Нарын шаарындагы эпидемиологиялык абалды калыптандырууга үч күндүк мөөнөт берилди
Сүрөт интернеттен алынды
КРдин биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Нарын шаарындагы эпидемиологиялык абалды калыптандырууга үч күндүк мөөнөт берди. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында белгилүү болду.
Анын айтымында, Нарын шаарында контакттык оорулуулардын саны облуста жашаган калктын санына салыштырмалуу жогору саналат.
Кубатбек Боронов: “Шаардагы эпидемиологиялык абалды түзөтүүгө тийиштүү мөөнөт берилет, эгерде белгиленген мөөнөттө абал оң жагына өзгөртүлбөсө, аймактагы тиешелүү мамлекеттик орган жетекчилеринин жоопкерчилиги каралышы керек”, - деп билдирди.
Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун айтымында, республика боюнча жалпы көрсөткүчтөрдү алып караганда, оору катталган жаңы учурлар көбөйүүдө.
Ал: “Бул айрым аймактарда иштин тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөй жаткандыгынан кабар берет, жер-жерлерде СOVID-19 дартынын алдын алуу, оорулуу менен байланышта болгон жактарды көзөмөлдөө иштерин күчөтүү керек”, - деп маалымат берди.
Өз кезегинде Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов оорунун очогу чыккан жерди курчоого алуу, шаарга кире бериштеги жана шаар ичиндеги блокпосттордун санын толуктоо, оорулуу менен байланышта болгон жактарды изоляциялоо иштерине басым коюлуп жаткандыгын билдирди.
Кеңешменин жыйынтыгында бардык аймактарда, анын ичинде өзгөчө татаал эпидемологиялык абалга байланыштуу карантин киргизилген Бишкек жана Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагында санитардык-карантиндик иш-чараларды күчтөнтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.
последние
● Явилась истина, и сгинула ложь. Десять фейков про COVID—19 #3
● Нарын шаарындагы эпидемиологиялык абалды калыптандырууга үч күндүк мөөнөт берилди
● “Энелер — жашоонун башаты” – КРдин Президенти Сооронбай Жээнбеков энелерди куттуктады
● Сооронбай Жээнбеков: Ответственность перед страной начинается с любви к Матери
Рекомендация
- 1Режим ЧП снят. Что осталось под запретом?
- 214-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 38 жаӊы учуру катталды – жалпы 1082
- 3Нүргүл Акимова: “Тышкы соода жагдайынын кескин начарлоосу ушул жылы экспорттун 1,5 эсеге төмөндөшүнө алып келээри божомолдонууда”
- 410-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 71 жаӊы учуру катталды – жалпы 1002
- 5В Кыргызстане зарегистрировали 14 новых случаев коронавируса