WeChat      Избранное

Кыргызстанда 8-июндан тарта өлкө ичиндеги авиа каттамдар жүргүзүлө баштайт

29/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргызстанда 8-июндан тарта өлкө ичиндеги авиа каттамдар жүргүзүлө баштайт

Сүрөт интернеттен алынды

Бүгүн, 29-май күнү Республикалык штабдын пресс-борборунда КРдин биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов өлкө ичинде коронавирус инфекциясы менен күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык штабдын жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү тууралуу толук маалымат берди. 

Анын айтымында республикада дагы да болсо оорунун күчү кайта элек. Ошондуктан, Кыргызстандагы бардык жайларда беткап режими жана башка күчөтүлгөн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чаралары катуу сакталышы керек. 

Кубатбек Боронов: “Өлкөдө 5-июндан тарта бала бакчалар иштей баштайт. Тактап айтканда, мектепке чейинки билим берүү мекемелердин иштеши атайын текшерүүдөн өткөндөн кийин башталат. Балдардын саламаттыгын сактоо максатында бардык аракеттер көрүлөт. Ошондуктан, бала бакчаларда санитардык-гигиеналык нормалар өзгөчө так сакталышы зарыл”, - деп баса белгиледи.

Муну менен эле катар, Кыргызстанда 8-июндан баштап ички каттамдар жанданаары белгилүү болду. Анын айтымында, каттамдар атайын тартиптин негизинде иштейт.

“Жүргүнчүлөрдүн ортосундагы аралыкты сактоо менен авиакомпаниялар өз иштерин жүргүзүүсү зарыл. Саламаттык сактоо минстрлиги тарабынан да көрсөтмөлөр берилет. Анын негизинде авиакомпаниялар өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Коронавирус инфекциясы тез тарай турган жер бул жүргүнчү ташыган коомдук транспорттор эсептелинет.

Анын ичинде авиакаттамдар. Учакта да ошондой маселе жаралышы мүмкүн. Андыктан, тартиптерди так сактоо менен иштеш керек. Экономикалык тармактарды ишке киргизүү менен оорунун жугузуу коркунучу жогору болгонун түшүнүп жатабыз. Экономикалык тармакты токтотуп койсок, көптөгөн жарандар жумушсуз калганына күбө болдук”, - деп биринчи вице-премьер-министр өз ою менен бөлүштү. 

Берилген маалыматка ылайык, Кыргызстандын медицина кызматкерлери, негизи эле коронавируска каршы күрөшүүгө тартылган мамлекеттик кызматтардын баары жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болгон. 

Бир жолу кийилүүчү коргоочу костюмдардын саны 90 миң 617ни, көп жол кийилүүчү коргоочу костюмдардын саны – 22 миң 303, респираторлор – 131 миң 770 жана беткаптардын саны 1 млн 451 миң 48ди түзөт

(Автор:​ Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)