WeChat      Избранное

Коронавирус кош бойлуу мезгилде жана төрөт учурунда энеден балага жугабы?

16/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Коронавирус кош бойлуу мезгилде жана төрөт учурунда энеден балага жугабы?

Сүрөт интернеттен алынды

Учурда, COVID-19 энеден балага жатын ичинде жукпайт деп эсептелет. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтында жарыяланды. 

Эгерде кош бойлуу аялда коронавирус инфекциясынын бар экендиги аныкталса, анда сактык чарасы катары, айыккандан соң аз дегенде эки жумадан кийин, баланын абалын жана өнүгүүсүн текшерүү үчүн ультра үндүү изилдөө жасалат.

Төрөттөн кийинки мезгил кандай өтөт?

Төрөттөн кийин коронавирус инфекциясы менен жапа чеккен төрөгөн аялга дарыгер жана акушер күн сайын байкоо жүргүзөт.

Төрөгөн аял үчүн сунуштар:

Төрөгөндөн кийин бир канча сааттан кийин баса баштоо керек, анткени эрте активдешүү балага кам көрүүгө жардам берет, бала менен эненин ортосундагы байланышты жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берет.

Медицина кызматкеринин жардамынан баш тартпоо зарыл (керебеттен турууга, душка жуунууга жардам берүү), анткени төрөгөндөн кийинки биринчи күндөрү алсыроо болушу мүмкүн.

Мүмкүн болушунча көбүрөөк эс алуу керек. Баланы бир канча убакытка чейин перинаталдык борбордо калтырууга болот.

 Эгерде кош бойлуу коронавирус инфекциясына шектелип же диагнозу тастыкталган болсо, баланы эмизе алабы?

Ооба, эмчек эмизүүгө болот, анткени коронавирустун эне сүтү аркылуу жугуусунун далилдери жок.

Бирок, эмчек эмизген учурда сактык чараларын көрүү керек:

- эмчек эмизүүнүн, бала менен кайсы гана болбосун байланыштын алдында, сүт сордургучту (грудной отсос) пайдаланууда колду 20 секунддан кем эмес убакыт самындап жакшылап жууп туруу;

- эмизүүнүн алдында беткап тагынуу, эмизип жаткан учурда чүчкүрүп жана жөтөлбөөгө аракеттенүү;

- эгерде баланы сүт аралашмасы же саалган сүт менен тамактандыруу сунушталган болсо, сүт сордургучту ар бир колдонуудан кийин стерилдөө жана тазалоо боюнча сунуштарды так аткаруу.

Балага коронавируска тест жасалабы?

Эгерде аял коронавирус инфекциясына шектелип же тастыкталган диагнозу менен келген болсо, анда ымыркай дагы коронавируска текшерилет.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)