WeChat      Избранное

Бир күндө COVID төрт кыргызстандыктын өмүрүн алды. 126сы өтө оор абалда жатат

16/11/2020  Источник:интернет   шрифта:

Бир күндө COVID төрт кыргызстандыктын өмүрүн алды. 126сы өтө оор абалда жатат

ФотоWWW

Илдеттен көз жумгандардын экөө Бишкекте, экөө Талас облусунда катталды. Бүгүнкү күндө 3 279 бейтап ооруканадаКыргызстанда соңку бир сутканын аралыгында коронавирус жуктуруп алган төрт адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Илдеттен көз жумгандардын экөө Бишкекте, экөө Таластын ооруканаларында дарыланып жаткан. Ушуну менен COVID-19 пендемия башталгандан бери 1 203 кыргызстандыктын өмүрүн алды.

Бүгүнкү күндө 3 279 бейтап ооруканада жатат. Алардын ичинен:

64 адам (1,9%) — канааттандырарлык абалда;

2 134 (65,0%) — орточо оор абалда;

955 (29,1%) — оор абалда;

126 (3,8%) — өтө оор абалда.

Ошол эле учурда 4 043 киши үй шартында дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда.






(Автор:sputnik / Редактор:GL)