WeChat      Избранное

COVID-19

07/06/2020  Источник:оригинал   шрифта:

COVID-19

Сүрөт интернеттен алынды

7-июнга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 33 жаӊы учуру катталды – жалпы 2007 

2020-жылдын 7-июнуна карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 33 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча коронавирус жуктурган жалпы 2007 бейтап болду. Алардын ичинен 1 миң 425 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Нурболот Үсөнбаев: “Сутка ичинде Бишкек шаарында - 9, Чүй облусунда - 3, Нарын облусунда - 8, Ош шаарында - 9, Ош облусунда - 3 жана Жалал-Абад облусунда - 1 адамда коронавирус табылды. 

Кыргызстанда бир сутка ичинде 65 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Алар  Бишкек шаарынан 8, Нарын облусунан 30, Ош облусунан 7, Ош шаарынан 18, Жалал-Абад облусунан 1, Ысык-Көл облусунан 1 адам.

Бишкек шаарында бир, Ош облусунда бир, Ош шаарында бир жана Нарын облусунда 3 медкызматкер бир күндө бул илдетке кабылды. Ал эми стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 395 учур катталып, 275и жакшы болуп чыккан. 

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 560 адам ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 11 бейтаптын абалы оор, эки киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. 89 адамдын абалы орточо оордукта болсо, 460 бейтап канааттандырарлык абалда.

Бүгүн жаңы катталган 33 учурдун, 26сы медициналык көзөмөлдө турган жарандардан аныкталды. Бир учур чет өлкөдөн келип, обсервацияда жаткан мекендешибизден тастыкталды. Калган 6 жарандын вирус жугузуп алган шарттары учурда тактала элек”, - деп маалымат берди. 

Учурда, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 8 415 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 461 адам жатат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)