WeChat      Избранное

“Ардактуу турист” наамы - Кыргызстандын туризм тармагы оор мезгилди башынан өткөрүүдө

03/07/2020  Источник:оригинал   шрифта:

“Ардактуу турист” наамы - Кыргызстандын туризм тармагы оор мезгилди башынан өткөрүүдө

ФотоWWW

Жыл башынан бери дүйнөнү дүрбөлөңгө салган ковид-19 вирусу бүгүнкү күнү дагы көптөгөн мамлекеттерде курч абал жаратып жаткан кези. Кыргызстан дагы алардын катарында. Күн сайын коронавирус менен ооругандардын саны көбөйүп, эл арасын тынчсыздандырып жаткан учуру. Бул илдет менен кошо жайкы сасык тумоо дагы аралашып абалды ого бетер кыйындатууда.

Көптөгөн экономикалык тармактар толук кандуу өз ишин баштай албай, өлкө ичиндеги жана сыртындагы абалга көз каранды болуп, оор учурду башынан өткөрүп жатышат. Туризм тармагы дагы алардын катарында. Пандемия дүйнө жүзүнө жайыла баштагандан тарта эле, быйыл 2020-жылы туризм тармагы бир топ кыйынчылыкка дуушар болоору айтылып келген. Жыл сайын республиканын бюджетине бул тармактан түшө турган акча-каражаты 80%га азаяры дагы маалымдалган. 

Турзим департаменти чек аралар жабык болгондугуна байланыштуу жарандарга өлкө ичинде саякаттоону сунуштоодо. Аталган демилге туризм тармагындагы чакан жана орто ишкерликти жана жумуш орундарын сактап калууга мүмкүндүк түзмөкчү. Кыргызстанда калктын саны аз болгондуктан ички туризм аталган тармактын өнүгүп кетишине кандайдыр бир түрткү бере албайт. Бирок, туризм бизнесин жаңыдан баштап, аз сандагы адамдарга ылайыкташкан чакан эс алуу жайлары ички саякатчылардын эсебинен иштеп калса болот. 

Коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаал шартында Кыргызстанда 1-июндан баштап туризм тармагындагы бардык ишкана-мекемелер иштей баштагандыгы белгилүү. Алардын ичинде: пансионаттар, ден соолук чыңдоо комплекстери, жаратылыш парктары, пляждар жана башкалар бар. 

Учурда, бардык туристтик мекемелер санитардык эрежелерди сактоо боюнча атайын даярдалган талаптардын негизинде иш алып барууда. Анын ичинде тамак ичүү жайларында, суу жээктеринде адамдардын жайгашуу эрежелери, шезлонгдор ортосундагы аралык жана башкалар бар.

Биздин редакциянын журналисти жайдын чилдесинде туризм жааты кандай ал-абалда болуп жаткандыгын билүү максатында ушул тармактын өкүлдөрү менен маек курду. 

Махабат Кудайбердиева, Чолпон-Ата шаарындагы эс алуучу жайдын ээси: “Туристтер жок болгондугуна байланыштуу кызматкерлерибиздин дагы санын кыскартканбыз” 

-Негизинен, коронавирус илдети жеке гана туризм тармагын эмес, бардык экономикалык тармактарды токтотуп койду. Бизде, марттын аягында бул дарт менен ооругандар чыкканда эле тынчсыздануу сезими болгон. Себеби, өзүңүздөр билгендей жалпы эле Ысык-Көл эли ушул жай мезгилинде туристтер менен иштешип, бир жылдык кирешесин таап алганга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлчү. 

Азыр болсо, көлдө сырттан келген туристтер эмес, өзүбүздүн жарандарыбыз дагы келбей эле турат. Эс алуучу жайлардын баалары салыштырмалуу арзан болуп жатат. Ошого карабастан киши деле жок. Чындыгында, элди дагы түшүнсө болот. Карантин болуп, учурда көпчүлүктүн эс алууга эмес, күнүмдүк тамагына акча жетпей жаткан учурлары болуп жаткандыгын көрүп эле турабыз. Ал эми, Казакстандан, Россиядан келе турган туристтер чек аралар ачылбай жатса кантип келишет. Бир жагынан, Кыргызстанда коронавирустун көбөйүшү алардын дагы коркутуп жатса керек.  

1-июндан тарта Ысык-Көл облусуна кирүү эрежеси дагы өзгөртүлгөн. Буга чейин Көлдүн кире беришинен жарандардын паспортун сурап каттоого алып, дене табын өлчөп турушчу. Пансионат жана эс алуу үйлөрүнүн ишине уруксат берилгенине байланыштуу, мындан ары санитардык-карантиндик посттон кооптуу райондон же чет өлкөдөн келгендер гана каттоого алынаары айтылган. Бирок баарынын дене табы өлчөнөт. 

Ал эми, эс алууга келген жарандар пансионат, мейманкана, боз үйлөр шаарчасы жана башка өзү жайгашкан жерге каттоого турушу керек экен. Бул эреже жергиликтүү тургундарга дагы тиешелүү дешти. Практика көрсөткөндөй, каттоо илдет чыккан адамдар байланышта болгондорду бат табууга жардам бермекчи. Муну менен эле катар, санитардык-гигиеналык нормаларды жана коюлган шарттарды аткарбаган субъектилер жоопкерчиликке тартылаары дагы байма-бай айтылууда. Биз дагы бардык талаптарды аткарып жатабыз. Чындыгында, бул талаптарды аткаруу биринчи кезекте биздин коопсуздугубуз үчүн дагы маанилүү. 

Эми, бул жагдай канчага чейин созулат ким билет. Бирок, бул жай мезгилинен киреше деле тапбай калдык окшойт. Азыр туристтер жок болгондугуна байланыштуу кызматкерлерибиздин дагы санын кыскартканбыз. Жайында атайын келип иштеп кеткен ашпозчуларыбыз дагы бар эле. Алар дагы жумушу жок отурушат. Чындыгында, абал абдан оор. Бул жерде насыя алып эс алуу жайларын иштеткендер дагы арбын. Алар кандай кылып акчаларын төлөп беришет билбейм. Бул жугуштуу оору күтүүсүздөн келип, бардыгыбызды кыйын абалга салып койду. Айрыкча, орто жана кичи бизнес өкүлдөрү үчүн эң катуу сокку болууда. 

Айбек Турсунбек уулу, ишкер: “Бул кырдаалдан кандай чыгабыз, билбейм” 

-Мен туризм тармагында иштеп жүргөнүмө 5-6 жылдын жүзү болуп калды. Өзүм  Туркиянын Анталья шаарында иштеп келгем. Анталья туристтик шаар болуп саналат эмеспи. Мына, ошол жактан туризм тармагынын өйдө-ылдыйын үйрөнүп, былтыр Чолпон-Атага барып иштегем. Ал жакта өзүмдүн бир чакан бизнесимди ачууну пландап жаткам. Бирок, тилекке каршы коронавирус илдети бардык ойлогон ойлорумду бузду. 

Чындыгында, азыркы оор кырдаал жеке гана Кыргызстанда эмес. Бүтүндөй дүйнө жүзү ушундай кыйынчылыкты башынан өткөрүп жатат. Бирок, биздин мамлекет үчүн бул абдан курч учур. Экономикабыз кандай абалда экендиги бардыгыбызга белгилүү, ошондуктан пандемия апааты өлкө экономикасын өтө оор абалга дуушар кылып жатат. Бул кырдаалдан кандай чыгабыз, билбейм. 

Мен дүйнөдө абал тынчыса кайрадан эле чет мамлекетке иштеп кетүүнү пландап жатам. Анткени, азыр бул жакта бутума тура албайм. Кыргызстанда бизнес ачуу үчүн топтоп келген акчам дагы бекерге кетти десем болот. Себеби, быйыл жылдагыдай абал болсо, ишим бираз да болсо өзүн актамак. Коронавирус жугуштуу илдетинин айынан туристтик сезонду дагы толук кандуу ача алгыдай эмеспиз. 

“Ардактуу турист” – Кыргызстандын ажайып жерлерине саякат 

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстанда  “Ардактуу турист” наамын алууга сынак жарыялады. Бул үчүн өлкөнүн төмөндөгү 10 ажайып жерине барып келиш керек:

1. “Бурана”комплекси;

2. “Өзгөн” комплекси;

3. “Таш-Рабат” тарыхый комплекси;

4. “Сары-Челек” коругу;

5. Манастын күмбөзү;

6. Сан-Таш;

7. Жомок каньону;

8. “Арстанбап” улуттук коругу;

9. “Сулайман-Тоо” тарыхый-археологиялык музей-комплекси;

10. “Шах-Фазил” күмбөзү.

Бул тарыхый жана жаратылышы кооз кереметтерди толук көрүп келген жарандарга “Ардактуу турист” наамы ыйгарылат.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун айтымында, сынакка катышуу үчүн жарандар аталган жерлерден сүрөткө түшүп, сүрөттөрдү министрликтин же туризм департаментинин  “Facebook” баракчасына жибериши керек, ошондой эле сүрөттөрдү #УникалдууКыргызстан хештеги менен жеке социалдык тармактардагы баракчаларына жарыяласа болот.

Бул коронавирус пандемиясынын шартында жергиликтүү туризмди өнүктүрүү максатында уюштурулууда.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)