23-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 15 жаӊы учуру катталды – жалпы 1365
Сүрөт интернеттен алынды
2020-жылдын 23-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 15 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.
Анын айтымында, республика боюнча коронавирус жуктурган жалпы 1 миң 365 бейтап болду. Алардын ичинен 957 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган.
Нурболот Үсөнбаев: “Жаңы учурлар Бишкек шаарында – 3+9 Санкт-Петербургдан келгендер арасында аныкталды. Ошондой эле Чүй облусунда - 1, Ош облусунда - 1 жана Жалал-Абад облусунда – 1 учур катталды.
Сутка ичинде Бишкек шаарынан - 4, Нарын облусунан - 2, Жалал-Абад облусунан - 1, Ош облусунан - 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.
Учурда, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 394 адам бейтапканаларда дарыланууда. Анын ичинен 11 адамдын абалы оор, төрт киши реанимацияда жатат. 63 адамдын абалы орточо оордукта болсо, 320 бейтаптын абалы канааттандырарлык.
Өлкөдө күн ичинде медицина кызматкерлери арасында коронавирус жуктурган учур катталган жок. Бир суткада бейтапканалардан 2 медицина кызматкери айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча медицина кызматкерлери арасында коронавирус жуктурган 273 учур катталды. Алардын ичинен 226 медицина кызматкери коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган”, - деп маалымат берди.
Бүгүнкү күнү СOVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 6 632 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 090 адам жатат.
последние
Рекомендация
- 1Комиссия Минздрава отправилась в Нырынскую область для расследования ЧП в роддоме
- 2 Президент Сооронбай Жээнбеков встретился с многодетными матерями страны
- 3Нарын шаарындагы эпидемиологиялык абалды калыптандырууга үч күндүк мөөнөт берилди
- 4ӨА жана ӨК режиминде баланын төрөлгөндүгүн каттоо мөөнөтү өтүп кеткен учурда дагы айып салынбайт
- 5Жители не открывают двери врачам для экспресс-тестирования на коронавирус