WeChat      Избранное

2020-жылдын 16-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 17 жаӊы учуру катталды-жалпы 466

16/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

2020-жылдын 16-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 17 жаӊы учуру катталды-жалпы 466

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 16-апрелине карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 17 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс борборунда билдирди.

Нурболот Үсөнбаев: “Жаңы катталган 17 бейтаптын ичинен Бишкек ш. – 5, Ош облусу – 1, Нарын облусунда – 11. Жаӊы катталган учурларда 7 аял, 10 эркек. Бир сутка ичинде 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 4, Нарын облусунда – 1. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 104 учур болду. 

Кыргызстанда тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жалпы 466 учуру катталды. Анын ичинде: Жалал-Абад облусу – 93, Ош облусу -131, Ош ш. – 71, Чүй облусунда – 28, Бишкек ш. – 87, Баткен облусунда – 5, Нарын облусу – 45, Ысык-Көл облусунда – 6. Жалпы катталган учурлардын ичинен – 251 аял, 215 эркек. Стационарда – 370, алардын ичинен реанимацияда – 4”, - деп маалымат берди. 

Бир сутка ичинде жалпысынан 13 адам айыгып, Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 91 бейтап ооруканадан жакшы болуп чыккандыгы белгилүү болду. Алардын ичинен Ош ш. – 2, Бишкек ш. – 3, Нарын облусу – 4, Ысык-Көл облусу – 4 киши экендиги айтылды. 

Учурда, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 537 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Жакын байланыштар (I категория) – 1 556, башка байланыштар (II категория) – 5 981. Кыргызстан боюнча обсервацияда 872 адам жатат.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)