WeChat      Избранное

Кытай Эл Республикасынан ПЦР 84 тест-топтому кабыл алынмакчы

05/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Кытай Эл Республикасынан ПЦР 84 тест-топтому кабыл алынмакчы

Сүрөт интернетттен алынды

“2020-жылдын 5-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 3 адам катталды. Жалпы -147. Жаңы катталган 3 учур тең Бишкек шаарынан, - деп билдирди КР Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов Республикалык штабдын пресс-борборунда. 

Муну менен катар эле, ал: “Республикага ПЦР үчүн тест-системалардын 5 топтому келип түшкөн, алар лабораторияларга жеткирилген. Тест-системалардын ар бир топтому 220 изилдөөнү жүргүзөт,  жалпысынан 1100 талдоону жасай алат. Бүгүн жакшы жаңылык бар, биз Кытай Эл Республикасынан ПЦР 84 тест-топтомун кабыл алабыз. Мындан тышкары, кийинки жумада Белорусиядан 90, Түркиядан 350 тест-системалардын топтомун күтүп жатабыз. Ошону менен биз тест-системасы боюнча көйгөйлөрдү чечип алдык”, -деп маалымат берди. 

Бүгүн Казакстанда Кыргыз Республикасынын төрт жаранынан Сovid-19 аныкталып, алардын бардыгы инфекциялык стационарга жайгаштырылгандыгы белгилүү болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, 4-апрелде Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 80 жаштагы бейтапта COVID-19 вирусу тастыкталып, биологиялык өлүм аныкталды.

“Бейтап чет өлкөдөн Кыргызстанга кайтып келген, стационардык обсервацияда клиникалык көрсөткүчтөр боюнча дарыланып жаткан. Бейтап ооруканага жаткырылгандан бери республиканын алдыңкы медициналык адистеринен кеңеш алып, тиешелүү дарылануу жүргүзүлгөн. Бирок, бейтаптын ЭКГда миокарддын курч инфарк көрсөткүчү менен абалы чукул өзгөргөн. Жүргүзүлгөн ыкчам терапияга карабастан, бейтап каза болду”, - деп айтылат маалыматта. 

Бишкек шаарында өткөн сутка ичинде коменданттык саатты 83 адам бузган. Алардын ичинен, 75 эркек, 8 аял.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)