WeChat      Избранное

8-июнга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 25 жаӊы учуру катталды – 10 учурдун вирус жуктурган булагы табыла элек

08/06/2020  Источник:оригинал   шрифта:

8-июнга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 25 жаӊы учуру катталды – 10 учурдун вирус жуктурган булагы табыла элек

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 8-июнуна карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 25 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча коронавирус жуктурган жалпы 2 миң 32 бейтап болду. Алардын ичинен 1 миң 445 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Нурболот Үсөнбаев: “Сутка ичинде Бишкек шаарында - 18 жана Чүй облусунда - 7 коронавирус жуккан жаңы учур катталды. Жаңы учурлардын экөө сырттан келген, 13ү байланышта болгондордун арасынан аныкталса, калган калган 10 учурдун вирус жуктурган булагы тактала элек.

Кыргызстанда бир сутка ичинде 20 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Алар Бишкек шаарынан 17, Нарын облусунан 2, Жалал-Абад облусунан 1 адам. 

Бир күндө Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда бир медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Стационарлардан болсо сутка ичинде 7 медкызматкер айыгып чыгарылды. Республика боюнча жалпы COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 400 учур катталса, 282си сакайып чыккан. 

Учурда, коронавирус жуктурган 564 адам ооруканаларда дарыланып жатат. Алардын ичинен 13 бейтаптын абалы оор, үч киши реанимацияда жатат. 88 адамдын абалы орточо оордукта болсо, 463 бейтап канааттандырарлык абалда. 

Тилекке каршы, Нарын облусунда 67 жаштагы бир бейтап каза болду. Ал ооруканага кайрылбай үйүндө болуп, оорунун белгилери чыкканда тийиштүү кызматтарга телефон аркылуу кайрылып, ден соолугу жакшы болбой жатканын айткан. Ага көчмө бригада барып, 5-июнда ооруканага жаткырылган. 6-июнь күнү Нарын облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулган. Анын абалы оорлошуп, реанимациялык иш-чараларга карабай кечээ, 7-июнь күнү каза болду. Бейтаптын кан басымы жогору жана аз кандуулук оорусу (анемия) бар болгон. Коронавирус жукканда организм ооруну көтөрө албай калган. Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат”, - деп билдирди.

Муну менен эле катар, өлкөнүн башкы дарыгери эл арасында эрежелерди бузуп, беткап тагынбаган, социалдык аралыкты сактабаган жана ооруга кайдыгер караган учурлар көп болуп жаткандыгын айтып өттү. Эгерде санитардык талаптар сакталбай, байланыштар көбөйө берсе, бул илдеттин мындан ары дагы таралып кетүү коркунучу чоң болуп жаткандыгынын баса белгиледи. 

Бүгүнкү күнү COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 8 509 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 127 адам жатат.

(Автор:​ Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)