Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 500 мобилдик кычкылтек концентраторун сатып алды, алар чартердик каттам менен Кытай Эл Республикасынан алынып келинди
ФотоWWW
Белгилей кетсек, жуманын башында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кычкылтек концентраторлорун жана пульсоксиметрлерди сатып алууга 50 млн сом бөлүнгөн.
Мобилдик кычкылтек концентраторлорун сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жуманын башында башталган. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигинин ыкчам ишинин натыйжасында мобилдик концентраторлор кыска мөөнөттө республикага жеткирилди.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова белгилегендей, бүгүн кычкылтек концентраторлорунун биринчи партиясы – 500 даана келди, кийинки 500 даана партия өлкөгө келерки жумада жеткирилет.
«COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында бүгүн өлкөгө жеткирилген мобилдик кычкылтек концентраторлору өтө зарыл. Кычкылтек концентраторлору көптөгөн жарандарыбыздын өмүрүн сактап калууга жардам берет», – деди Аида Исмаилова.
Вице-премьер-министр белгилегендей, кычкылтек концентраты ыкчам тартипте коронавирус инфекциясынан жана өпкө сезгенүүсүнөн жабыркаган жарандар дарыланып жаткан медициналык мекемелер арасында бөлүштүрүлөт. Жабдуулардын бир бөлүгү COVID-19 жана пневмонияга каршы күрөш жүргүзүү үчүн ачылган медициналык мекемелерди жабдуу үчүн өлкө аймактарына жөнөтүлмөкчү.
Өзбекстан Кыргызстанга жардам катары 50 кычкылтек концентраторун жана 100 ИВЛ аппаратын жеткирди
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өзбекстан Республикасынын Президентинин ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында Кыргыз Республикасына кезектеги гуманитардык жүк келди.
Гуманитардык жүк өзүнө 50 комплект кычкылтектин мобилдик концентратын жана 100 даана инвазивдүү эмес өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратын камтыйт.
Жалпы салмагы 8 тонна болгон гуманитардык жүк авиакаттам аркылуу бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу менен жеткирилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнө көрсөтүлгөн көмөгү үчүн жана бир тууган өзбек элине колдоо көрсөтүүсү үчүн терең ыраазычылык билдирет.
“Элден элге жардам” ыктыярдуу тобу түзүлдү
Акыркы мезгилде дүйнө жүзүндө элди кыйын кырдаалга тушуктуруп, канчалаган адамдардын өмүрүн алып жаткан таажывирус, ага кошулуп пневмония Кыргызстанда күч алып, дартка чалдыккандардын саны арбыды. Өлгөндөрдүн саны өстү. Медицина кызматкерлери жетишсиз болуп, ооругандар көп болгондуктан аларды ооруканага жаткыруу да оңой болгон жок. Ошентсе да эл ичинде калктын саламаттыгы үчүн күйгөн партиот жарандар ыктыярдуу топ түзүп, овцервацияга жаткыруу үчүн имараттарды даярдап, ооругандарга жардам берип жатышат. Алардын катарында бир канча ишкерлер, ырчылар, журналисттер жана коомдук ишмерлер да бар. Алар 3-4 күндүн ичинде чоң суммадагы каражат чогултуп, медициналык каражаттарды, коргоочу кийимдерди, беткаптарды, дем алдыруучу аппараттарын алып, керектүү буюмдар менен камсыздап, медицина кызматкерлерине тамак-аштарды жеткирип берип жатышат. Мындай патриоттордун эмгегин көргөн эл ыраазычылык билдирип, алкыштарын айтышууда. “Көп түкүрсө көл болот” демекчи, көпчүлүктүн жардамы жана “Бириксек ооруну жеңебиз!” урааны ооругандарга дем берүүдө.
Бишкектеги жагдайга ар бир аймак даяр болушу керек
Борбор калаада ооруканалар тездик менен толуп, ооругандардын саны арбып, алар менен бирге дарыгерлерибиздин көбү да дартка чалдыкканы жашырууна сыр эмес. Ушундай кыйын кырдаалда Бишкекке келип, элге жардам берүүгө кол сунган дарыгерлер да болду. Талас, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл жана Баткен облустарынан 70ге жакын дарыгер жана медайымдар келишти. Тобокелдикке карабастан, ак халатчандарыбыз ыктыярдуу түрдө көмөк көрсөтүп жатышат. Премьер-министр Кубатбек Боронов “Бейтаптардын жана оор шарттарда иштеген медицина кызматкерлеринин тамак-ашына жооптуу жактарга тамактандыруу, медициналык мекемелерде шарттарды түзүү боюнча бардык маселелерди чечүү тапшырылды. Жарандар бул вирусту жеңүүгө күч берчүдөй туура тамактануулары керек», -деп билдирди.
Өкмөт башчы ошондой эле Бишкек шаарында байкалган жагдайга ар бир аймак даяр болушу керектигин белгиледи.
«Ар бир облустун жетекчилерине кайрылам. Учурда негизги соккуну борбор калаа жана Чүй облусу алып жатат. Вирустун жайылуу толкунун токтотуу үчүн биз бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Бирок абалдын терс өнүгүшүнө даяр болууга милдеттүүбүз. Ооруканаларда орундарды алдын ала даярдагыла. Жашоочулардын жана медициналык мекемелердеги орундардын эсебин эске алуу керек. Ошол эле учурда персонал жетишпеген шартта жардам көрсөтүүгө даяр медицина кызматкерлеринин тизмесин даярдоо керек. Кошумча тартылган медицина кызматкерлери аткарган ишине жараша тиешелүү айлык акысын алышат», — деди өкмөт башчы.
Москвадан дарыгерлер келишти
Өлкөбүздө болуп жаткан жагдайды четтен карап тура албаган Москвадагы дарыгерлерибиз да жардамга кол сунуп, жалпы отуз дарыгер Кыргызстанга келди. Алардын баары чет жакта иштеп жүргөн кыргыз жарандары экени белгилүү болду. Чет жерде тажрыйбасы мол болуп калган дарыгерлерибиз кыргыз элине дем берип, ооруну алдын алууга, анын коомчулукка дагы тереңдеп кетүүсүнө бөгөт коет деп ишенебиз. Айтмакчы, Москвадан элибиздин ден соолугу үчүн эң керектүү болгон жасалма дем алдыруучу 8F-3А аппараттары да алынып келинди.
Пневмония же грипп болуп ооругандар кайрылчу стационарлар
Бишкектин төрт районунда ачылган күндүзгү стационар борборлору эртең мененки 08.00дөн кечки 20.00гө чейин иштейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Б.Түлөбаев брифинг учурунда билдирди.
Ал белгилегендей, COVID-19 илдети жана пневмония менен ооругандардын көбү Бишкекте болгондуктан бардыгын стационарга жаткыруу мүмкүн эмес. Ошол себептен мэрия укол жана асма ийне сайдырам дегендерге гана ушундай вариант иштеп чыкты.
“Күндүзгү стационар борборлоруна келүү пневмония же грипп илдетинин жеңил же орточо оор формасы менен жабыркап жаткан бейтаптарга сунушталат. Оор абалдагы бейтаптарды дарылоого мүмкүн эмес, себеби борборлор амбулатордук дарылоого ылайыкталган. Ал жерден кеңеш алууга, капельница жана дары-дармек алууга болот”, — деди Түлөбаев.
Күндүзгү стационар борборлорунун даректери:
• Ленин району — “Газпром” ден соолукту чыңдоочу комплекси (Жайыл баатыр көч., 66). Бул жакта 90 орун бар;
• Биринчи май району — Кожомкул атындагы спорт сарайынын имараты. 150 орун бар;
• Свердлов району — Санатбаев атындагы ден соолукту чыңдоочу комплекс (Чыгыш-5 кичи району). 150 орун бар;
• Октябрь району — Чиркөөнүн жанындагы наабайкананын имараты (Түштүк магистраль). 140 орун бар.
Аппарат жетекчи жаңы медициналык жайларга ак халатчандар жетишпей жатканын айтып, кайдыгер карабаган адистерди жардам берүүгө чакырып өттү.
Коронавирустун экинчи толкуну кыш мезгилине туш болуп, аны грипптен айырмалоо кыйын болору айтылууда
Коронавирустун экинчи толкуну кышында болору болжолдонууда. Анын симптомдору курч респиратордук вирустук инфекцияларга (КРВИ) окшош болгондуктан айырмалоо оорчулук туудурат. Бул тууралуу РИА Новостиге дүйнөлүк WMA медициналык дарыгерлер биримдигинин мурдагы жетекчиси, профессор Леонид Эйдельман айтып берген.
Анын билдиришинче, COVID-19 массалык түрдө кайрадан ноябрь жана декабрь айларында тарашы мүмкүн.
"Бул айларда курч респиратордук вирустук инфекциялар күч аларын билебиз. Ошондуктан аларды коронавирус менен ооругандардан айырмалоо кыйын болот. Бейтаптардын бардыгы эле чүчкүрүп-бышкырып, жөтөлөт эмеспи. Бул толкун жайкыга караганда көбүрөөк кыйынчылык туудурат. Ага саламаттык сактоо системасы даяр турушу керек", — деп эскерткен дарыгер.
Ал белгилегендей, экинчи толкундун башталышы эмитеден байкалууда. Кайсы бир өлкөлөрдө ооругандар азайса, кээ бир жактарда күндөн-күнгө өсүп жатат. Мисалы, бир кезде коронавируска ээ боло албай калган Италияда абал жакшырса, ошол эле учурда Кытайда илдетке чалдыккандар кайрадан катталууда. Мындан тышкары, Индияда бейтаптардын саны көбөйгөнү айтылып келет.
Дүйнө жүзү боюнча 11 миллиондон ашык адам илдетке кабылып, жарымынан көбү айыкты. Дарттан 500 миңден ашык киши көз жумду.