WeChat      Избранное

Аралыктан билим алууга даярдыктар кандай?

03/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Аралыктан билим алууга даярдыктар кандай?

Сүрөт интернеттен алынды

3-апрель күнү Республикалык штабдын пресс борборунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Исаков Каныбек Абдуваситович өлкөнүн билим берүү мекемелеринин аралыктан окутуу ыкмасына даярдыгынын жүрүшү тууралуу маалымат берди. 

Каныбек Абдуваситович: “Учурдагы кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри аралыктан окутуу боюнча атайын чечим кабыл алды. Бул процесс 8-апрелден баштап жүзөгө аша баштайт. Төртүнчү чейректин сабактарын мектеп окуучулары үйдөн окушат;

- министрлик түзүлгөн кырдаалдан чыгуу боюнча Антикризистик планды бекитти;

- кыргыз жана орус тилдеринде теле сабактардын бирдиктүү жүгүртмөсү түзүлдү, бул процесске Бишкек жана Ош шаарларындагы эки жүздөн ашык мугалим тартылды:

Сабактар “Баластан” (1-4-класстар), “Илим жана билим”, ЭлТР, Пирамида, 5-канал, Санат ТВ (5-11-класстар) каналдарынан көрсөтүлөт, видео сабактар ошондой эле “Кыргызстандын билим берүү ресурстары” Youtube каналына дагы жүктөлөт;

- сабактардын материалдары oku.edu.gov.kg порталына жайгаштырылат;

- мугалимдер окуучулар менен байланыш түзүүдө көнүмүш мессенджерлер жана төмөнкү платформалар колдонулат: Telegram, WhatsApp, Zoom, Google classroom;

- ЖРТны өткөрүү мөөнөттөрүн жылдыруу пландалып жатат, учурда түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен тестирлөөгө каттоо жана өткөрүү маселелери иштелүүдө. Керектүү маалыматты абитуриенттер testing.kg сайтынан ала алышат. Жарандар билим берүү министрлигинин суроолору боюнча арыз-кайрылууларын онлайн режимде kat.edu.gov.kg порталына калтырса болот. Бардык кайрылуулар автоматтык түрдө тийиштүү бөлүмдөргө түшөт”, - деп билдирди. 

Муну менен катар эле, министр студенттердин контрагы боюнча дагы суроолор көп болуп жаткандыгын айтып, ар бир билим берүү мекемесинде бул багытта атайын комиссия түзүлгөндүгүн билдирди. Социалдык жактан кыйналган, атайын жеңилдиктерге ээ болгон, же болбосо ушундай күндөрү кыйынчылыкка дуушар болгон учурларга байланыштуу контракт акысын төлөөнү азайтуу, же анын мөөнөтүн узартып берүү иштерин комиссия карап, чечим чыгарсын деген тапшырма берилгендигин маалымдады.  


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)