WeChat      Избранное

Түркияда ичимдикке ууланып элүүдөн ашык киши көз жумду

17/10/2020  Источник:интернет   шрифта:

Түркияда ичимдикке ууланып элүүдөн ашык киши көз жумду

ФотоWWW

Укук коргоо органдары атайын рейддин жүрүшүндө 1,5 миң жасалма спирт ичимдиктеринин бөтөлкөсүн жана 3,2 миң литрден ашык жасалма суусундук тапкан.

Түркияда жасалма спирт ичимдигине ууланып 54 адам каза тапкандыгын Известия басылмасы жазды.

Ичимдикке уулануу фактысы Измир, Айдын жана Текирдаг аймактарын кошкондо 11 провинциядан катталган.

Жергиликтүү NTV телеканалы кабарлагандай, укук коргоо органдары өлкө боюнча атайын рейддин жүрүшүндө 1,5 миң жасалма спирт ичимдиктеринин бөтөлкөсүн жана 3,2 миң литрден ашык жасалма суусундук тапкан.

Буга чейин ичимдикке уулануудан улам Түркияда 30 киши каза болгондугу айтылган эле. Ошол эле күнү полиция кызматкерлери Мерсин провинциясынан ичимдик жасоочу жашыруун жайды аныкташкан.

Ал эми табылган ичимдиктерде ууланууга себеп болгон метанолдун курамы көбүрөөк экендиги белгилүү болду.






(Автор:sputnik / Редактор:GL)