WeChat      Избранное

COVID-19 – Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө

28/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

COVID-19 – Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, Коопсуздук кеңешинин чакан курамда жыйынын өткөрүп жатат.  Ага айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Бишкек шаарынын мэри катышууда. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди. 

Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкө аймагына коронавирус инфекциясын жайылтпоо жана Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык активдүүлүктү жандандыруу боюнча мындан аркы чаралар каралууда.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун, вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү, анын экономикага болгон кесепеттерин азайтуу жана өлкөдөгү экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматтары угулуп жатат.

Эске сала кетсек, 30-апрель күнү республиканын айрым аймактарына киргизилген Өзгөчө абал жана өлкө боюнча киргизилген Өзгөчө кырдаал режимдери соңуна чыкмакчы. Бирок, мамлекеттеги абалга байланыштуу аны узартуу же токтотуу чечимдери дагы талкууланып, кабыл алынуусу күтүлүүдө.

28-апрелге карата өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 708 адамга жетти. Кайтыш болгондор 8. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)