WeChat      Избранное

Узарбек Жылкыбаев: “КЭРдин Ганьсу аймагынын өкүлдөрү тарабынан Ошко 20 млн сомдук жардам көрсөтүлдү

23/09/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Узарбек Жылкыбаев: “КЭРдин Ганьсу аймагынын өкүлдөрү тарабынан Ошко 20 млн сомдук жардам көрсөтүлдү

Сүрөт интернеттен алынды

Бүгүнкү “Маанилүү маек” рубрикабыздын сыйлуу мейманы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев болду. Узарбек Казыевич бизге Ош облусундагы ишмердүүлүгү, Кытай жергесине болгон алгачкы сапары тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

-Бир жылдан ашуун өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенип келе жатасыз. Ушул убакыт аралыгы кандай жаңылыктар болду, ишмердүүлүгүңүз тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

-Ооба, сиз айткандай бул кызматты аркалап келе жатканыма бир жылдан ашты. Оштун эли абдан эмгекчил келет экен. Бардык тармактарда жакшы иштеп, ийгилик жаратып келишет. Айыл чарба, багбанчылык, соода, курулуш иштеринде, бардык жерде адамдардын эмгекчилдигин байкап, көрүп жүрөм. Таң аткандан баштап, кеч киргенге чейин жумуш үстүндө жүрүшөт. 

Өткөн жылдан баштап биз негизинен долбоорлор менен иштеп жатабыз. Эл аралык уюмдар менен дагы тыгыз иштешип, жакындан кызматташуудабыз. Көптөгөн долбоорлор ийгиликтүү жүзөгө ашырылууда. Жылдын аягы менен Корея мамлекетинин эл аралык кызматташуу агенттиги KOICA менен кызматташуунун негизинде “Жаңы айыл” долбоору ишке киргизилүүдө.Ошондой эле, эл аралык JICA уюму тарабынан дагы “Бир айыл-бир продукт” долбоору дагы иштөөнүн алдында турат. Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы, ЮСАИД багыттары боюнча дагы бир катар долбоорлор жүзөгө ашырылып, кызматташуу өөрчүүдө. Мына, ушундай эл аралык долбоорлорго жергиликтүү эл дагы активдүү катышып, жакшы жетишкендиктерди көрсөтүшүүдө. Бул кызматташуу алакалары негизинен бардык тармактарды ичине камтыйт. 

Муну менен катар эле, Кытай Эл Республикасы менен дагы түзүлгөн карым-катнаш өнүгүп, бекемделүүдө. Бул кызматташуу алакаларын жаңы бир деңгээлге көтөрүүнүн үстүнөн да иштеп жатабыз.

Эгерде, социалдык объектилер тууралуу айта турган болсок, бул жаатта дагы жакшы жетишкендиктерибиз бар. Бир жыл аралыгында жалпысынан 57 объект колдонууга берилди. Алар мектептер, бала-бакчалар, ооруканалар, спорт аянчалары ж.б. 2019-жылдын башынан бери Ош жергесинде 37 ишкана ачылып, туруктуу 500 кызмат орду түзүлдү. Аймакка инвестиция катары 3 млрд. сом тартылган. Муну менен бирге, айыл-чарба продукцияларын экспортко чыгаруу иштери дагы ийгиликтүү жүзөгө ашырылууда. Негизинен Россия, Казакстанга экспортко чыгарылат. Бирок, быйыл алгачкы жолу Кытай Эл Республикасына 100 тонна гилас экспорттолду.  Кийинки жылы  алма, бал менен Европанын, эт менен Иран, Турциянын рыногун багындырсак деген тилек бар.

-Кытай Эл Республикасы менен болгон кызматташууга дагы бир аз сереп салып берсеңиз?

-Биз кытай ишкерлери менен абдан тыгыз иш алып барабыз. Өзгөчө Кытай Эл Республикасынын провинциялары менен кызматташуу алакаларыбыз жакшы бир деңгээлде өнүккөн. Кытай Эл Республикасы Ош облусунда негизинен Араван районундагы 2 цемент заводдо (Синьжи-Пирим, ЮКСМ компаниялары) жана Чоң Алай районундагы “Кайди” ишканасында инвестиция салып, иштешип жатат. 

Ошондой эле, былтыр “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” кытай компаниясы 30 студентти толугу менен каржылап, Сиань Мунайзат университетине билим алууга жиберген. Алардын бардыгы Ош облусунун Алай жана Чоң Алай райондорунун мектеп бүтүрүүчүлөрү. Учурда, ал балдар газ тармагы боюнча адистикте окуп жатышат.

Ош жергесиндеги менин бир жылдык ишмердүүлүгүмдө бир катар коңшу мамлекеттин аймак жетекчилеринин иш сапарлары болду. Атай кетсем, Кызыл-Суу автономдук облусу, Ганьсу, Гуандун, Циндао ж.б. 

Биз быйыл КЭРдин Чунцин шаарында дагы иш сапарда болдук. Бул менин Кытай Эл Республикасына болгон алгачкы сапарым болду. Ал жакта ШКУнун аймак лидерлеринин жолугушуусу болуп өттү. Кытай өндүрүш ишканаларын көрүп, ишкерлери менен дагы жакындан тааныштык. Маданий иш-чараларга дагы катыштык. Театрга барып, кытай өнөр адамдарынын талантына күбө болдук. Чунцин шаары дүйнөдөгү эң чоң шаар катары белгилүү экен. Менин байкоом боюнча ал жакта жол тыгыны дээрлик жокко эсе экен. Ал эми, санариптештирүү иштери толугу менен жүзөгө ашырылып жатыптыр. 

Биз шаардагы жаңы ачылган технопаркты көрдүк. Анда толугу менен санариптештирүү системасы иш алып барат экен. Ал жакта сатуучусу жок магазиндер, байкоо жүргүзө турган жаңы видеокамералар, медициналык жабдыктар булардын бардыгы менин көңүлүмдү өзгөчө өзүнө бурду десем болот. Дал ошол жакта Хайфу заводун көрүүгө бардык.

Бейтаптарды лазер менен операция жасоо кеңири жайылтылыптыр.  Бул биринчиден ооруксуз операция, 2-ден убакыт үнөм, жарандар жатпай эле үйлөрүнө кетет, бул жагынан каржыга да жакшы болот экен. Биз ушул тажрыйбаны жайылтуу демилгесин алып чыгып жатабыз.

Биз коңшу мамлекеттин жүзөгө ашырган долбоорлорун дагы колдонуп, өзүбүздө ишке киргизүүбүз керек деп эсептейм. Ошол эле санариптештирүү тармагы дагы бизде кыйла өнүккөн. 

Ганьсу аймагынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, бизге гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул жардам медициналык техникалык жабдыктар менен берилип, жалпысынан 20 млн сомду түздү. Алар райондук ооруканаларга, балдар ооруканасына таратылып берилди. Чындыгында, бул медициналык жабдыктарга муктаждык чоң болчу. Муну менен катар эле, кытай ишкерлеринин жарманке-көргөзмөсү дагы Ош шаарында өткөрүлүүдө. 

Мады айыл өкмөтүнүн аймагынан 150 гектар жер өндүрүштүк база куруу үчүн трансформациялоого берилген. Ал жакта ири логистикалык борбор куруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Кара-Суу районунун Мады жана Отуз-Адыр айылдык өкмөтүнүн аймагында 500 гектар жерге жаңы аэропорт куруу пландаштырылып, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өзгөн районунда мал союучу заманбап ишкана курулуп бүтсө, этти чет өлкөлөргө экспорттоо мүмкүндүгү дагы пайда болмокчу. Мына, ушул иштер боюнча дагы кытай инвесторлору менен кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 

Жалпысынан алганда, коңшу мамлекет менен кызматташуу алакаларыбыз жакшы бир деңгээлде өөрчүүдө. Алдыда, дагы жакшы жетишкендиктер болот деп ишенем.

-Ош облусундагы туризм тармагы боюнча дагы кеп кыла кетсеңиз?

-Ош облусунда туризмди өнүктүрүү максатында атайын буйрук менен комиссия түзүлдү. Аймактарды өнүктүрүү программасынын негизги талаптарынын бири ушул туризмдин өнүгүүсүнө алып келет. Анткени инфраструктура жакшырган, шарты жакшы аймакка туристтерди тартуу дагы жеңил болот эмеспи. 

Чындыгында, Ош шаарынын туризм тармагындагы потенциалы абдан чоң. Туризмди өнүктүрүүгө бизде ыңгайлуу табият, климат, кооз жерлер, тарыхый жайлар, меймандос элибиз бар. Биз жөн гана ушул туризмдин кайра жаралуусуна импульс берүүнү көздөйбүз. Бул жерде абдан активдүү жаштар көп. Алар туризмдин бардык түрлөрүн өнүктүрүүнү каалашат. Этно, тоо туризми ж.б. 

Бул ишти жеке гана биз эмес, эл аралык уюмдар дагы колдоп келишет. Чындыгында, туризм тармагы ар тараптуу колдоого ээ болуусу шарт. Кээ бир учурларда, чек ара кызматтарынын дагы көмөгүнө муктаж болот. Туристтин коопсуздугу дагы башкы орунда. Учурда, ушул жаатта да системалуу  иштер аткарылууда.

-1-октябрда Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнүнө 70 жыл толмокчу, сиздин оюңуз боюнча ушул жылдар аралыгында Кытай экономикасынын өтө тездик менен өнүгүүсүнө эмне себепкер болду?

-Чындыгында, акыркы 20-30 жыл аралыгында Кытай Эл Республикасы дүйнөлүк аренада өз орду, сөзү бар, күчтүү мамлекеттердин катарын толуктай алды. Менин жеке пикиримде коңшу мамлекеттин өнүгүүсүнө өбөлгө болгон башкы себептердин бири бул-дисциплина, тартип. 

Албетте, Кытай Эл Республикасын ушул мыкты майрамын утурлай 1,5 млн калкы бар Ош облусунун элинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктап кетмекчимин. Эң башкысы, ал жакта дагы бизде дагы тынчтык болсун. Эл аралык мамилелер чыңдалып, ынтымак ичинде бирге өнүгө берели. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)