WeChat      Избранное

Быйыл Кыргызстанда окуу жайга тапшыруу онлайн форматта өтмөкчү

08/06/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Быйыл Кыргызстанда окуу жайга тапшыруу онлайн форматта өтмөкчү

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда 41 миң 727 абитуриент жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодон өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдын пресс-борборунда билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

Ал жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 15-майда аяктагандыгын айтып, бирок каттоого кандайдыр бир себептер улам үлгүрбөй калгандар үчүн атайын кошумча каттоо болоорун дагы маалымдады. 

Нурлан Өмүров: “Кошумча каттоо 20-июнда саат 13:00дөн 17:00гө чейин, андан тышкары 23-июнда 13:00дөн 17:00гө чейин тестирлөө өткөрүлө турган борборлордо жүргүзүлөт. Жалпы республика боюнча 116 тестирлөө борбору түзүлгөн. Тестирлөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин сертификаттар 13-июлдан 19-июлга чейин абитуриенттерге жеткирилет. 

Жалпы республикалык тестирлөө 3 баскычта өтөт. 21-июнда негизги тест, 22-июнда кошумча сабактар боюнча тест тапшырылат. Экинчи этап 24-25-июнда, үчүнчү этап болсо 11-12-июлда өткөрүлмөкчү. 

Быйыл Кыргызстанда окуу жайга тапшыруу онлайн форматта өтөт. Ошондуктан, окуу жайга тапшыруу процессин онлайн форматта өткөрүү боюнча министрлик тарабынан атайын платформа иштелип чыкты.

Абитуриенттер окуу жайга барбастан эле, платформа аркылуу аралыктан каалаган окуу жайына, каалаган адистигине тапшыра алат. Окуу жайга тапшыруу үч турдан турат. Биринчи тур 20-25-июль, экинчи тур 27-29-июль жана үчүнчү тур 3-5-август күндөрү болуп өтөт”, - деп маалымат берди.

Муну менен катар эле, жыйында жогорку окуу жайларына тапшыруудагы конкурска катышуу үчүн босого балл республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыккан соң министрлик тарабынан аныкталып, кошумча айтылаары дагы белгилүү болду. Эске сала кетсек, былтыр ЖРТнын жыйынтыгы 110 баллдан ашкан гана абитуриенттер ЖОЖго тапшыруу укугуна ээ болгон. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)