Бишкекте коронавирусту кайсы жактан жугузуп алгандыгы белгисиз учурлар көбөйүүдө
Сүрөт интернеттен алынды
Жарандар коронавирус менен ооругандар менен түз байланышта болбой туруп жана кайда, качан жугузганын билбей, вирустун белгилери бар болгондуктан медициналык мекемелерге өздөрү кайрылган фактылар көп кездешүүдө. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.
Анын айтуусунда, борбор калаада коронавируска кабылгандар менен түз байланышта болгондугу аныкталбаган жактардын инфекцияны жуктургандыгы катталууда. Алардын жуктуруу себеби аныкталып жатат, ар бир учур боюнча эпидемиологиялык териштирүү жүргүзүлүүдө.
Ал: «Бул учурлар жуктуруу очогунун кеңейип жатканын күбөлөндүрөт. Санитардык талаптар, үй карантини, обсервация режими жана башка бекитилген ченемдер катуу сакталышы үчүн коопсуздук чараларын күчөтүү зарыл. Шалаакылык үчүн ар ким жооптуу экендигин эсиңерден чыгарбагыла. Кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбоо керек, инфекцияны жуктуруунун күтүүсүз күчөшүнө жол бербөө зарыл. Коомдук жайларда, коомдук унааларда, адамдар көп топтолгон жерлерде жарандар жеке коопсуздугу үчүн беткап тагынууга тийиш», - деп баса белгиледи.
Биринчи вице-премьер-министр Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө тармактык мамлекеттик органдар менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана тигил же бул аймактагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен алдыдагы туристтик сезондун бардык маселелерин иштеп чыгуу зарылдыгын кошумчалады.
Республикалык штаб жарандарды санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого, көп адамдардын катышуусундагы иш-чараларды уюштурбоого жана барбоого чакырды.
последние
● 【наши соседи】 Граждане Туркменистана не могут отправить деньги застрявшим за границей родственникам
● Бишкекте коронавирусту кайсы жактан жугузуп алгандыгы белгисиз учурлар көбөйүүдө
● Диагностикой заболеваний животных в КР занимаются 19 лабораторий, две из них – для ЕАЭС
● В Кыргызстане скоро будут проводиться анализы на наличие антител к COVID-19
Рекомендация
- 1Риск заражения COVID-19 в Бишкеке повышается
- 2 Двоих раненых пограничников выписали из больницы
- 3Диагностикой заболеваний животных в КР занимаются 19 лабораторий, две из них – для ЕАЭС
- 4Эпизоотическая ситуация в КР стабильная и находится под контролем
- 5Муратбек Иманалиев: Мы должны четко знать, как успешно сотрудничать с Китаем