Борбор калаабыздын жана Чүйдүн 8 мектеби медициналык кабинеттер менен камсыз болмокчу
Сүрөт интернеттен алынды
Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы 8 мектепте медициналык кабинеттер ачылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Басма сөз кызматы маалымдады.
Берилген маалыматка ылайык аталган министрлик “Детство без диабета” коомдук бирикмеси менен биргеликте кызматташуу меморандумуна кол койду. Документ жалпы билим берүү уюмдарында кант диабети менен ооруган балдарга квалификациялык медициналык жардам берүүнү көздөйт.
Меморандумга ылайык, Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы 8 мектепте медициналык кабинеттер ачылат. Алар тиешелүү жабдыктар менен камсыз болмокчу (компьютер, муздаткыч, кант диабети боюнча методикалык колдонмолор ж.б.).
Мындан сырткары, кант диабети менен ооруган балдар жана өспүрүмдөргө туура медициналык жардам берүү, медайымдарды консультациялоо, тегерек столдор жана түрдүү иш-чараларды уюштуруу багыттары дагы каралган.
Эң башкысы - бул медкабинеттерде башка оорулар менен ооруган балдарга дагы жардам берилмекчи.
Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги “Детство без диабета” коомдук бирикмеси менен биргеликте Бишкек шаарындагы төрт мектепте ушундай медициналык кабинеттерди ишке киргизген.
последние
Рекомендация
- 1«Алтын тамга» мамлекеттик аттестациясы 12-июндан 19-июнга чейин өткөрүлмөкчү
- 2Транспортное сообщение между областями КР пока не возобновят
- 321-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 43 жаӊы учуру катталды – жалпы 1313
- 4О чем говорили главы МИД Кыргызстана и Китая?
- 5В Бишкеке 22 мая временно будет закрыт железнодорожный переезд