WeChat      Избранное

25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 1606 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн кармалды

03/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 1606 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн кармалды

Сүрөт интернеттен алынды

“Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 28-беренесине ылайык, Ушул Мыйзамдын 26-беренесинде каралган тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик кайгуул тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармалат, ал эми жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармала тургандыгын дагы бир жолу эскертебиз. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 3-апрелине карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 20.00 эртең мененки 07.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 117 жаран жеткирилип, 6 автоунаа атайын жайларга токтотулду.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 1606 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди. 

ИИМ Кыргыз Республикасынын жарандарына кайрылат жана эскертет, өзгөчө абал боюнча мыйзамдардын талаптарын бузбоого жана зарыл иштери жок болсо үйдө калууларын суранат. Ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)