Атамбаевдин үй-бүлөсү, тарапташтары нааразычылык акциясына чыгышты.
ФотоWWW
Суукка карабай Жогорку соттун алдына бир нече адамдар чогулган. Арасында Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева, уулдары, кызы, күйөө баласы жүрөт.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Жогорку соттун алдына митингге чыгышты.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Жогорку соттун алдына митингге чыгышты
Суукка карабай ал жерге бир нече адамдар чогулган. Арасында Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева, уулдары, кызы, күйөө баласы жүрөт.
Чогулгандар "Атамбаев эң мыкты президент", "Ачык жана акыйкат сотту талап кылабыз", "Атамбаевге эркиндик" деген жазуусу бар транспоранттарды көтөрүп турушат.
"Конкреттүү жооп алабыз, себеби бүгүн болобу же болбойбу деген көп суроолор бар. Соттун тиешелүү өкүлдөрүнөн чыгып бизге сот канчасында болорун айтып коюшсун", — деди Атамбаевдин тарапташтарынын бири Рита Борбукеева үн күчөткүч менен сүйлөп жатып.
Жогорку соттун маалымат кызматы судьянын ооруп калгандыгына байланыштуу Атамбаевдин соту белгисиз мөөнөткө жылдырылгандыгын билдирген эле.
Жакындары "Атамбаев темир тордун артында мыйзамсыз отурат" деп билдирип, соттук процесстердин жабык өтүп жаткандыгына нааразы болуп, ачык жана таза сот болушун талап кыларын кечээ социалдык тармакка жазышкан.
Белгилей кетсек, Атамбаевди элдик толкундоодо 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үйдү басып алгандан кийин УКМКнын тергөө абагынан чыгарышкан. 10-октябрда Бишкектеги массалык башаламандыкты уюштурду деген кылмыш ишинин алкагында кайра кармашкан.
Ага чейин кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан бошоткон деген айып менен 11 жылга кесилген. Мындан тышкары, 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча айыптуу катары саналууда.
последние
● Чтобы стать губернатором в Китае, нужно не менее 40 лет трудиться
● Атамбаевдин үй-бүлөсү, тарапташтары нааразычылык акциясына чыгышты.
● Бир күндө COVID төрт кыргызстандыктын өмүрүн алды. 126сы өтө оор абалда жатат
● Вступить в новый этап развития и открыть новую страницу китайско-кыргызских отношений
Рекомендация
- 1Кыргызстанда адам өлүмүнө себепкер оорулардын тизмеси жарыяланды
- 2COVID-19га кабылган бөбөктөр кийин тукумсуз болуп калышы мүмкүн. Жаңы иликтөө
- 3Почему дорожает основной продукт кыргызстанцев?
- 4Кыргызстандагы саясий кырдаал саясатчыларды бир арага чогултту
- 5[Наши соседи] В доме у начальника таможенного поста обнаружено свыше $310 тысяч