WeChat      Избранное

Бишкек менен аймактар аралык коомдук каттамдар токтотулат

20/06/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Бишкек менен аймактар аралык коомдук каттамдар токтотулат

ФотоWWW

Эл арасында коронавирус илдетин жуктургандардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу өкмөт жана Республикалык штаб бир нече эрежелерди өзгөрттү. Бул тууралуу КРдин премьер-министри Кубатбек Боронов республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкек менен аймактар аралык коомдук каттамдар токтотулат.

Кубатбек Боронов: "Учурда Бишкек, Чүй облусу, Ош шаары коронавирустун очогу болууда. Оорунун чыгышы да ушул жерлерде көп катталып жатат. Буга байланыштуу Бишкек шаары менен аймактардын ортосундагы коомдук транспортторду токтотуу маселесине кайрылып жатабыз. Бишкекте чыгып жаткан ооруну аймактарга таратпоо керек. Ысык-Көл, Нарын, Талас облусунда абал туруктуу, ал жерлерге илдетти жайылтпашыбыз керек. Бирок аймактар аралык такси, жеке автоунаа жана жүк ташуучу унаалар толук кандуу ишин жүргүзө бермекчи.

Муну менен катар эле, Бишкек шаары боюнча ишемби күнү түштөн кийин жана жекшемби күнү толугу менен коомдук транспорттун кыймылын токтотуп турууну пландап жатабыз.

Республикалык ыкчам штабдын иштерин мындан ары биринчи-вице-премьер министр Алмазбек Баатырбеков жетектейт. Бул багытта аткарылган иштер өзүмдүн көзөмөлүмдө болот”, - деп билдирди.

Анын айтымында, Коопсуздук Кеңешинин чечиминде көрсөтүлгөн бардык тапшырмалар сапаттуу, толук көлөмдө жана тийиштүү мөөнөттө аткарылышы керек.

"Ар бир мамлекеттик орган жана ар бир облус күзгү-кышкы мезгилине карата комплексттүү даярдык чараларын ишке ашырууга тийиш, бул ооруп калгандардын санынын көбөйүшүнө медициналык мекемелердин жана экономикалык ишмердиктин ар кандай багыттагы иштерине да даяр болушуна тиешелүү”, - деп белгиледи премьер-министр


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)