WeChat      Избранное

Бабык Молдо ырлары

10/07/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Поэзия темасына арналган рубрикабыздын жаңы каарманы, Жуңго кыргыз адабияты үчүн өзүнчө чоң салым кошкон классик акын Бабык Молдо. Ыр дүйнөсүнүн алпы 1894 – жылы Улуу чат ооданынын Кызыл-Ой айылында чарбачынын үй –бүлөсүндө дүйнөгө келген. Боз улан өспүрүм кезинде Кашгардагы медреседе диний сабак алган. Ага кошумча өзү менен сабакташ дунган балдардан ханзу тилин үйрөнүп алган. Ал бир өмүр адабият жана агартуу иштери менен алпурушуп, далай эмгектерди сиңирген.

 1

Мадотей өкүм чыгарып,

Сүрдүрүп келди Кашгарга.

Ачыгын айтты өлүмдүн,

Алты ай кийин как саарда.

2

Каңгырап- какшап ата-энем,

Калганын кошо ырдайын.

Алган жарым Зукайдын,

Арманын кошо ырдайын.

3

Ыманга күбө болорго,

Үстүмөн учкан каргалар.

Түрмө ичинде Бабык бар,

Жериме консоң кайрылып,

Кабарымды айта бар.

4

Мадотейдин чериктерин,

Айдап кетип баратат.

Отура калса арыгандан,

Сабап кетип баратат.

Көрүнгөндү жол жолдо,

Талап кетип баратат.

Жолукса сулуу кыз – келин,

Булап кетип баратат.

Букара менен туткунду,

Кыйнап кетип баратат.

5

Бишкекте азыр конушум,

Билбеймин кандай болушун.

Кайтып барсам Мадотей 

Кармап алып союшун.

6

Элим кайда жер кайда,

Мусаапыр болдум ар жайда.

Жалдырап тиктеп отурам,

Калмактуу боксоо мандайга.

7

Ал тоодо бар кендери,

Ачалбай турат элдери.

Четинен чыгып коргошун,

Жыргатты жер кендиктерди.

8

Узунга чапса арыбас,

Өр тулпар элем арыдым,

Күкүктөй таңшып сайраган,

Боз улар элем талыдым. 

Жаадыман кетпей эл-журтум,

Жабыркап жүрүп карыдым.

9

Он жети жыл элимден,

Азып келген Бабыгы,

Түгөнбөптүр күч алып,

Шың шысейдин салыгы.

Санаа тартып жүрмөк бар, 

Сабылып азап түймөк бар,

Түбөлүк эмес бул канкор

Түбүнөн башка келмек бар.

Кыйнады заман элимди,

Кыйратты кайран жеримди.

Күндө салык дартынан

Эге албады эгинди.

Ушундай заман бар болду,

Упурап элим дал болду,

Убал-сообун теңшерге,

Бир адилге зар болду. 

Макала Жамила Айсаракуновага таандык “Кытайдагы кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармалары” аттуу китебинен алынды. 


(Автор:Суйунбек ШАМШИЕВ / Редактор:GL)