WeChat      Избранное

ӨА жана ӨК режиминде баланын төрөлгөндүгүн каттоо мөөнөтү өтүп кеткен учурда дагы айып салынбайт​

22/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

ӨА жана ӨК режиминде баланын төрөлгөндүгүн каттоо мөөнөтү өтүп кеткен учурда дагы айып салынбайт​

Сүрөт интернеттен алынды

Өзгөчө абал жана Өзгөчө кырдаал режиминде Мамлекеттик каттоо кызматынын документтештирүү боюнча кабыл алган чаралары тууралуу республикалык штабдын пресс-борборунда МККнын төрагасы Акын Мамбеталиев маалымдады.

Анын берген маалыматына ылайык ӨА жана ӨК режиминде баланын төрөлгөндүгүн каттоо мөөнөтү өтүп кеткен учурда дагы айып салынбайт. Мындан улам баланын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктү өзгөчө абал алынгандан кийин эч кандай айып төлөбөстөн жана чектөөлөрсүз алуу мүмкүнчүлүгү жаралды.

Мектеп бүтүрүүчүлөрүн ЖРТга катышуу үчүн паспорт менен убагында документтештирүү максатында, ӨА учурунда 3705 окуучу документтерин тапшырды. Аталган иш Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте жүргүзүлдү, бул үчүн мобилдик КТБ мектептерге жана айыл өкмөттөргө документтерди тариздөө үчүн чыгышкан.

КР Жарандык кодексинин 209-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, ӨА жана ӨК мезгилинде унаа каражатына ишеним катынын мөөнөтү өтүп кеткен жарандар жана юридикалык жактар 21-майда 20:00гө чейин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин алгачкы иш күнүндө каттоо иш-аракеттерин жүргүзө алышты.

Бир күндө 1652 жаран тейленди. МККнын “119” колл-борборунун 10 кызматкери 21-майда жарандардын 2000 кайрылуусун иштеп чыкты.

Кызматтын бардык бөлүмчөлөрүндө туруктуу негизде имараттар жана жакынкы тилкелер дезинфекцияланат. Кызматкерлер беткаптар жана антисептиктер менен камсыздалган. Коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн милиция кызматкерлери тартылган, ошондой эле муниципалитет жана райондук администрациялар ар тараптуу колдоо көрсөтүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата Финансы министрлиги пенсияларды төлөп берүүнү толугу менен каржылады. “Кыргыз почтасы” Мамлекеттик ишканасы 93%ын төлөп берген жана жеткирген, 28-майга чейин пенсионерлер төлөмдөрүн толук көлөмдө алышат.

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)