WeChat      Избранное

Кыйын кезеңде Кытай Кыргызстанды колдоосун улантууда

22/07/2020  Источник:оригинал   шрифта:


Кыйын кезеңде Кытай Кыргызстанды колдоосун улантууда

Кыйын кезеңде Кытай Кыргызстанды колдоосун улантууда

Кыйын кезеңде Кытай Кыргызстанды колдоосун улантууда

ФотоWWW

Дүйнөнү коронавирус илдети каптап, канчалаган мамлекеттер кыйын абалда калган кезде Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү баш болуп, кытай компаниялары дагы Кыргызстанга байма-бай өз жардамын берип келүүдө. Ушундай өлкө башына оор сыноо түшүп турган кезде коңшу мамлекет ар тараптуу колдоп, жугуштуу илдет менен каршы күрөшүүгө дагы өз салымын кошуп келе жаткандыгы бардыгыбызга маалым.

Мына, ушундай жардамдардын бири Үрүмчү шаарынан ишкеринен Кыргызстанга дагы берилди.  “Тулпар” эл аралык турфирмасынын генералдык директору Дуан Ганг мырза биздин жерде болуп жаткан оор кырдаалды көрүп, Кыргызстан менен эч кандай кызматташуу байланышы болбосо дагы өз жардамын көрсөтүүнү чечкен. Ошондуктан, ал качандыр бир убакта Кытайдын Илимдер Академиясында чогуу иштешкен кесиптеши, учурда Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Адыл Жунус уулу менен байланышып, ал аркылуу гуманитардык жардамын берген.

Биздин редакциянын журналисти мына ушул тууралуу жана деги эле Кыргызстандагы жалпы абал жөнүндө КР ЖКнын депутаты Адыл Жунус уулу менен баарлашты. Муну менен эле катар,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин дагы ой-пикирине күбө болду.

Адыл Жунус уулу, КР ЖКнын депутаты: “Кайдыгерлик дагы өлкө ичинде коронавирустун ушунчалык тез жайылып кетүүсүнө алып келди” 

-Үстүбүздөгү жылдын 18-мартынан баштап бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккан адамдардын саны 25 миңден ашып кетти. Акыркы күндөрү бул илдет менен ооругандар өтө тездик менен көбөйүп жаткандыгын көрүп жатабыз. Андан кайтыш болгондордун саны дагы көбөйүп жаткандыгы абдан өкүндүрөт. Аябай оор кезеңди башыбыздан өткөрүп жатабыз. Кыргызстанда абал күндөн-күнгө курчуп, коркунучтуу жагдайга кептелип калдык. Ушул жаман дарттан кайтыш болгондордун саны дагы элдин санына жараша эсептеп келгенде абдан көп болуп жатат. Бул кырдаал жалпы элибизди, мамлекетти терең убайымга салып, кайгыга чөктүрүп турган мезгили. Бардыгыбыз үчүн чоң коркунуч жаралып жаткан кез.

Чындыгында, март айынын аягы менен республика боюнча өзгөчө кырдаал, оорунун очогу болгон айрым аймактарда өзгөчө абал киргизүү чечими кабыл алынып, карантинге отурганыбыз туура эле болгон эле. Ал кезде, коронавирус менен аныкталган бейтаптардын саны күнүнө 15-20га чейин көбөйүп жаткан кез болчу.

Азыркы учурда, күнүнө миңден ашуун бейтаптар тастыкталып жаткан кезде карантин режимине өткөн жокпуз. Бул биздин биринчи катачылык болуп калды деп ойлойм. Экинчиден болсо, 21-майда карантин режими алынып, экономикалык тармактардын айрым багыттары өз ишин баштагандан баштап эле, эл дагы эч кандай санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактаган жок. Эң эле жөнөкөй мисал, эл топтолгон жерлерде, дүкөн, соода түйүндөрүндө аралыктар сакталбастан, беткап кийген жарандарыбыз дагы чанда эле кездешип жатты. Майрам-тойлор көбөйүп, бир-бирине мейманчылап баргандардын дагы саны көбөйүп жатты. Муну менен катар эле, коомдук унаалар жүргүнчүлөргө толуп, коронавируска чейинкидей эле жай-баракат турмуш башталып, мурдагы эле көрүнүштөр кайталанып жатты. Жогоруда айткандай, соода түйүндөрүндө жүргөндөрдүн 80%ы беткап тагынбагандыгын мен дагы өз көзүм менен көрүп жаттым.

Чындыгын айтканда, эл бул жугуштуу оорууга өзгөчө кайдыгер мамиле кылып туруп алды. Мына, ушунун кесепетинен бул илдет менен ооругандардын саны укмуштуудай тездик менен көбөйдү десек болот. Тартипке баш ийбөө, кайдыгерлик ушундай абалга кептеп койду. Июнь айынын башында болуп өткөн парламенттин жыйынында, мен вице-премьер-министрге, Республикалык штабдын жетекчилигине кайрылган элем. Ал кезде ооругандардын саны 2000ге жетпеген мезгил болуусу керек. Ошондо мен, эмне себептен беткапсыз, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге баш ийбей жүргөн жарандарыбызга айып пул салынбай жаткандыгын сурап, бизде эч кандай тартип болбой жаткандыгын айткам. Жок дебесе, 5-10 миң милицияны Бишкектин көчөлөрүнө коюп, алар элге айып пул салбаса дагы, кабыл алынган эрежелерге баш ийбегендерге эскертүү берип, тартипке чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсүн талап кылган элем. Эгерде, ушундай абалда кете берсек кыйын кырдаалга кептелип, оор заманга туш келип калабыз деп дагы кайрылуу жасадым эле. Тилекке каршы, штаб андай чараларды көргөн жок. Эл менен түздөн-түз иш алып барышпады. Телевизордогу эле видео-роликтер менен чектелип калдык. Бул дагы азыркы кыйын жагдайдын пайда болуусуна чоң түрткү болду.

18-мартта Кыргызстанда алгачкы жолу коронавирус менен катталгандар аныкталгандан баштап эле Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга өз жардамын берип, мамлекеттик деңгээлде азыркыга чейин ар тараптуу колдоп келүүдө. Кыргызстанга коңшу мамлекеттен гуманитардык жардамдардын аягы үзүлбөй эле келип жатат. Коронавирус менен биринчилерден болуп бетме-бет келип, аны жеңип чыга алган коңшу өлкө учурда, бүтүндөй дүйнөгө гуманитардык гана жардам көрсөтпөстөн, өз тажрыйбалары менен дагы бөлүшүүдө.

Мисалы, апрелдин аягында Үрүмчү шаарынан бизге атайын кытай дарыгерлеринен түзүлгөн топ келген. Кытайда эпидемиологиялык изилдөөлөрдө колдонулган ыкмалар жаатындагы тажрыйбалары менен бөлүшүшкөн болчу. Ошондой эле, кытай дарыгерлери адистер менен коронавирус инфекциясын алдын-алуу чараларын, эпидемияга каршы жана дезинфекциялоо иш-чараларын талкуулап, COVID-19 менен күрөшүүдөгү тажрыйбалары менен бөлүшүшкөндүгү бардыгыбызга маалым.

Мамлекеттен сырткары, Кытайдын ири компаниялары, жеке менчик компаниялар, Кыргызстанда жашап жаткан Кытай Ассоциациясынын мүчөлөрү, иштеп жаткан кытай жарандары дагы кыргыз элине, Кыргызстанга ушул жугуштуу илдетке каршы күрөшүүдө өз көмөктөрүн көрсөтүп, гуманитардык жардамдарын берип жаткандыгын көрүп жатабыз.

Мына, жакында эле Үрүмчү шаарынын ишкери, “Тулпар” эл аралык турфирмасынын генералдык директору Дуан Ганг мырза мени менен байланышып, ушундай оор кырдаалда Кыргызстанга өз жардамын берип, колдоо көрсөткүсү келгендигин билдирди. Ошентип, ал дагы бизге өз фирмасынын атынан гуманитардык жардам көрсөттү. Мен учурдагы кырдаалга байланыштуу ал жардамды өзүм жерине жеткире алган жокмун. Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев аркылуу Ысык-Көл облусунун Түп районуна жеткирдик. Чындыгында, азыркы тапта аймактарда дагы абал абдан оор. Ысык-Көл облусу дагы бул жаатта абдан кыйналып жаткан мезгил. Мына, өзүңүздөр күбө болгондой учурга чейин Кытайдан жардам эч токтобостон берилип жатат. Мындан кийин дагы анын аягы үзүлбөй, улана берээрине көзүм толук жетет.

Мына, 15-июнь күнү КЭРдин Үрүмчү шаарынан бир кишиден коронавирус аныкталгандыгы үчүн миллиондогон калкы бар шаарды карантинге жаап коюшту. Бардыгы жабылып, тамак-аш, дары-дармектер ыктыярчылар тобу тарабынан элге толук кандуу жеткирилип жатат. Сырттан бир дагы кишини көрүүгө болбойт. Үрүмчүнүн жашоочулары бардыгы тартипке баш ийип, жалпы элдин, жакындарынын, өздөрүнүн коопсуздугу үчүн үйдөн чыкпай отурушат. Мына, ушуну чагылдырган видеону вичаттан көрүп калып, интернет аркылуу көптөгөн санаалаштарыма жибердим. Бардыгы таң калуу менен көрүп, абдан жакшы бааларын беришти. Ушундай тартип болгондугу үчүн Кытай коронавирусту жеңип чыккандыгын айтышты. Дагы да жеңишке жетерине шек жок деген ойлору менен бөлүшүштү.

Менин пикиримде, өлкө башка ушундай кыйынчылык түшкөн учурда, колдоп, жардам берүү бул чыныгы достуктун, ар тараптуу шериктештиктин белгиси. Оор сыноодо бир-бирибизге колдоо көрсөтүп, көмөктөшүү туура нерсе. Пандемиядан кийин дагы эки мамлекеттин кызматташуусу чыңдалып, бардык тармактарда байланыш алакалары өнүгөт деп ишенем. Себеби, эки коңшу эл, эки мамлекет ортосунда бир-бирине болгон ишеним, достук мамиле бар экендигин учурдагы кырдаал дагы бир жолу тастыктай алды деп ойлойм.

Курманбек Дыйканбаев , КР Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү: “Ушундай жардамдар аркылуу бир адамды дагы оорудан сактап кала алсак, ал биз үчүн чоң жеңиш болмокчу” 

-Бардыгыбызга белгилүү болгондой, азыркы тапта Кыргызстан башынан оор күндөрдү өткөрүп жатат. Пандемия күндөн-күнгө күч алып, кыйын мезгилде жашап жатабыз. Мына, ушундай күндөрү достор-туугандар ушул кырсыкка көңүл буруп, өз жардамдарын көрсөтүп, колдоп жаткандыгы албетте, кубанычтуу иш. Жардамдар болуп жатат.

Мына, жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Адыл Жунус уулунун көмөгү менен Кытай Эл Республикасынан Дуан Ганг аттуу кытай ишкеринен 22 миң беткап жана 100 коргоочу костюм жардам катары келди. Өзүңүздөр билгендей, учурда аймактарда дагы абал оор.

Ошондуктан, бул жардамды Ысык-Көл облусунун Түп районуна жеткирдик. Райондо 36 айыл бар. Гуманитардык жардам бардыгына тегиз бөлүнүп, кошумча дары-дармектер менен бирге берилди. Азыркы кездеги эң башкы тилек бул элибиз ушул оорудан тез сакайып, жакшы болуп кетсе деген эле ниет. Ушундай жардамдар аркылуу бир адамды дагы оорудан сактап кала алсак, ал биз үчүн чоң жеңиш болмокчу.

Учурдан пайдаланып, бизге ушундай өз колдоосун көрсөтүп, жардам берип жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Адыл Жунус уулуна дагы өз рахматымды айтмакчымын. Муну менен эле катар, коңшу Кытай Эл Республикасына дагы терең ыраазычылыгымды  билдирип кетмекчимин. Ал жактан Кыргызстанда коронавирус менен алгачкы катталгандар аныкталгандан баштап эле гуманитардык жардамдар байма-бай келүүдө. Бул эки мамлекеттин ортосундагы ар тараптуу кызматташуунун, алаканын жогорку  деңгээлде экендигинен кабар берет. Алдыда, бул апаатты жеңип чыккандан кийин чек аралар ачылып кыргыз-кытай алакасы дагы достук кызматташтык мамиледе өнүгө берет деп ишенем.

 Бокс верстка

Кыргызстанда COVID жана пневмониядан өлгөндөрдүн саны азаюуда

Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан каза болгондордун саны азаюуда. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, акыркы суткада каза болгон 34 кишинин ичинен экөөндө коронавирус лаборатория аркылуу тастыкталды. Ал эми калган 32 адамда вирустун клиникалык-эпидемоилогиялык белгилери болгон.

"Биз өлүмдүн саны өсүп кеткендиги тууралуу айтып жатканда, анын бардыгы түздөн-түз COVID менен байланыштуу эмес экенин түшүнүшүбүз керек. Көптөгөн башка себептери, бейтаптын негизги өнөкөт оорулары дагы бар. Албетте жалпысынан ала турган болсок, ооба, өлгөндөрдөн саны көбөйдү", — деди ал.

Ошол эле учурда Каратаев лабораториялык жактан тастыкталган COVID вирусунан каза болгондордун саны боюнча Кыргызстанды башка өлкөлөр менен салыштыра кетти. Анын айтымында, бул көрсөткүчтөр Литвада — 4,2 пайызга, Арменияда — 1,8 пайызга, Латвияда — 2,6 пайызга жетти. Ал эми Кыргызстанда — 1,4 пайыз.

"Эгер Кыргызстандагы бардык өлгөндөрдүн санын ала турган болсок, көрсөткүч 0,69 пайыз болот", — деди Каратаев.





(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)