WeChat      Избранное

Мекен сүйөр Маметбек Кулуш

03/07/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Кытайлык кыргыз акын-жазуучулары тууралуу макалаларыбызды улап, бул ирет окурмандарыбызга акын Маметбек Кулуш жөнүндө айтып берүүнү эп көрдүк.

Каарманыбыз 1893-жылы Кытайдын азыркы Синьцзянь автоном районуна караштуу Улуу Чат ооданынын Улуу Чат айылына караштуу Жоюлган деген кыштакта малчынын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Жаштайынан медреседе окуп, сабатын ачкандан баштап эл арасында “Эл акыны, төкмө ырчы” катары таанымал болгон. Таланттын көрүнүктүү чыгармалары “Ата-Журтум”, “Армандуу күндөр”, “Каракөз”, “Айтылуу мерген адисим” аттуу дастандары жана терме ырлары белгилүү.

Акын жана анын чыгармачылыгы тууралуу бир топ илимий эмгектер менен журналдарда жазылган. Чыгармалырынын ири көлөмү Кызыл-Суу кыргыз басмасы тарабынан чыгарылган “Унутулгус адамдар” аттуу жыйнакта камтылган.

Адабиятка кеңири салым кошкон инсан 1961-жылы 68 курагында Оксалыр айылында көз жумган.

Төмөндө Жамила Айсаракунова тарабынан араб арибинен кирилицага которулган үч ырын тартуулайбыз.

 “Менин ырым”

Сенин ырың кепсен ыр,

Берекеси кеткен ыр.

Менин ырым – дыйкан ыр,

Өз жанымдан чыккан ыр.

 “Ата-энем”

Атамдын көзү барында,

Оозум бир толгон күлкү эле.

Энемдин көзү барында,

Көзүм бир толгон уйку эле.

Атамдын көзү өткөн соң,

Күлкүм бир күлдөй чачылды.

Энемдин көзү өткөн соң,

Уйкум бир жайдай ачылды.

 “Жылкычы”

 Бедене кийип белсенип,

Белеске кулун байлаган,

Кыл жоргого минип кыйкырып,

Кымсынып жылкы айдаган.

Субайын сууга айдаган,

Суналган төрдө жайлаган,

Айдаган жылкың ала баш,

Аргымагы аралаш.

Топтогон жылкың ала баш,

Тобурчагы аралаш.

 “Партия”

Канча жылы казанып,

Канча жолу кармашып,

Казат кылган партия.

Калктын баарын жашартып,

Азат кылган партия.

Отуз жылы айтышып,

Ок атышпай кеп менен,

Элибиздин көөнүнөн,

Соорун алган партия.

Партия калкка ракбар,

Байыдык текши барабар.

Армия калкка ракбар,

Алдандык текши барабар.

Алсыздарга пул жардам,

Арманың жоктур кембагал.

Өз арада калың жок,

Каалашып катын алдым деп,

Бойдун баары жыргады.

Заң ташыбай жөн оттоп,

Төөнүн баары жыргады.

Мейлинче жайлоо жайлаган,

Калктын баары жыргаган.

 Гоминдан желдет барында,

Көн өтүк кийип куурадык.

Компартия келгенде,

Көлөш кийип жыргадык.

 Ак желек алып ыргадык,

Ак шайы кийип жыргадык.

Кызыл желек алып ыргадык,

Кымкаптан кийип жыргадык.

 Белестен чыккан ай экен,

Белгилүү биздин партия,

Дегенимче бар экен,

Капталдан чыккан ай экен,

Кадырман биздин партия,

Айтканымча бар экен.

 Партия берип бак-таалай,

Байлыгы элдин ашкан кез.

Эр-аял, кары-жаш дебей,

Эмгектин даамын таткан кез.

 

 

 

 

 

 

 

 


(Автор:Суйунбек ШАМШИЕВ / Редактор:GL)