WeChat      Избранное

КР вице-премьер-министри Аида Исмаилова Улуттук госпиталда жумушчу кеңешме өткөрдү

20/08/2020  Источник:оригинал   шрифта:

КР вице-премьер-министри Аида Исмаилова Улуттук госпиталда жумушчу кеңешме өткөрдү

ФотоWWW

20-август күнү Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталга баруусунда реаниматолог-анестезиологдор менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында анестезиология жана реаниматология кызматынын актуалдуу маселелери, өлкө боюнча реанимация бөлүмдөрүн жабдуу, кадрларды даярдоо, педиатриядагы анестезиология жана реаниматология кызматынын курч маселелери жана реанимациялык көмөк көрсөтүү өзгөчөлүгүнө жараша медициналык кызматкерлердин маянасына тийиштүү көйгөйлөр талкууланды.

Вице-премьер-министр COVID-19 илдетинин жайылышынын алдын алуу максатында Өкмөт тарабынан кабыл алынып жаткан чаралар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы боюнча курулуп жаткан жаңы ооруканалар тууралуу маалымат берди.

Жаңы курулуп жана реконструкцияланып жаткан ооруканалардагы реанимациялык бөлүмдөрдү жана блокторду, интенсивдик терапия палаталарын кычкылтек менен камсыздоо маселесине басым жасалды.

Реаниматолог адистер кызматты оптималдаштыруу, заманбап жабдуулар менен камсыздоо жана кызматка жаш адистерди тартуу боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын анестезиолог жана реаниматологдорунун бирдиктүү кызматынын жобосуна тийиштүү сунуштарды беришти.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова дарыгерлерге ыраазычылык билдирүү менен медициналык кызматкерлер менен жумушчу кеңешмелерди үзгүлтүксүз негизде өткөрүүнүн манилүүлүгүн белгиледи.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)