WeChat      Избранное

“Жардам штабы” 1227 түз байланыш номеринде

01/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

“Жардам штабы” 1227 түз байланыш номеринде

Сүрөт интернетттен алынды

Бүгүн 1-апрель күнү Өкмөт үйүндө Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова, КРдин Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Мирлан Парханов жана ыктыярчы Урмат Насыркуловдун катышуусунда маалымат жыйыны болуп өттү. Бул жыйында “Жардам штабы” тууралуу толук маалымат берилди.

КРдин Маданият, маалымат жана туризм министри Жаманкулов Азаматтын айтуусунда, Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле активдүү жана кайдыгер эмес жарандар оор кырдаалда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, муктаж болгон социалдык аярлуу топторго, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөтүү үчүн “Жардам штабы” кыймылына биригишти. 

Муну менен эле катар, министр: “Бүгүнкү күндө азык-түлүк, коргонуу каражаттарына муктаж болгон жарандар же үй-бүлөлөр “Жардам штабына” кайрыла алышат. Ал үчүн атайын бир канча канал иштеп чыктык. Алар саат 09:00дөн 18:00гө чейин call-борбордун “1227” түз байланыш номуруна чалып кайрылуу аркылуу (чалуу акысыз), “Народный штаб-Биз барбыз” Telegram-каналы аркылуу ошондой эле мобилдик “Жардам берем” тиркемеси аркылуу жана “Штаб помощи” Facebook баракчасы аркылуу кайрылуусу зарыл”, - деп кошумчалады. 

КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова: “Биздин тизмеде катталган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 96 миң, алар азык-түлүк жардамына муктаж. Бирок азыркы ушундай оор кырдаал убагында муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн саны өсүүдө. Алар дагы бизге кайрылып, 1227 номери аркылуу социалдык жардам алса дагы болот. 111 номери аркылуу болсо психологиялык жардам ала алышат. Бишкек шаарында маалымат боюнча жетишпеген турмушта жашаган 800 үй-бүлө бар деп айтылган. Бирок, бул туура эмес. Анткени, шаардын чет жакасында жашап, жардамга муктаж болгондор дагы абдан көп экендигин билебиз. Бардыгына жардам көрсөтүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз”,-деп билдирди. 

Ал эми, КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин орун басары Мирлан Парханов: “Элдик жардам штабы муктаждарга даректүү тамак-аш жеткирүү жана таратуу боюнча ыктыярчылар үчүн кыска курстарды өткөрөт. Бүгүнкү күндө 500-600дөн ашык адамга окутуу жүргүзүлдү. Ошондой эле 150-200 айдоочу окуудан өттү. Бишкек шаарында ыктыярчылардын саны жетиштүү. Бирок, активисттерге кайрылган учурларыбыз дагы кездешет”,-деп, ыктыярчылар тобу тууралуу дагы маалымат берип өттү.   


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)