WeChat      Избранное

Премьер-министр Кубатбек Боронов: Медициналык мекемелерге борборлоштурулган кычкылтек киргизүү иштерин тез арада жүзөгө ашыруу шарт

20/07/2020  Источник:интернет   шрифта:

Премьер-министр Кубатбек Боронов: Медициналык мекемелерге борборлоштурулган кычкылтек киргизүү иштерин тез арада жүзөгө ашыруу шарт

Күндүзгү жана түнкү стационарларга, ооруканаларга борборлоштурулган кычкылтек киргизүү иштерин максималдуу түрдө тез арада жүзөгө ашыруу керек. Мындай тапшырманы тармактык мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында  берди. 

«Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги  борборлоштурулган кычкылтек киргизүү үчүн өлкө аймагындагы ооруканаларга ревизия жасап, схемасын  түзүү керек. Ушундай эле иштерди Бишкек шаардык мэриясы да жүргүзүүсү зарыл. Өзгөчө реанимациялык бөлүм ачылган медициналык мекемелерге тез арада кычкылтек киргизүү зарыл», - деди Өкмөт башчы. 

Муну менен катар ооруканалар жана стационарларды кычкылтек менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн Жалал-Абад облусундагы «Майлуу-Суу лампа заводу» ЖЧКсынын өндүрүш көлөмүн кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырмасы берилди. 

«Заводдон өндүрүлгөн кычкылтекти ташууда коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл бурулсун. Аймактарга жеткирүү шарттары комплекстүү түрдө каралууга тийиш», - деп кошумчалады Кубатбек Боронов.

Жыйындын жүрүшүндө ооруканалардын реанимациялык блокторун электр энергиясынын альтернативдүү булагын түзүү - генераторлорду орнотуу ишин күчөтүү тапшырмасы берилди. 


(Автор:GL / Редактор:GL)