекетибиз үчүн дагы эң мыкты жетишкендик болмок. Алгач, мына, ушундай мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, ушул багыттагы иштерге басым жасасак, алдыда башка тармактардагы карым-катнашыбыз дагы өөрчүп-өнүгөт деп ишенем.

Адыл Жунус уулу, КРнын ЖКнин депутаты: “Кытай Өкмөтүнүн “Манасты” баалап-барктаганы - кыргыз элине көрсөткөн сый-урматы”

“Жусуп Мамай кыргыз элинин көөнөргүс руханий дүйнөсүнө зор салым кошкон”. 

-Быйыл манасчы Жусуп Мамайга 100 жыл толду. Залкардын 100 жылдык мааракесин өткөрүү үчүн кандай иш-чаралар аткарылып жатат?

-Кыргыз элинин сыймыгы, залкар манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдык мааракеси Кытай Эл Республикасында абдан жогорку деңгээлде майрамдалуунун алдында турат. Башкы майрам, манасчынын туулган жеринде, Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусунун Ак-Чий ооданында белгиленмекчи. Ал жакта майрамга карата, Жусуп Мамайдын атайын чоң комплекси курулуп жатат. Мындан сырткары, Кытайдын башка шаарларында дагы бул саамалыкка карата атайын иш-чаралар өткөрүлмөкчү. Чындыгын айтканда, Кытайда залкар манасчынын мааракесине өзгөчө көңүл бурулуп, ага даярдык кызуу жүрүп жаткан кези. 

Кытай маданиятка, каада-салтка, археологиялык казуу иштерине ар дайым маани берип, колдоп келген. Ал эми, учурда болсо, экономикасы күчтүү бай өлкө. Ошондуктан, бул багыттар андан беш-бетер колдоого алынып, баркталып келет. Бардыгыбыз билгендей жакында эле, кытай көрөрмандары Жусуп Мамайдын варианты боюнча даярдалган “Манас” операсына күбө болушту. Опера Кытайдын маданият министрлиги менен Улуттук опера институтунун көмөгү астында даярдалып, элге сунушталды. Мен азырынча көрө элекмин. Бирок, угушума караганда ал абдан жогорку деңгээлде даярдалып, ийне-жибине чейин көңүл бурулуп, аткаруучу топ дагы мыкты чеберчилик менен ойногон. Кытай Эл Республикасынын кыргыздын “Манасына” ушундай колдоо көрсөтүп, залкар манасчыбыз Жусуп Мамайды сыйлап, урмат тутканын кыргызды, кыргыздын улуттук баалуугун сыйлаганы деп түшүнсөк болот. 

Ал эми, Кыргызстанда болсо Жусуп Мамайдын эл аралык талкуу жыйыны төрт жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Бул жылы дагы өткөрүлмөкчү. Жыйынга ар жыл сайын Кытай Эл Республикасынан, жана башка коңшу мамлекеттерден дагы манас изилдөөчүлөр, окумуштуулар келип, биздин окумуштуулар менен биргеликте иш алып барышат. 

Жусуп Мамай Кытайдагы кыргыздардын гана эмес, бүтүндөй кыргыз улутунун сыймыгы,чыгаан уулу, залкар манасчысы. Ал Манасты жети урпагына чейин айткан. Мындайча айтканда, эпосту толугу менен айтып чыккан десек да болот. Кыргыз элинин руханий көрөңгөсүн байытууда бул кишинин эмгеги зор. Аны бардыгыбыз билебиз. 

Ошондуктан, былтыркы жылы, залкар манасчынын 100 жылдык мааракесине карата Жогорку Кеңеште, биринчиден Жусуп Мамайдын ысымын Бишкектеги, же болбосо Кыргызстандын башка шаарларындагы бир көчөгө ыйгаруу демилгесин көтөрүп чыккам. Экинчиден, Жусуп Мамайдын айкелин Бишкек шаарында орнотуу маселеси айтылган. Бул кишинин ысымы кыргыз тарыхында түбөлүккө сакталмакчы, эгерде, биз бул иштерди аткарсак, аз да болсо анын кыргыз маданиятына, оозеки чыгармачылыгына кошкон салымына көрсөткөн урмат-сыйыбыз болуп калмакчы. Мен былтыр ушундай сунуштар менен эл өкүлдөрүнө кайрылгам. Президент тарабынан дагы колдоо болгон. 

Бул маселе менен КРнын Президенти Сооронбай Шариповичке дагы кирип чыккам. Ал киши дагы колдоп, жакшы идея экендигин тастыктады. Буюрса, алдыда, бул демилегелер ишке ашат деп ишенем. Убакыт керек болуп жатат. Жетекчилик тараптан колдоо көрсөтүлгөн, тапшырма берилген. Бирок, тилекке каршы аткаруучу тараптын кандайдыр бир кенебестигинен улам, бул иштер кечеңдеп жатат. 

Мына, 18-апрель Жусуп Мамайдын туулган күнү болчу, эгерде ошол күнү айкелинин ачылышын жасап, мыкты саамалык кылып койсок абдан жакшы болмок. Бул кишинин айкели тургузулса, көчөгө аты коюлса, Кыргызстан-Кытай ортосундагы ынтымак дагы бир жолу бекемделет, бул иш-чара эки мамлекет ортосундагы нукура чыныгы достук көпүрөсү болмокчу. Чындыгын айтканда, Жусуп Мамай эки коңшу мамлекеттин, эки элдин ынтымагында, кызматташтык алакасында-ийгиликтин ачкычы десек да болот. 

Адыл Жунус уулу, КРнын ЖКнин депутаты: “Кытай Өкмөтүнүн “Манасты” баалап-барктаганы - кыргыз элине көрсөткөн сый-урматы”

Адыл Жунус уулу.

“Элге кызмат кылуу, бул жөн гана айтылган сөз эмес, бул ары сыймыктуу, ары жоопкерчиликтүү милдет” 

-“Бир-алкак, бир-жол" долбоорунун Кыргызстан үчүн мааниси кандай, ал кабыл алынгандан кийин Кыргызстан менен Кытай алакасында кандай өнүгүү болду?

-Менин пикиримде "Бир-алкак, бир-жол" долбоору Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин эң мыкты демилгелеринин бири. Бул долбоор Байыркы Улуу Жибек жолунда жайгашкан канчалаган мамлекетке Кытай Эл Республикасынын берген жардамы, ачылган мүмкүнчүлүктөрү десек да болот. Анткени, учурда, коңшу мамлекеттин экономикасы абдан өнүктү. “Жибек жолу аркылуу ушул мамлекеттер дагы өссө, өнүксө, бардыгыбыз достук мамиледе кызматташсак, дүйнө тынч болсо”-деген идеологиянын алкагындагы маанилүү демилге. Абдан мыкты идея. Бул долбоорду жеке гана Кыргызстан эмес, байыркы Улуу Жибек жолун жээктей жайгашкан бүтүндөй мамлекеттер колдоосу керек. 

Мындан, бардык тарап утушта болот. Кыргызстан үчүн көп пайда түшөт. Ошол аркылуу кыргыз жергесине көптөгөн фабрика-заводдор курулат. 

Кытай туристтеринин агымын Кыргызстанга көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Учурда, дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү кытай туристтерин өз аймактарына тартууга аракет кылып жатышат. Мына, туризм тармагын өнүктүрсөк, бул дагы экономиканын өнүгүшүнө бараандуу салым кошо ала турган тармак болмок. Ишканалары ачылса, канчалаган жумуш орундары көбөйөт. "Бир-алкак, бир-жол" долбоорунан Кыргызстан утат, эч качан уттурбайт.

-Кытай экономикасы, акыркы жылдары, абдан динамикалуу өнүктү, сиздин пикириңизде мунун сыры эмнеде? Кыргызстан кайсы жагын сабак, үлгү катары алса болот?

-Кытай Эл Республикасынын дүңгүрөп өскөнү, бул 1978-жылы Дэн Сяопиньдин бийлик башына келиши себеп болду десек да болот. Бул аябай акылман, экономиканы абдан мыкты түшүнгөн, өз убагында Франциядан билим алган адам болгон. Ал жетекчиликке келген учурдагы Кытайдын абалы начар болгон. Казынада акча жок, карызга баткан, элдин турмушу жакшы эмес. Мен ал жашоону өз көзүм менен көргөм. 

Дэн Сяопинь бийликке келген соң, сырттан келген инвестицияга басым жасоо саясатын жүргүзгөн. Инвестиция аркылуу экономиканы көтөрүү максатын койгон. Ал инвесторлордун Кытайдын аймагында иштөөгө бардык шарттарды түзүп, бийлик тарабынан колдоо көрсөтүп, ар бир келген ишкерге жогорку деңгээлдеги сый-урматты көргөзгөн. Бардык тараптан колдоо көрсөтүп, иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берген. 

Ошентип Кытайга сырттан келген ишкерлердин агымы көбөйгөн. Ошол мезгилден баштап, азыркы убакытка чейин Кытай дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин ичинен, сырттан келген инвесторлорду тартуу боюнча биринчи орунда турат. 

Ал эми, азыркы учурдагы Кыргызстандын абалы тууралуу айта кетсек, биз күнөөнү инвестордон эмес, өзүбүздөн издөө керек. Чындыгын айтуу керек, бизде инвесторлорго андай мамиле жок, текшерүүдөн текшерүү болуп, иштеп жаткан ишкерди тажатып, акыры айласы жок, заводун сатып же банкрот болуп кетүүгө мажбур. Мындай абалды биздин Президент, жогорку бийлик өкүлдөрү билбейт. Мунун баарын жасап жаткан бери жактагы эле кызматкерлерибиз, текшерүүчү органдарыбыз. 

Ушундай мамиледен улам, сырттан келген ишкерлерди чочутуп жатабыз. Эгерде, бул абалыбызды оңдой алсак, инвесторлорду өзүбүзгө тартсак, анда экономикабыз дагы тездик менен өнүгүп, карапайым элдин жашоосу дагы жакшырмак. 

Кыргызстандын жаратылышы, андагы мүмкүнчүлүктөр мыкты ишканаларды курууга, инвесторлор менен иштешүүгө толук ылайык. Аз гана кызматкерлерибиздин өзүмчүлдүгүнүн айынан бүтүндөй мамлекет жабыркап жатат. Мына, оболу ушул жолду тууралап, өзүбүз үчүн эмес эл үчүн, балдарыбыздын келечеги үчүн иштөөбүз зарыл. 

Чын жүрөктөн, ак дилден кылынган эмгек эч качан жерде калбайт. Убагы-сааты келгенде бааланат. “Элге кызмат кылуу” бул жөн гана айтылган сөз эмес, бул ары сыймыктуу, ары жоопкерчиликтүү милдет. Маектеш тууралуу маалымат

1963-жылдын 15-майында Кытай Эл Республикасынын Кулжа шаарында төрөлгөн. 1982-жылы Кулжа шаарынын №5-орто мектебин аяктаган.

Жогорку билимдүү. 1987-жылы Синьцзян Университетинин география бөлүмүн бүтүргөн. 1993-1994-жылдары Бишкек Гуманитардык билим жана тилдер институтунун  тилдер борборунда билим алган.

1987-1991-жылдары Кытай илимдер академиясынын География жана экология институтунда иштеген.

1993-1994-жылдары К. Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык билим жана тилдер институтунда (азыркы БГУ) кытай тилинен сабак берип эмгектенген.

1994-жылы “Кыргызспорткамсыздандыруу” республикалык башкармалыгында спорттук делегациясынын котормочулук кесибин аркалаган.

1995-2015-жылдары жеке ишкердүүлүк менен алектенген.

2013-жылдан тартып “Норвест Майнинг Компани”ЖЧКсынын түзүүчүсү жана директору болуп эмгектенген, 15.10.2015-ж. ээлеген кызматынан өз каалоосу менен кетип, акциялар ишеним башкармалыгына өткөрүп берилген.

2015-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6-чакырылышынын депутаты.

1991-жылы 8-июнда Кыргызстанга үй-бүлөсү менен келип, 2001-жылы Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болгон.

2008-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин «Мекенчил»төш белгиси менен сыйланган. 

Үй бүлөлүү, үч уулдун атасы.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)