WeChat      Избранное

Кыргыз-кытай достук мамилелеринин далили-КЭР КРга гумжардам жөнөттү

09/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргыз-кытай достук мамилелеринин далили-КЭР КРга гумжардам жөнөттү

Сүрөт интернеттен алынды

8-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кытай Эл Республикасынан коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн алынып келинген гуманитардык жүктү өткөрүп берүү аземи болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилованын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэньдин, КРдагы КЭР элчилигинин Соода жана бизнес боюнча кеңешчиси Ли Юэнин катышуусунда өттү.

Ду Дэвэнь айым өз сөзүндө: “Кыргыз-кытай элдеринде дагы  “Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык” деген макал бар. Ушундай кырдаалда эки коңшу өлкө бир-бирине колдоо көрсөтүп, жардам берип жатканы  ар тараптуу кыргыз-кытай стратегиялык мамилелеринин жогорку деңгээлинин ачык көрүнүшү. Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин башында турган КПК Борбордук комитетинин мыкты башкаруусунун алдында Кытай бул эпидемия менен болгон күрөштө жеңишке жетише алды. Вирус чек ара дегенди билбейт. Ошондуктан, бүгүнкү күнү бүтүндөй мамлекеттер бир-бирин колдоп, эпидемияга каршы биригип күрөшүүсү зарыл. Кытайдын жана Кыргызстандын элдери биргеликте бул кыйынчылыктарды жоюшмакчы”,-деп билдирди. 

Ал эми, Вице-премьер министр Аида Исмаилова болсо өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө көрсөтүлгөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Жеке коргонуу каражаттары медициналык кызматкерлерге жана алгачкы медициналык-санитардык көмөк көрсөтүүчү жактарга бардык чакырыктарга ыкчам, коопсуз түрдө жооп кайтарууга жана коронавирустун жайылышына каршы турууга мүмкүндүк берет. Жеке коргонуу каражаттары медициналык мекемелерге жана чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттарына жөнөтүлөт», - деп белгиледи ал.

Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына берилген гуманитардык жардамдарга төмөнкүлөр кирет: медициналык кызматкерлер үчүн жалпы суммасы 640 000 кытай юаны, же болжол менен 7 млн 690 миң сом эсептелген ПЧР-диагностикалоонун реагенттери, жеке коргонуу каражаттары (бир жолку комбинезондор, термометрлер, медициналык көз айнектер, кол каптар жана бахилалар).

Мындан мурда коңшу өлкөдөн Кыргыз Республикасына COVID-19 дартын аныктоочу 21 000 даана экспресс-тесттер берилген.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)