WeChat      Избранное

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 41 727 абитуриент катталган

22/06/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 41 727 абитуриент катталган

Фото WWW

Бүгүн, 22-июнь күнү Кыргызстанда абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүп жатышат. Бул тууралуу КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, тест тапшыруу үчүн республика боюнча 117 борбор даярдалган. Мында бардык санитардык талаптар сакталып, медпункт, медкызматкерлердин күзөтү уюштурулган.

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 41 727 абитуриент катталган. Тесттин жыйынтыктары 13-19-июль күндөрү белгилүү болот.

Жүйөөлүү себептерден улам каттоодон өтпөй калгандар үчүн кошумча каттоо жүргүзүлмөкчү. Ал Бишкек жана Ош шаарларында 11-12-июлда кечки тест өткөрүлөт.

Эске сала кетсек, учурдагы коронавирус кырдаалына байланыштуу Жогорку окуу жайларга кабыл алуу ЖРТнын жыйынтыгы менен онлайн форматта бирдиктүү система аркылуу жүргүзүлөөрү айтылган.




(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)