WeChat      Избранное

Кытайда Азия өлкөлөрүнүн медиа лидерлеринин саммити болуп өттү

26/04/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Кытайда Азия өлкөлөрүнүн медиа лидерлеринин саммити болуп өттү

Кытайдын Хайнан аралындагы Санья шаарында Азия өлкөлөрүнүн медиа лидерлеринин саммити ушул жылдын 9- апрелинде болуп өттү. Аны менен бирге жыл сайын өткөн “Боао форуму - 2018” жыйыны да уюштурулду. Аталган жыйынга Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин мырза баш болгон 20дан ашуун Азия өлкө башчылары жана өкмөт башчылары катышышты.

Өлкө жетекчилеринин сырткары Медиа саммитке "Азиядагы жаңы доор Медиа корпорациясы", “Кытай улуттук импорт жана экспорт корпорациясы” Боао Форумунун катчылыгы, Кытай медиа тобу, Кытай дипломатиялык бирикмеси, Хайнан провинциясынын коомдук иш жүргүзүү тарабынан колдоого алынып, бул идеянын шыктандыруучусу катары Кытай Эл республикасынын мамлекеттик ММК уюму катышты. 

Жалпысынан Медиа саммитинин жыйынына 60тан ашкан Азия жана Евразия өлкөлөрүнүн массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана медиа лидерлери барышты. Борбор Азия өлкөлөрү жана башка өлкөлөр ортосунда медиа жаатында эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу келишимдерге кол коюлуп, жыйында Кытай өлкөсүнүн жетишкендиктерин талкууга алынды. Кыргызстандан Медиа саммитке КТРК, “Кабар”, “Ынтымак ТВ”, “Керемет ТВ”, жана “Алмаз” радиосу катышып келишти.

Кубан Таабалдиев, “Кабар” КУМАнын баш жетекчиси: 

“ОРТО АЗИЯДА БОЛУП ЖАТКАН ИШТЕРДИН ИЙГИЛИКТЕРИН БАШКА ӨЛКӨЛӨРГӨ ТАРАТЫП, ЖАЙЫЛТА ТУРГАНДАЙ БИРДИКТҮҮ ИШТИ ЖҮРГҮЗӨ ТУРГАН БОРБОР ТҮЗГӨНГӨ ЧАКЫРЫК ЖАСАДЫМ”

- Кубан Абдыменович, конференция эмне тууралуу болду, анын негизги максаты тууралуу айтсаңыз? 

- “Кабар”дын Кытайдагы шериктештер ортосунда “Кытай эл аралык радиосу” деген бар. Ошол радионун чакыруусу менен Кыргызстандан 5 маалымат каражаттарынын жетекчилери (медиа компаниянын жетекчилери) барып келдик. Чакыруунун негизги себеби экөө болду. Биринчиси Азия өлкөлөрүндөгү маалымат каражаттарынын ортосундагы алаканы чыңдап, мындан кийинки иштерине көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзө тургандай келишимдерге кол коюп, ошону менен бирге ортодо болгон маселелерди талкууга алып бир жыйынтыкка келелик деген максатта үч бөлүктөн турган сессия болду. Үч сессияда тең ар бир маалыматтык- каражат компаниялары өзүнүн өлкөсүнө ылайыктуу темада керектүү жактагы багытты тандап алып докладдарды жасашты.

- Доклад эмне тууралу болду?

- Бизден баргандарга, дегеле баарыбызга тең доклад жасаганга мүмкүнчүлүк берилди. Ар бирибиз өзүбүзгө керектүү болгон багыттагы маалыматтарды түшүндүрүп берип, өз ойлорубуз менен бөлүшүп анан каалоолорубузду айттык. Мен, мисалы: Улуу жибек жолунда жайгашкан өлкөлөрдүн, өзгөчө Орто Азия өлкөлөрдүн ортосундагы маалымат мейкиндикти тереңдетүү сунушун айтым. Кытай өлкөсүнүн башчысы ишке ашырып жаткан “Бир алкак-бир жол” деген долбоордун алкагында Маалымат көлөмүн кеңейткенге, Кытайга жакын өлкөлөрдүн жана Кытайдын жасап жаткан иштерин, жетишкендиктерин, ийгиликтерин жана Орто Азияда болуп жаткан иштердин ийгиликтерин башка өлкөлөргө таратып, жайылта тургандай бирдиктүү ишти жүргүзө турган борбор түзгөнгө чакырык жасадым. Буга чейин да айтып келгем. Азыр биринчи жолу бул “Азиа медиа форумда” айттым. Бул форумду Кытай ТИМ уюштуруп аткандан кийин бул сунушту угат деген ишеничтемин.

Экинчиси “Боао форуму” деп аталат экен. Бул Азия өлкөлөрүнүн ичиндеги өз-ара алака түзө тургандай чоң жыйынга Азия өлкөлөрүнүн жетекчилери катышты. Кытай өзү уюштуруп бул жолкуда 20дай өлкө катышып, 2 президент болду. 7 өкмөт башчылары, калгандары ТИМ министирликтери жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Негизинен ал жерде Азия өлкөлөрүндөгү жагдайга көз салып, дүйнөлүк процесттер Азия өлкөлөрүнүн өнүгүшүнө кандай салым кошуп жатат, эмнелер тоскоолдук кылып жатат, ушунун  баарын толук талкууга алабыз деп ал жерге эл аралык белгилүү финансылык уюм “Эл аралык валюталык фонд”, ООНдун генералдык катчысы, бир топ өлкөлөрдүн мурдакы башчылары катышып анан ичинен биздин мурунку өлкө башчыбыз да катышып келди. Алар ошол талкууда өз ойлорун айтышты. Тилекке каршы биз бир эле ачылышына катышып келдик. 

- Медиа жаатында кандай өзгөрүүлөрдү жасаса болот?

- Азыр жаңы технологиялардын заманы болуп жатпайбы. Жаңы технологиялардын өнүгүшү боюнча Япониядан кийин эле Кытай болуп эсептелинет. Ошолордун алдыңкы технологиялары Азия маалымат каражаттарына кандай жардам бере ала тургандагысы, кандайча иш алып барат, алар эми ошол өлкөлөрдөн тажрыйба алмашат. 

Рустам КОШМУРАТОВ, “Алмаз” радиосунун жетекчиси: 

“КЫТАЙДА ӨТКӨН “АЗИЯ МЕДИА ФОРУМУ” ЖОГОРКУ ДЕҢГЭЭЛДЕ БОЛДУ”

- Биринчиден биз медиа өкүлдөрү жана жетекчилер бири-бирибиз менен тааныштык. Кыргызстан жөнүндө көп жакшы нерселерди айтып келдик. Кыргызстанга да келип кетүүлөрүн сунуштадым. Башка дагы саммитер, форум, жыйындар болсо биздин журналисттер дагы катышып, тажрыйба алмашуу, окутуу, биздин журналисттерге да иш берүү, чогуу иштешели деген талкуулар болду.

Жыйында мага берилген үч мүнөттүк сөз сүйлөө мүмкүнчүлүгүндө жасаган докладымы сүйлөп үлгүрүп калдым. Биз 2014-жылы www.chinanews.kg деген сайт онлайн гезит ачканыбызды белгилеп кеттим. Сайтты азыр күнүнө 23000 киши окуйт. 2012-2015 жылдары Кытай эл аралык радиосунда иштеп жүрүп, тилекке каршы ишибиз токтоп калды. Азыркы тапта Кыргызстанда Кытай ТВ жана радио жок болуп жатат. Кыргызстан да чоң өлкө, Кытайда Кыргыз массалык-маалымат каражаттарын билишпейт. Башка Азия өлкөлөрү менен дагы байланыш түзүп, таанышып андан кийин долбоорлорду аткарабыз го деп ойлоп жатам. 

Толкун ЭРМЕКБАЕВ,  “Ынтымак ТВ”нин жетекчиси: 

“АЗИЯ МЕДИА ФОРУМ”, КЕЛЕЧЕКТЕ МАССАЛЫК-МААЛЫМАТТАР ЖАНА МЕДИА КОМПАНИЯЛАРДЫН ОРТОСУНДАГЫ КЫЗМАТТАШУУНУ, ӨНҮКТҮРҮҮНҮ КЕНЕН ТАЛКУУЛООГО МҮМКҮНЧҮЛҮК БЕРЕТ”

- Мен үчүн “Эл аралык Боао Форумуна” жана “Азия медиа форумга” катышуу бул чоң сыймык. Азия- бул улуу элдердин улуу цивилизациясынын мейкини. Кылымдар бою ар кошкон эл, ар улуттун маданияты жана салттары менен жанаша жашап келишкен. Албетте, бул “Азия медиа форум”, келечекте массалык-маалыматтар жана медиа компаниялардын ортосундагы кызматташууну, өнүктүрүүнү кенен талкуулоого мүмкүнчүлүк берет.

Улуу Жибек жолу дээрлик бүткүл Азия өлкөлөрүн, аймактан аймака, кудуктан кудукка байланыштырып турган. Белгилүү кытайлык жазуучу И Цзинь  жазган  “Өзгөрүүлөр китеби” деген чыгармасында “кудук- бул жашоонун маңызы, образы, жалпак тил менен айтканда кудуктун айланысында жашоо, байланыш, адамдардын ортосунда ишеним пайда болот, досчулук жаралат” деп жазылган. Анысын айткандай  дүйнөдө, айланыбызда абдан олуттуу көйгөйлөр жана кыйынчылыктарга дуушар болуп турганда бул тарыхый тажрыйбалар азырда керек. Жаңы изденүүлөр, стереотиптер, эркин ой-пикирлер керек. Мен “Азия медиа Форумун” өтө маанилүү маселелерди иштеп чыгып бизге позитивдүү сунуш бере алат деп ишенем. Булар коопсуздукка тиешелүү, эки тараптуу медиа компаниялардын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү, редакциялардын тажрыйба алмашуу үчүн иш-чараларды уюштуруу, дегеле чогуу иш алып баруу, жаңылануунун үстүндө иштөө үчүн мүмкүнчүлүктөр болушу мүмкүн. “Ынтымак” ТВ келечекте Азия өлкөлөрүнүн шериктештигин гана эмес, компаниянын сырткы жана ички абалын өзгөртүүгө жана андан ары өнүгүшүнө, туруктуулука чоң салым кошот.

(Автор:Эленора Дуйшоналиева / Редактор:GL)