WeChat      Избранное

Адис: банан нерв системасын бекемдөөгө жардам берет

19/09/2020  Источник:интернет   шрифта:

Адис: банан нерв системасын бекемдөөгө жардам берет

ФотоWWW

Диетолог банандын курамында калий, магний, марганец жана жез бар экенин эскерткен. Ошондой эле анын курамында B6 витамини — пиридоксин да көп.

Бананды үзгүлтүксүз, бирок ченеми менен жеп туруу жүрөктүн иштөөсүн жакшыртып, нерв системасын бекемдөөгө жардам берет. Бул тууралуу дарыгер-диетолог Наталья Пугачева билдиргенин РИА Новости жазды.

Ага ылайык, адис банандын курамында калий, магний, марганец жана жез бар экенин эскерткен. Калий менен магний жүрөктүн ишин жакшыртууга керек. Ошондой эле булар кан басымды бир калыпта кармап турууга да көмөктөшөт. Жез гемоглобин менен коллагендин синтездешип туруусуна жардам берип, организмдеги керексиз заттарды жоготот. Марганец болсо энергетикалык алмашууну жакшыртат.

Диетологдун айтымында, банандын курамында B6 витамини — пиридоксин да көп.

"Бул витамин нерв системасына, кандын жаралышына жана антиоксиданттык коргоого жардам берет", — деди Пугачева.

Дарыгер жакшы быша элек банан жегенди сунуштаган. Анткени мындай түрлөрү крахмал, клетчатка жана пектинге бай болот. Булар ичеги карынды жакшы иштетет. Ошол эле учурда Пугачева бул жемишти ченеми менен колдонуу керектигин айткан. Анда калорий көп эмес, белок менен май дээрлик жок, бирок 40 граммдай углевод бар.

"Сары банандарда фруктоза жана глюкоза көп, ошондой эле ал адамды бат тойгузуп коет", — деди дарыгер.

Пугачева көп кыймылдабаган, толугураак адамдар күнүнө бир, жумасына эки-үч банан жесе боло турганын айткан. Ал эми спортчулар бул жемишти күнүнө үч-төрттү жесе болот.






(Автор:sputnik / Редактор:GL)