WeChat      Избранное

Ар бир райондо түнкү стационарлар ачылат

15/07/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Ар бир райондо түнкү стационарлар ачылат

Ар бир райондо түнкү стационарлар ачылат

Ар бир райондо түнкү стационарлар ачылат

Ар бир райондо түнкү стационарлар ачылат

Ар бир райондо түнкү стационарлар ачылат

Ар бир райондо түнкү стационарлар ачылат

ФотоWWW

Борбор калаанын ар бир районуна түнкү стационар ачуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 7-кичи райондогу ДСК спорт комплексинин базасында бир стационар (97 орун) даярдалды. Мындан сырткары, "Консул" ресторанынын ээлери дагы имаратты акысыз беришкен.

"Орундар даяр болду. Азыркы тапта асма уколдор үчүн жабдуулар орнотулуп, медиктерди чогултуу иштери жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия буга чейин медик, медайым, санитарларды жумушка чакырган.

Эске салсак, шаарда 12 күндүзгү стационар иштеп жатат. Аларда тогуз күндүн ичинде 23 миң 819 адам кабыл алынган.

Пневмония же грипп болуп ооругандар кайрылчу күндүзгү стационарлардын даректери:

- Ленин району — “Газпром” ден соолукту чыңдоочу комплекси (Жайыл баатыр көч., 66). Бул жакта 90 орун бар;

- Биринчи май району — Кожомкул атындагы спорт сарайынын имараты. 150 орун бар;

- Свердлов району — Санатбаев атындагы ден соолукту чыңдоочу комплекс (Чыгыш-5 кичи району). 150 орун бар;

- Октябрь району — Чиркөөнүн жанындагы наабайкананын имараты (Түштүк магистраль). 140 орун бар.

Кытай Эл Республикасынан кычкылтек концентраторлору алынып келинди

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кычкылтек концентраторлорун жана пульсоксиметрлерди сатып алууга 50 млн сом бөлүнгөн.

Мобилдик кычкылтек концентраторлорун сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр өткөн аптада башталган. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигинин ыкчам ишинин натыйжасында мобилдик концентраторлор кыска мөөнөттө республикага жеткирилген. 

Вице-премьер министр Аида Исмаилова билдиргендей буга чейин кычкылтек концентраторлорунун биринчи партиясы – 500 даана келген. Өткөн аптада дагы  500 даана өлкөгө жеткирилди. 

«COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында бүгүн өлкөгө жеткирилген мобилдик кычкылтек концентраторлору өтө зарыл. Кычкылтек концентраторлору көптөгөн жарандарыбыздын өмүрүн сактап калууга жардам берет», – деди Аида Исмаилова.

Вице-премьер-министр белгилегендей, кычкылтек концентраты ыкчам тартипте коронавирус инфекциясынан жана өпкө сезгенүүсүнөн жабыркаган жарандар дарыланып жаткан медициналык мекемелер арасында бөлүштүрүлөт. Жабдуулардын бир бөлүгү COVID-19 жана пневмонияга каршы күрөш жүргүзүү үчүн ачылган медициналык мекемелерди жабдуу үчүн өлкө аймактарына жөнөтүлмөкчү.

“Элден элге жардам” ыктыярдуу тобу иштеп жатат

Акыркы мезгилде дүйнө жүзүндө элди кыйын кырдаалга тушуктуруп, канчалаган адамдардын өмүрүн алып жаткан таажывирус, ага кошулуп пневмония Кыргызстанда күч алып, дартка чалдыккандардын саны арбыды. Өлгөндөрдүн саны өстү. Медицина кызматкерлери жетишсиз болуп, ооругандар көп болгондуктан аларды ооруканага жаткыруу да оңой болгон жок. Ошентсе да эл ичинде калктын саламаттыгы үчүн күйгөн партиот жарандар ыктыярдуу топ түзүп, обсервацияга жаткыруу үчүн имараттарды даярдап, ооругандарга жардам берип жатышат. Алардын катарында бир канча ишкерлер, ырчылар, журналисттер коомдук ишмерлер жана чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргыз мигранттары да бар. Алар аз убакыттын аралыгында чоң суммадагы каражат чогултуп, медициналык каражаттарды, коргоочу кийимдерди, беткаптарды, дем алдыруучу аппараттарын алып, керектүү буюмдар менен камсыздап, медицина кызматкерлерине тамак-аштарды жеткирип берип жатышат.  Мындай патриоттордун эмгегин көргөн эл ыраазычылык билдирип, алкыштарын айтышууда. “Көп түкүрсө көл болот” демекчи, көпчүлүктүн жардамы жана “Бириксек ооруну жеңебиз!” урааны ооругандарга дем берүүдө. 

Москвадан дарыгерлер келишти

Өлкөбүздө болуп жаткан жагдайды четтен карап тура албаган Москвадагы дарыгерлерибиз да жардамга кол сунуп, жалпы отуз дарыгер Кыргызстанга келди. Аларды кыргызстандагы дарыгерлер тобу тосуп алып, жардамга келгенине терең ыраазычылык билдиришти. Москвадан келген врачтардын баары чет жакта иштеп жүргөн кыргыз жарандары экени белгилүү болду. Чет жерде тажрыйбасы мол болуп калган дарыгерлерибиз кыргыз элине дем берип, ооруну алдын алууга, анын коомчулукка дагы тереңдеп кетүүсүнө бөгөт коет деп ишенебиз. Айтмакчы, Москвадан элибиздин ден соолугу үчүн эң керектүү болгон жасалма дем алдыруучу 8F-3А аппараттары да алынып келинди. 

Коронавирустун экинчи толкуну кыш мезгилине туш болуп, аны грипптен айырмалоо кыйын болору айтылууда

Коронавирустун экинчи толкуну кышында болору болжолдонууда. Анын симптомдору курч респиратордук вирустук инфекцияларга (КРВИ) окшош болгондуктан айырмалоо оорчулук туудурат. Бул тууралуу РИА Новостиге дүйнөлүк WMA медициналык дарыгерлер биримдигинин мурдагы жетекчиси, профессор Леонид Эйдельман айтып берген.

Анын билдиришинче, COVID-19 массалык түрдө кайрадан ноябрь жана декабрь айларында тарашы мүмкүн.

"Бул айларда курч респиратордук вирустук инфекциялар күч аларын билебиз. Ошондуктан аларды коронавирус менен ооругандардан айырмалоо кыйын болот. Бейтаптардын бардыгы эле чүчкүрүп-бышкырып, жөтөлөт эмеспи. Бул толкун жайкыга караганда көбүрөөк кыйынчылык туудурат. Ага саламаттык сактоо системасы даяр турушу керек", — деп эскерткен дарыгер.

Ал белгилегендей, экинчи толкундун башталышы эмитеден байкалууда. Кайсы бир өлкөлөрдө ооругандар азайса, кээ бир жактарда күндөн-күнгө өсүп жатат. Мисалы, бир кезде коронавируска ээ боло албай калган Италияда абал жакшырса, ошол эле учурда Кытайда илдетке чалдыккандар кайрадан катталууда. Мындан тышкары, Индияда бейтаптардын саны көбөйгөнү айтылып келет.

Дүйнө жүзү боюнча 11 миллиондон ашык адам илдетке кабылып, жарымынан көбү айыкты. Дарттан 500 миңден ашык киши көз жумду.

Пандемия башталгандан бери 1 781 медкызматкер COVID-19га чалдыккан 

Кыргызстанда пандемия учурунда коронавирус инфекциясынан беш медицина кызматкери каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.

"Жалпысынан медиктер каза болгон беш учур катталды. COVID-19 жана пневмониянын түрү менен жабыркагандардын саны өсүүдө. Медицина кызматкерлери түнү-күнү иштеп жатышат. Кошумча оорулар болгон учурда абал татаалдашат, тыныгуусуз, сутка бою иштөө иммунитетти түшүрөт", — деди Акматова.

Пандемия башталгандан бери 1 781 медкызматкер COVID-19га чалдыккан. Анын ичинен 560 ак халатчан айыгып чыккан.

Аспирин, гепарин жана дексаметазон кандай шартта колдонулат. Адистин кеңеши

Буга чейин мессенджерлерде айрым колдонуучулар "аспирин канды суюлтпайт" деген билдирүүлөрдү таратышкан. Адис коронавирустун жеңил түрүнө кабылгандар гепарин дарысын эч убакта колдонбошу керектигин айтты.

Аспирин канды суюлтпайт деген туура эмес, ал дары тромбду пайда кылбай, канды суюлтуп жиберүүгө жардам берет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуева маалымдады.

Буга чейин мессенджерлерде айрым колдонуучулар "аспирин канды суюлтпайт" деген билдирүүлөрдү таратышкан.

Адистин айтымында, коронавирустун жеңил түрүнө кабылгандар гепарин дарысын эч убакта колдонбошу керек.

"Буга чейин коронавирус жокто деле жашы өтүп калгандарга аспирин сунуш кылчубуз. Анткени адамдын жашы өйдөлөп баштаганда кан айлануу жайлайт, ошондо канда тромб пайда болуп калбаш үчүн бул дарыны берчүбүз. Азыр элдин көбү гепаринге өтүп кетти. Гепариндин зыяны да бар. Ал канды суюлтуп жиберип, кан таптакыр токтобой, адам каза да болуп калышы толук ыктымал. Ошондуктан гепаринди оорусу жеңил өтүп жаткандар үй шартында өзүм билемдикке салып колдонбошу керек. Ал эми аспириндин жардам берген-бербегенин билбей туруп туура эмес маалымат таратуу болбойт", — деди Сутуева.

Адис гепарин менен дексаметазон дарыларын дарыгерлер стационарларда гана оор абалдагы бейтаптарга жазып берерин айтып, буларды үй шартында, дарыгердин көрсөтмөсү жок ичпеш керектигин эскертти. Ал дексаметазон гормоналдык дары экенин кошумчалады.




(Автор:Бурул Мусабекова / Редактор:GL)