WeChat      Избранное

Кыдырбек кызы Айкерим: “Башка тилди, маданиятты, салт-санааны үйрөнүү окуучунун дүйнө таанымын кеңейтет”

07/10/2020  Источник:оригинал   шрифта:

 Кыдырбек кызы Айкерим: “Башка тилди, маданиятты, салт-санааны үйрөнүү окуучунун дүйнө таанымын кеңейтет”

ФотоWWW

Бүгүнкү биздин “Дүйнө тааным” рубрикабыздын башкы каарманы Кыдырбек кызы Айкерим болду. Айкерим Токтогул Сатылганов атындагы №69- окуу тарбия комплекс-гимназиясынын Конфуций классында кытай тилинен сабак берет. Окуучуларга кытай тилин гана үйрөтпөстөн, кытай маданияты, тарыхы, салт-санаасы менен жакын тааныштырган Айкерим бизге өзү тууралуу айтып берип, эмне себептен келечектеги кесибин кытай тили менен байланыштыргандыгына дагы токтолуп өттү. 

- Айкерим, алгач өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз?

- Мен өзүм Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарында төрөлүп, өскөм. Орто мектепти дагы ал жактан аяктадым. Андан соң, борборубуздагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Кыргыз-кытай факультетинен билим алдым. 2013-жылы ЖОЖду бүткөндөн кийин Кытай Эл Республикасына гранттык негизде магистратурага окуу чакыруусуна ээ болгом. 

Кыдырбек кызы Айкерим: “Башка тилди, маданиятты, салт-санааны үйрөнүү окуучунун дүйнө таанымын кеңейтет”

- Кытай тилин үйрөнүүгө эмне түрткү болду, учурда бул тил жашооңузда жардам берүүдөбү?

- Бардыгыбызга белгилүү болгондой, Кытай дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттердин катарын толуктап келет. Ошондой эле, Кытайды таануум жана тилине болгон кызыгуум бул бала кезден Джеки Чандын, Джет Линин кинолорун көргөндөн башталса керек. Мына, ушул дагы кандайдыр бир деңгээлде коңшу мамлекеттин тилин үйрөнүүгө түрткү болду. Бала чагымдан эле Кытайда окуп, иштөөнү максат кылгам. Ошондуктан, кытай тилин үйрөнүүнү Кыргызстандан эле баштадым.

Чындыгында, билим алып жаткан жердин тилин билүү жашоону бир топ жеңилдетет эмеспи. Анын үстүнө, мен орто мектепти аяктап жаткан жылдары кытайчаны үйрөнүү эл арасында абдан белгилүү болуп, аны окууну каалагандардын саны көп болуп жаткан мезгил эле. Бул кырдаал дагы өзүнүн таасирин берди десем жаңылышпайм. 

Ар бир жаңы нерсени үйрөнүп баштаганда кыйынчылыктар кездешет эмеспи, анын сыңарындай кытай тилин үйрөнүү дагы оңойго турган жок. Иш ийгиликтүү болуусу үчүн, адамдын өзүнүн каалоосу менен катар эле, чыдамкайлык, сабырдуулук сапаттары дагы талап кылынат. Ошондо гана баштаган нерсени аягына чейин чыгарып, жакшы жыйынтыкка жетүүгө мүмкүн. 

Учурда болсо, ушул чет жерден алып келген билимимди жаштарга үйрөтүп жаткан мезгилим. Тактап айтканда, Токтогул Сатылганов атындагы №69- окуу тарбия комплекс-гимназиясынын Конфуций классында кытай тилинен сабак берем. 

Тил үйрөнгөн абдан жакшы. “Кыргызда канча тил билсең ошончо адамсың”-, деп бекеринен айтылган эмес. Башка тилди, маданиятты, салт-санааны үйрөнүү окуучунун дүйнө таанымын кеңейтет. Эң жок дебесе, мектеп партасынан эле кошумча бир чет тилин үйрөнүп чыгат. Ошондуктан, биздин мектеп дагы окуучуларыбыздын жаркын келечеги үчүн бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп бергенге аракет кылып келүүдө.Ушундай кадамдар аркылуу өлкөбүздүн билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө аз да болсо өз салымыбызды кошуп жатабыз деп эсептейм. 

Акыркы жылдары Кытайдын экономикасы өзгөчө тездик менен өнүгүп жатканы бардыгыбызга белгилүү. Кыргызстан менен Кытай коңшу мамлекеттерден, бардык тармактарда байланышыбыз бар. Кызматташтык алакаларыбыз жыл өткөн сайын ар тараптуу өнүгүүдө. Соода-экономикалык, билим берүү, саламаттык сактоо жаатындагы алакаларыбыз дагы жакшы чыңдалууда. Ошондуктан, бүгүнкү күнү да бул тилге болгон суроо-талап көп. Кытай компанияларында ийгиликтүү иштеп жүргөн жаштарыбыз дагы арбын. 

Чындыгында, жеке эле кытайчаны эмес, башка чет тилдерди дагы билсең, ошончолук көп жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат эмеспи. Башка элдин маданиятын, тилин үйрөнүп, дүйнө таанымды кеңейтүү эч качан зыянын тийгизбейт. 

- Сиз иштеп жаткан мектеп-гимназияда кытай тилин үйрөтүү кандай деңгээлде?

- Мектепте окуучуларыбыз кытай тилин 2-класстан баштап үйрөнө башташат. Кытай тилин үйрөтүү жана үйрөнүү ийгиликтүү болуусу үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Кытайдан келген китептер менен билим беребиз. Ар бир аудитория зарыл болгон бардык заманбап техникалык каражаттар менен камсыздалган. 

Окуучулар арасында дагы кытай тилин үйрөнүүнү каалагандардын саны көп. Анткени, аны мыкты деңгээлде өздөштүрүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр каралган. Азыркы учурда, окуучуларыбыз мектепти аяктай электе эле HSKдин 5-деңгээлин алып, мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтүп жатышат. Конфуций институту тарабынан уюштурулуп жүргөн түрдүү жарыштарда биздин балдар ар дайым байгелүү орундарга ээ болуп жүрүшөт. Бул жактан окуучуларыбыз кытай тилин үйрөнүү менен чектелип калбайт. Алар кытай маданиятын, тарыхын, майрамдарын, салт-санаасын окуп-үйрөнүшөт.

Окуучуларыбыздын тил өздөштүрүү жөндөмдүүлүгүн өөрчүтүү үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүп келебиз. Ушундай колдоонун жана тынымсыз аракеттин артынан 50дөн ашуун биздин окуучулар, учурда Кытайдын мегаполис шаарларында билимин улантып, кытай тилин тереңдетип үйрөнүп жатышат. Бишкек шаарында кытай тили боюнча предметтик олимпиадаларда дагы биздин окуучулар алдыңкы орундарды багындырып келишет. Мындай жакшы жыйынтыктын артында мугалимдердин эмгеги зор. Ошондуктан окуучуларыбыздын жетишкен ийгилиги биздин мектептеги билим берүүнүн сапатынын көрсөткүчү болуп бере алат.

Мына, былтыр эле 2019-2020-окуу жылында 162 мамлекеттин арасынан “Конфуцийдин дүйнөдөгү эң мыкты классы” сынагынын жеңүүчүсү болуп биздин мектептин Конфуций классы аталды. Мындай дүйнөлүк деңгээлдеги сынакка катышуунун өзү эле чоң көрсөткүч эмеспи. Ошондуктан, биздин жеңишибиз күтүүсүз келген кубанычтуу кабар болду десем эч жаңылышпайм. 

- Пандемия билим берүү тармагын бир топ эле солгундатып койду. Аралыктан кытай тилин окутуу кандай өтүп жатат?

- Коронавирус илдетинин жайылышы менен билим берүү тармагында дагы бир катар өзгөрүүлөр болду. Биздин мектеп, жетекчилик кабыл алынган бардык чечимдерди колдоп, эрежелерди так сактады. Аралыктан окутууга алдын-ала даярдоо иштери жүргүзүлдү. 3-чейрек бүтө элек кезинде карантин башталган. Ошондон тарта жазгы каникул учурунда, жарым айлык мөөнөттүн ичинде онлайн сабак берүүгө даярдандык.

Албетте, бул жаңы формат болгондугу үчүн сабактарды өтүүдө суроолор абдан эле көп болду. Кээ бир окуучулар интернетке чыгууга байланышы болбой дагы кыйын абалда калышты. Бирок, сабактарды өз убагында жана толук кандуу өтүүгө бардык аракеттерди көрүп жаттык. Азыркы учурда болсо, аралыктан сабак өтүү системасы дагы бир калыпка түшүп калды. Негизинен, бул система мугалимден дагы, окуучудан дагы көп изденүүнү талап кылат экен. Бир гана сабактын убактысы кыскартылды. Анткени, кайтарым байланыш үчүн дагы кошумча убакыт керек болуп жатты.

Негизинен сабактарды алып барууда classroom программасы колдонулду, zoomду дагы колдонгондор болду. Ал эми, кайтарым байланыш үчүн ватсап жана телеграмм баракчалары керектелип жатты. Албетте, окуучуларга класс ичинде сабак өткөнгө эч нерсе жетпейт. Ошентсе, дагы интернет аркылуу бетме-бет сабак өтүп, окуу планды толугу менен өтүүгө болгон аракеттерди көрүп жатабыз.

- Кытай тилин үйрөнүүнү каалаган жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?

- Жогоруда айтып кеткендей, жаңы бир нерсени  үйрөнүү, баштоо оңойго турбайт. Кытай тилинин өзүнүн дагы өзгөчөлүктөрү, кызыктуу тараптары бар. Аны толук кандуу үйрөнүү үчүн күчтүү каалоо жана тынымсыз эмгек талап кылынат. 

Кытайчаны жакшы өздөштүрүү үчүн көп угуп жана түшүнүүгө аракет кылуу зарыл. Бул тилде кино, ар түрдүү программаларды көрүү, аны тереңдеп үйрөнүүгө абдан жакшы жардамын берет. Ар бир кетирген катанын үстүнөн иштөө дагы маанилүү. Убакытты туура пайдаланып, тил үйрөнүүгө басым жасоо керек. Тилди өнүктүрүү үчүн кытайлар менен сүйлөшүү дагы жакшы жардамын берет

- Кытай элинен баалаган сапатыңыз?

- Мен кытай элинин эмгекчилдигине абдан баа берем. Эрте жатып, эрте турушат. Тынымсыз эмгек үстүндө болушат. Муну менен эле катар, коңшу эл билим алууга дагы абдан жакшы көңүл буруп, ар тараптуу өнүгүүгө умтулушат. 

Кытай тилин үйрөнүү заман талабы 

Кытай тилин үйрөтүү Токтогул Сатылганов атындагы №69- окуу тарбия комплекс-гимназиясына  2004-жылы ийрим катары киргизилген. Ага Кыргызстандагы Кытай Эл Республикасынын элчилиги көмөк көрсөтүп, ошонун натыйжасында окуучулар кытай тилин үйрөнө башташкан. Бирок, ал мезгилде адистердин жетишсиздиги дагы башкы маселе болуп, бул багыт тоскоолдукка учураган.

Ал эми, 2009-жылдан баштап, Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетинин алдындагы Конфуций институту менен келишим түзүлүп, Конфуций классы ачылган. Ошондон бери, кытай тили атайын сабак катары окутулуп келет. Анын ичинен тереңдетилген жумалык жүктөмдөрү дагы көп. 

Кытай тилин үйрөнүү заман талабы болгондугу үчүн аталган мектепте бул тилде мыкты деңгээлде өздөштүрүү үчүн бардык ыңгайлу


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)