WeChat      Избранное

Cутка ичинде коронавирус 3 адамдын өмүрүн алып кетти

20/06/2020  Источник:оригинал   шрифта:

                          

Cутка ичинде коронавирус 3 адамдын өмүрүн алып кетти

ФотоWWW

2020-жылдын 20-июнуна карата республика боюнча коронавирустан 3 адам кайтыш болду. Бул тууралуу КРдин Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Нурболот Үсөнбаев: “Тилекке каршы, бир суткада 1961-жылкы аял, 1959-жылкы эркек жана 1958-жылкы эркек киши илдеттин кесепетинен каза болду.

Алардын бири, 1958-жылкы эркек киши Ысык-Көл облусунун Түп аймактык ооруканасына келип түшкөн. 15-июнда келгенде пневмония, респиратордук инфекциянын белгилери байкалган. Абалы өтө оор болгон. 8-июнда эле анын дене табы көтөрүлүп, дарыгерлерге кайрылган. Укол алганына карабай абалы жакшырган эмес. Кийин жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулуп, саламаттыгы начарлаганына байланыштуу каза болуп калды. Анда пневмония жана жүрөк иштешинин жетишсиздиги байкалган.

Экинчи жаран болсо 1959-жылкы эркек Оштун Кара-Суу районунан болгон. Ал 17-июнда ооруп, дене табы көтөрүлүп жана жөтөл коштогондуктан ооруканага кайрылган. Буга чейин жеке менчик ооруканада дарылангандыгы белгилүү. Инфаркт оорусу менен да жапа чегип келген. Дарыланганына карабастан дем алуу жетишсиздиги байкалып, каза болуп калды.

Ал эми 1961-жылкы аял Ош облустар аралык ооруканасынын жугуштуу бөлүмүнө жаткырылган. Ал 19-июнда келип, анда өтө курч мүнөздөгү коронавирус инфекциясы, эки тараптуу пневмония жана дем алуу жетишсиздиги аныкталган. Келгенде эле шалдырап, тамакка табити жок болгон. Ошондой эле бөйрөгү да ооруп чыккан. Көрүлгөн жардамдарга карабай каза болуп калды”, - деди.

Эске сала кетсек, 20-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2981 учур катталды. Алардын ичинен 546сы медицина кызматкери. Илдеттен 1981 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 35 адам каза болду.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)