WeChat      Избранное

​Берекелүү күз, толгон ай жана таттуу даам символу болгон Кытай майрамынан бир үзүм

23/09/2019  Источник:оригинал   шрифта:

​Берекелүү күз, толгон ай жана таттуу даам символу болгон Кытай майрамынан бир үзүм

“Ай таттуулары” 

Сүрөттөр интернеттен алынды

Салттуу кытай майрамдары кылымдарды карыткан тарыхты, өзгөчө кызыктуу маданиятты ичине камтып келет. Мына, ошондой майрамдардын бири Күз фестивалы. Тактап айтканда, ай жылнаамасы боюнча түшүмү мол күздүн жарымында белгилене турган Күз жарымы майрамы. Күз жарымы фестивалы ар дайым сегизинчи айдын 15-күнүнө туура келет. Ай жылнаамасы боюнча эсептелгендиктен анын датасы улам жылып турат. Негизинен бул сентябрь, октябрь айларында майрамдалып жүрөт. 

Быйыл, 2019-жылы бул күн 13-сентябрга дал келип, жалпы кытай эли майрамды өзгөчө кубануу менен тосуп алды. 

Күз жарымы фестивалы Кытай маданиятындагы абдан маанилүү майрамдардын бири болуп саналат.  Аны “Ай таттуусунун (пряниктеринин)” майрамы деп дагы атап келишет. Бул майрам жеке гана Кытай жергесинде белгиленбестен, Азиянын башка мамлекеттеринде дагы майрамдалат. Фестиваль өзүнүн кадыр-баркы жагынан жалгыз гана Кытай жаңы жылынан артта болбосо, калган майрамдардын алдыңкы сабында турат. Бул күнү эл шаан-шөкөт менен майрамды тосуп алып, “ай таттуусун” бир-бирине, жакындарына тартуулашат. “Ай таттуусу” ар түрдүү даамдарга ээ болот. Ошондуктан, ар бир адам өзүнө жаккан даамын тандап алат. 

“Ай таттуулары”- бул кичинекей болгон, кулинардык продукция. Аны негизинен кол менен кармап жешет. Ал толгон айдын белгиси катары тегерек жасалып, бетине ар түрдүү каалоо-тилектер жазылып, оймо-чиймелер менен кооздолот. Ар бир таттуу өзүнчө бир кооз баштыкчага салынып, чыгарылат. Ал кичинекей болгону менен, абдан калориялуу. 

Күз майрамы бул үй-бүлөлүк майрам болуп саналат. Ошондуктан, бардыгы аны жакындары, үй-бүлөсү менен биргеликте өткөрүүгө аракет кылышат. Бул күнү жаратылыштын, толгон айдын сулуулугуна арналган ырлар окулуп, ар бир үй-бүлө ичи өзгөчө бир шаңга бөлөнөт. Берекелүү күздүн майрамы айдын толгон убактысына дал келип, көпчүлүк ачык асман алдында, толгон айга суктануу менен майрамды улантышат. Кытайда толгон айдын орду дагы өзгөчө. Анткени, толуп турган ай-биригүүнүн, биримдиктин, ынтымактын символу катары дагы белгилүү. 

Бул күнү парктарда, эс алуу жайларында майрамдык маанай орун алып, кытайдын салттуу символикалары болгон ажыдаар менен арстандын бийи майрамга өзгөчө шаң кошот. Көчөлөргө асма шамдар илинип, кандайдыр бир сыйкырдуу дүйнөгө сапар алгандай таасир калтырат. Соңунда, шамдар асманга карай учуп, толгон ай менен айкалышып, майрам көркүнө чыгат. 

​Берекелүү күз, толгон ай жана таттуу даам символу болгон Кытай майрамынан бир үзүм

 Майрамды көрккө бөлөгөн элдик шаан-шөкөттөр. 

Ай ханышасы Чанъе же төңкөрүш “таттуулары”

Күз жарымы фестивалы 1.5 миң жылдан бери майрамдалып келет. Башка майрамдар сыяктуу эле анын келип чыгышы дагы көп сырдуу уламыштарга бай. Алардын көпчүлүгү айга барып жашап калган Чанъе аялдын окуяларына байланыштуу. Алардын биринде, ай ханышасы Чанъе легендарлуу жаачынын аялы болгон. Жаачы асмандагы он күндүн бирөөсүн гана калтырып, калганын жерге атып түшүрүүгө буйрук алган. Бул ишти ийгиликтүү жүзөгө ашырган соң, ага өлбөстүн суусун белекке беришкен. Бирок, жубайы Чанъе бул сууну таап, ичип алып айга учуп кеткен деп айтылат. Ошондон бери, ал бүгүнкү күнгө чейин айда жашап, жер бетине көз салып турат деген уламыш бар.  

Ал эми, башка бир уламыш боюнча монголдордун Юань династиясы учурунда, жергиликтүү калк башкарууга нааразы болуп, төңкөрүш өткөрүүнү чечишет. Алар “ай таттууларын” ойлоп чыгып, пряниктин ортосуна атайын каттарды салып бир-бирине беришкен. Ал каттарда төңкөрүш качан жана кайсы жакта болоору жазылган. Төңкөрүш толгон ай учурунда болуп, карапайым эл жеңишке жеткен. Ошол күндөн бери бул майрам эл арасында өзгөчө шаан-шөкөт менен майрамдалып келет деп айтылат. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)