Кыргызстанда адам өлүмүнө себепкер оорулардын тизмеси жарыяланды
ФотоWWW
Статистикага карай турган болсок, республикада адамдардын көбү инфекциялык эмес оорулардан жабыркап, көз жумат.
Электрондук саламаттык сактоо борбору Кыргызстанда өлүмгө алып келген оорулардын тизмесин жарыялады.
Маалыматтар 2019-жылдагы көрсөткүчтөргө ылайык алынган. Төмөндө алардын тизмесин келтиребиз:
Жүрөк-кан тамыр оорулары — 51 пайыз;
Жаңы пайда болгон шишиктер — 12,3 пайыз;
Жаракат жана уулануу — 7,5 пайыз;
Тамак сиңирүү системасындагы оорулар — 6,1 пайыз;
Дем алуу органдары — 5,5 пайыз.
"Бул маалыматтарды карай турган болсок, республикада адамдардын көбү инфекциялык эмес оорулардан көз жумат", — дешти борбордон.
Мындай илдеттерди алдын алууда бардык секторлор — саламаттык сактоо, финансы, транспорт, билим берүү, айыл чарба жана башка тармактар биргеликте иш алып баруусу зарыл экени белгиленди.
последние
Рекомендация
- 1В Кыргызстане президент отправил в отставку премьер-министра, правительство и главу ГКНБ
- 2Дмитрий Орлов: После каждой смены власти отношения Кыргызстана и Китая становятся все интенсивнее
- 3Президент Сооронбай Жээнбеков: “Борбордук шайлоо комиссиясына мыйзам бузууларды терең изилдеп, зарыл болсо шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуш кылдым”
- 4Азамат Темиркулов: “Мыйзам гана бул абалды туура нукка сала алат”
- 5Игорь Шестаков: Садыр Жапаров - национал-патриот