WeChat      Избранное

2020-жылдын 9-апрель күнүнө карата чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктар арасында коронавирус менен катталган 23 учур тастыкталды

09/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

2020-жылдын 9-апрель күнүнө карата чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктар арасында коронавирус менен катталган 23 учур тастыкталды

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 9-апрель күнүнө карата чет мамлекеттерде жүргөн кыргызстандыктар арасында коронавирус менен катталган 23 учур тастыкталды. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Ниязалиев Нуран Республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Нуран Ниязалиев: “Бул 23 учур айта турган болсок, Бириккен Араб Эмирлигинде үчөө илдетти жуктурган, бирок бирөө айыккан. Пакистанда 7, Индияда 1, Испания 1 жаран, Малайзияда 4 студент, алардын бирөө айыгып, ооруканадан чыгарылган, үчөө да айыкты, жакында ооруканадан чыгарылат”, - деп айтып өттү. 

Ошондой ал кошумчалагандай, АКШда 8 кыргыз жараны коронавирус илдетин жуктуруп алды деген шек менен үйлөрүндө кармалууда.

“Казакстанда коронавирус жуктуруп алган кыргыз жарандары 6-апрелде өлкөгө алынып келинген жана обсервацияга жаткырылган. Ошондой эле Кыргызстанга 6-апрелде келген 17 жарандын ичинен 7 адамда коронавирус аныкталды", - деп билдирди Ниязалиев.

Ниязалиев Нуран: “Учурдагы кырдаалга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги тарабынан бир нече артыкчылыктуу багыттар боюнча иштер  жүргүзүлүп жатат. Бул албетте, чет өлкөдөгү биздин жарандарга жардам көрсөтүү, эл аралык коомчулуктун көмөктөшүүсүн тартуу, негизги өнөктөш менен соода-экномикалык мамилелерди сактоо болуп эсептелет. Азыркы тапта, чет мамлекеттердеги кыргызстандыктар менен иштешүүгө дагы өзгөчө көңүл бурулууда. 20-марттан тарттып Тышкы иштер министрлигинде чет өлкөдөгү биздин жарандарды ата-мекенине кайтарып келүү, аларга жер-жерлерде көмөк көрсөтүү боюнча атайын штаб түзүлгөн. Ыкчам байланыш линиялары аркылуу биздин жарандарга консультациялар берилүүдө”-, деп маалымат берди.  

Анын айтымында, чет жердеги жарандардын саны, кайсы жакта экендиги боюнча маалыматтар бар. Акыркы учурда чет жерден өлкөгө 2 миң 719 жараны алынып келген. Азыркы тапта, көптөгөн мамлекеттер өзүнүн аба мейкиндигин жапкандыктан, чартердик каттамдарды уюштуруу, жарандарды алып келүү мүмкүн болбой жаткандыгы белгилүү болду. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)