WeChat      Избранное

2020-жылдын 17-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 23 жаӊы учуру катталды - жалпы 489

17/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

2020-жылдын 17-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 23 жаӊы учуру катталды - жалпы 489

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 17-апрелине карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 23 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс борборунда билдирди.

Нурболот Үсөнбаев: “Жаңы катталган 23 бейтаптын ичинен Бишкек ш. – 14, Чүй облусу – 1, Ысык-Көл облусу – 2, Ош облусу – 4, Ош ш. – 2. Жаӊы катталган учурларда 15 аял, 8 эркек. Ошондо, бүгүнкү күнү Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясынын жалпы 489 учуру катталды. Анын ичинде: Жалал-Абад облусу – 93, Ош облусу – 135, Ош ш. – 73, Чүй облусунда – 28, Бишкек ш. – 102, Баткен облусунда – 5, Нарын облусу – 45, Ысык-Көл облусунда – 8 бейтап бар. 

Бир сутка ичинде 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 7, Ош облусунда – 4 (Ноокат районунда – 3, Өзгөн районунда – 1), Ош ш. – 1. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 116 учур катталды. Ал эми, жаңы айыгып чыккан бейтаптардын саны 23. Алар Ош ш. – 7, Бишкек ш. – 9, Жалал-Абад облусунан 7 адам. 

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 114 адам коронавирус илдетинен айыгып, ооруканадан чыгарылды. Стационарда – 370, алардын ичинен реанимацияда жаткандары төртөө”, - деп маалымат берди. 

Азыркы тапта, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 593 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Жакын байланыштар (I категория) – 1 612, башка байланыштар (II категория) – 5 981. Кыргызстан боюнча обсервацияда 857 адам жаткандыгы дагы маалым болду. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)