Сүрөт интернеттен алынды
2020-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйыны болууда. Жыйындын башталышында Жогорку Кеӊеште жаңыдан дайындалган Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов ант беришти. Ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты.
Мамлекет башчысы ант берген өкмөттүн жаңы мүчөлөрүн куттуктап, өз милдеттерине эң жооптуу учурда киришип жаткандыктарын билдирди.
Буга кошумча КР Президенти: “Биз үчүн эң кымбат нерсе — бул жарандарыбыздын ден соолугу жана өмүрү, - деп баса белгиледи.
Андан соң, депутаттардын суроолоруна Өкмөт өкүлдөрү жооп беришти. Мигранттар боюнча көп көйгөйлөр көтөрүлгөнү үчүн КРдин Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов толук маалымат берди.
Кубатбек Айылчиевич: “Коронавирус чыккандан баштап эле сыртта иштеп, окуп жүргөн биздин жарандарбыз жаатында Өкмөттө, тиешелүү мамлекеттик ведомстволордо иштер жүргүзүлүп келген. Айтылгандай эле, 2-февралдан баштап бүгүнкү күнгө чейин 6000ден ашык биздин жарандарыбыз башка мамлекеттерден алынып келинди. Бардыгы болуп 35 чартердик рейс аткарылды. Эң алгачкылардан болуп Кытай Эл Республикасынан студенттер алынып келингендиги маалым”, - деп билдирди.
Муну менен катар, КРдин Биринчи вице-премьер-министри учурда, Кыргызстан келүүчү жарандардын жалпы саны 4371 экендигин айтып өттү.
Ал өз сөзүндө: “Россиянын ичинен Москвада, Екатеринбургда, Новосибирскте – 2716 адам. Азыркы мезгилге чейин Россиядан, Түркиядан, БАЭ, Египеттен чартердик түз каттамдар аткарылган. Биз бул маселенин үстүндө күчөтүлгөн тартипте иштеп жатабыз. Биздин жарандарды алып келүү үчүн чартердик каттамдарды ачуу тууралуу коӊшу мамлекеттер менен туруктуу негизде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, - деп белгиледи.
последние
Рекомендация
- 1Открылась кыргызско-китайская граница
- 2«Алтынкен» ЖЧКсы COVID-19 инфекциясы менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга гуманитардык жардам берди
- 3В Кыргызстане за сутки от коронавируса скончались еще два человека
- 4Министерство здравоохранения получило очередную партию гуманитарного груза от ОсОО «Алтынкен»
- 5Өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө абал режими 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылды