WeChat      Избранное

14-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 38 жаӊы учуру катталды – жалпы 1082

14/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

14-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 38 жаӊы учуру катталды – жалпы 1082

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 14-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 38 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымында, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 82 адамга жетти. Анын ичинен жалпы 735 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды

Мадамин Каратаев: “Кыргызстанда бир сутка ичинде 23 адамда коронавирус табылган. Нарында дагы 15 жаңы учур катталгандыгын мага жаңы гана кабарлашты. Бул боюнча дагы тактап, толук маалымат бермекчибиз. 

Ошондо, жаңы катталган учурлардын ичинен Бишкек шаарында - 14, Чүй облусунда - 4, алардын ичинен 2 учур Соль-Илецктен келгендерден чыккан, Ош шаарында - 1, Жалал-Абад облусунда - 4 жана Нарын облусунда - 15 учур бар. 

Кыргызстанда дагы 9 бейтап коронавирустан айыкты. Сутка ичинде Бишкек шаарынан -  5, Ош облусунан - 2, Нарын облусунан - 1, Ош шаарынан -1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. 

Республика ичинде 335 адам бейтапканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 7 адамдын абалы оор, бешөө реанимацияда жатат. 

Кыргызстанда бир күн ичинде 6 медицина кызматкери коронавирус жуктурган. Алар Бишкек шаарында – 5 жана Ош шаарында - 1 медицина кызматкери.  Ошол эле учурда 3 медицина кызматкери коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Өлкө ичинде жалпы 247 медицина кызматкери коронавирус жуктурган. Анын ичинен 192си ооруканадан айыгып чыкты”, - деп маалымат берди. 

Бүгүнкү күнү COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 4 683 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 1534 адам жатат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)