WeChat      Избранное

1-июндан тарта кайсы экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү өз жумуштарын жандандыра алат?

29/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

1-июндан тарта кайсы экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү өз жумуштарын жандандыра алат?

Сүрөт интернеттен алынды

Июнь айынын биринен тарта карантин режиминде уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү тууралуу Республикалык штабдын пресс-борборунда КРдин биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов маалымат берди. 

Берилген маалыматка ылайык,  2020-жылдын 1-июнунан тартып: Керектөөчү товарларды жана тамак-аш азыктарын өндүрүү жана соода-сатык чөйрөсүндөгү иштин бардык түрлөрү; Калкты тейлөө кызматтары тармагындагы иштин бардык түрлөрү; Аудит жана консалтингдик компаниялар; Жарнама агенттиктери; Туристтик жана эс алуу жайлары (эс алуу үйлөрү, пансионттар, тарыхый жайлар ж.б. жерлерге жеке унаалар менен саякаттоо сунушталат) ишке киргизилет.  

2020-жылдын 5-июнунан тартып мектепке чейинки билим берүү жаатындагы уюмдардын ишмердүүлүгү тиешелүү ведомстволор тарабынан текшерүүдөн өткөндөн кийин гана башталмакчы. 

2020-жылдын 8-июнунан тартып ички рейстер Бишкек-Ош каттамы ачылат. 

Муну менен эле катар, республикалык штаб тарабынан төмөнкү багыттар боюнча айрым чектөөлөрдү калтыруу сунушталууда. Алар: маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү жана массалык иш-чараларын өткөрүү; көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгү (түнкү клубдар, караоке, кальян ж.б.);  интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайларынын ишмердүүлүгү;  кинотеатрлардын ишмердүүлүгү; соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкан тамактануу пункттарынын ишмердүүлүгү; балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү, анын ичинде соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкан; билим берүү борборлорунун ишмердүүлүгү (тил курстары жана билим берүү кызматтарынын башка түрлөрү) гигиена нормаларын жана келгендердин ортосундагы аралыкты сактоо учурунда гана); автобус, микроавтобус аркылуу шаарлар аралык жана аймак аралык жүргүнчүлөрдү ташуу.

Маанилүү: Көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди катуу сактоо менен жаңылоо керек, эпидемиологиялык кырдаалга карата уруксат берилген экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмесине дагы өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.

(Автор:​ Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)