WeChat      Избранное

3-июнга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды – жалпы 1871

03/06/2020  Источник:оригинал   шрифта:

3-июнга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды – жалпы 1871

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 3-июнуна карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча коронавирус жуктурган жалпы 1 миң 871 бейтап болду. Алардын ичинен 1 миң 265 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Нурболот Үсөнбаев: “Жаңы учурлар Бишкек шаарында - 16, Нарын облусунда - 7, Ош облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 1 жана Баткен облусунда – 1.

Кыргызстанда бир сутка ичинде 46 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алар Бишкек шаарынан 7, Нарын облусунан 31, Ош шаарынан 2, Ош облусунан 2, Жалал-Абад облусунан 3, Баткен облусунан 1 адам. 

Ал эми, 11 медкызматкер бул оорудан айыкты. Нарын облусунда болсо 1 медициналык кызматкер коронавирусту жуктуруп алган. Республика боюнча жалпысынан COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 365 учур катталып, алардын ичинен 265и стационарлардан айыгып чыккан.

Тилекке каршы, жарандарыбыз арасында дагы ушул жугуштуу илдеттен кайтыш болгондордун саны көбөйүүдө. Бир сутка ичинде 3 адам коронавирустан каза болду. 

Каза болгон бейтаптардын экөө Ош облусунун, бирөө Нарын облусунун тургуну болот. Ош облусунда 59 жаштагы дарыгер ушул дартка кабылып, бүгүн жоготууга туш болуп отурабыз. Кесиптешибиз апрель айынан бери пневмония болгон бейтаптарды кабыл алып, дарылоо жүргүзүп келген. Ал ооруну жугузуп алгандан кийин, илдет оор түрдө өткөн. Жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, көрүлгөн иш-чараларга карабай каза болуп калды. 

Экинчи каза болгон бейтап Ош облусунун Кара-Суу районунун 55 жаштагы тургуну. 27-майдан бери ооруканада жаткан. Ал былтыр жүрөгүнө стент койдуруп операция жасаткан экен. 

Дагы бир каза болгон 84 жаштагы бейтап ооруканада дарыланып жатып, коронавирус жуктуруп алган. 25-майда анын ал-акыбалы начарлап, интенсивдүү терапияда кармалып келген. Кечээ абалы кескин түрдө оорлоп, каза болуп калды. Бүгүнкү күнү республика боюнча коронавирустан кайтыш болгондордун саны 20га жетти.”, - деп маалымат берди. 

Учурда, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 713 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 380 адам жатат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)