WeChat      Избранное

Пандемия шартында жалпы билим берүү уюмдарында окуу процессин уюштуруу боюнча нускама иштелип чыкты

20/08/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Пандемия шартында жалпы билим берүү уюмдарында окуу процессин уюштуруу боюнча нускама иштелип чыкты

ФотоWWW

Билим берүү жана илим министрлиги эксперттик-консультативдик кеңеш менен биргеликте пандемия шартында жалпы билим берүү уюмдарында окуу процессин уюштуруу боюнча нускама иштеп чыкты.

Ал райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, нускамада окуу процесси салттуу (1-класс) жана дистанттык (2-11-класс) түрдө өткөрүүдөгү райондук, шаардык билим берүү бѳлүмдѳрүнүн мектеп администрациясынын жана мугалимдердин милдеттери так көрсөтүлгөн.

1-сентябрда менчик формасына жана түрүнө карабастан, республиканын бардык билим берүү уюмдарында 1-класстар үчүн салтанаттуу линейка уюштурулбайт. Билим күнүндө салттуу түрдө ийкемдүү графикке ылайык, “Сүйүктүү Кыргызстаным” аттуу 1-сабак өткөрүлөт.

Мындан сырткары нускамада окуу процессин уюштуруу, окуучуну мектепке тосуп алуу шарттары, класс ичиндеги алгоритмдер, танапис учурундагы талаптар, окутуу салттуу жана дистанттык түрдө жүргүзүүдөгү ата-энелердин милдеттери так жазылган.

Белгилей кетсек, COVID-19 пандемиясына байланыштуу жаңы окуу жылында 1-класстар гана салттуу режимде билим алышат.

Учурда, Кыргызстандагы 2292 мектеп жаңы окуу жылына даяр. Жай мезгилинде республикалык бюджеттин эсебинен бардык мектептерде пландуу оңдоо иштери аткарылды. Эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жаңы окуу жылынын башталышында билим берүү уюмдарынын имараттарында санитардык тазалоо иштери жүрүзүлөт.

Мындан сырткары Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги сентябрь айына 11 билим берүү объектисин пайдаланууга берүүнү пландап жатат.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)